Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын КЕЗЕКСИЗ ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУНУН СЕССИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

         Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын чоң жыйындар залында 2024-жылдын 21-февралында  “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзам долбоорун талкуулоо жана “КР УИАнын Ардактуу академиги наамын ыйгаруу жөнүндө” маселелер тууралуу кезексиз жалпы чогулушу кворумдун негизинде болуп өттү.

        Жалпы чогулуштун сессиясын КР УИАнын Президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абдрахматов ачып, кезексиз жалпы чогулуштун сессиясынын чакырылгандыгынын себебин түшүндүрдү жана илимдер академиясы боюнча мыйзам долбоорун талкулап, чогулуштун токтому менен кабыл албаса, кеч болуп кала тургандыгына токтолуп өттү.

        Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентитнин кеңешчиси, корреспондент мүчө, юридика илимдеринин доктору, профессор Б. И. Бөрүбашов чыгып баяндама жасап, мыйзам долбоору боюнча кеңири маалымат берди.

        Мыйзам долбоору боюнча суроолорду берип, талкуулаганга; К.Ж. Бөкөнбаев, Н. Саралаев, С. Мусаев, Р. Оморов, А. Асанканов ж.б. окумуштуулар катышты.

        Талкуу кызуу өтүп үч  саатка жакын талаш-тартышты тактай турган сунуштар, талаптар айтылды. Берилген суроолорго баяндамачы илимпоз юрист  Б.И. Бөрүбашов татыктуу жана түшүнүктүү жооп берди.

        Сессияны алып барган КР УИАнын Президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматов биринчи маселе боюнча көпчүлүктүн пикирин сурады эле, жалпы катышкандар “мыйзам долбоору кабыл алынсын” деп сунушталган  токтомду бир добуштан колдошту.

        Күн тартибиндеги “КР УИАнын Ардактуу академиги наамын ыйгаруу жөнүндө” экинчи маселе боюнча  КР УИАнын Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери  бөлүмүнүн  төрагасы, корреспондент-мүчө, К.Т. Шалпыков  маалымат берди. Баяндамада айтылган Н. Касиевдин берген арызынын негизинде ага  КР УИАнын Ардактуу академиги наамын ыйгаруу маселеси боюнча бир добуштан токтом кабыл алынды.                                                                     

        Күн тартибиндеги эки маселе каралып бүткөн соң кезексиз жалпы чогулуштун сессиясын КР УИАнын Президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абдрахматов жабык деп жарыялап, келген окумуштууларга ийгилик, ден соолук каалады.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер