Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУНУН ЖЫЛДЫК СЕССИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, “2023-жылдагы илимий-изилдөө жана илимий-уюштуруу иштеринин жыйынтыгы боюнча” Жалпы чогулушунун жылдык сессиясы болуп өттү. 

         Жалпы чогулуштун алдында академиянын илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү болду. Көргөзмөгө окумуштуулар, жалпыга  маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

          Саат  10:00 дө КР УИАнын Жалпы чогулушунун жылдык сессиясы ачылар алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Вице-Президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич чогулушка академиктер жана корреспондент мүчөлөр катышып жаткандыгын кворум бар экендигин, сессияга мындан тышкары окуу жайлардын ректорлору, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып жаткандыгын айтып, жыйынды ачык деп жарыялоо боюнча добуш берүүнү сурады. Ачык добуш берилип, баары макул болушту. Андан  соң Кыргыз Республикасынын Улуттук Гимни салтанаттуу түрдө аткарылды.

         Вице-президент Ч. И. Арабаев доклад жасоо үчүн КР УИАнын президенти корреспондент-мүчө К. Е. Абдрахматовго сөз берди.

        Экинчи докладды  КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, корреспондент-мүчө Б.М. Худайбергенова жасады.

         Академиянын финансы-экономикалык иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Y.Ы. Абдылдаева академиянын 2023-жылдын жыйынтыгы, 2024-жылдыгн бюджети тууралуу маалымат берди.

         Ал ортодо Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик И. О. Ибраимов, академик Ш. Жоробекова академиянын президентине ар кандай  суроолорду берип, кайра татыктуу жоопторду алышты.

 

Андан кийин сөзгө чыккан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Э. Ж. Байсалов сессиялык чогулушка катышкан окумуштууларга, аксакал академиктерге ак тилек коштогон каалоосун айтып, Өкмөт окумуштууларга көңүл бөлө тургандыгын билдирип кеңири сөз сүйлөдү.

         Ал эми  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева  илим-билим багыты, грант ж.б. маселелер боюнча баяндама жасады.

Жарыш сөздөргө чейин окумуштуулар;  М.М. Кидибаев, М.С. Жуматаев, Р. Оморов, А. Акматалиев, А. Асанканов, Б. Бөрүбашов, С. Мусаев сөз сүйлөшүп, суроолорду беришти жана сунуштарын айтышты.   

Жарыш сөзгө чыккан КР УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кеңешчиси  А.А. Айдаралиев  болсо, “Жасалма интеллект: Кыргыз Республикасындагы өнүгүү келечеги” аталышында айтылган кошумча сунуш пикирлерди кошуп доклад жасады.  

Сессиялык чогулуш узакка созулуп, аяк жагында академик О. А. Тогусаков токтомду окуду. Чогулушка катышкан окумуштуулар жылдык-отчеттун кабыл алынгандыгын билдиришип, макулдугун беришип, токтомду бир добуштан кабыл алышты.

Вице-президент Ч. И. Арабаев окумуштуу врач Н. Касиевге Ардактуу академик наамын ыйгарылгандыгын жарыялап, анын негизинде Н. Касиев ыраазычылык сөзүн айтып, дипломун алып, жалпы баарына ийгилик каалады.

          КР УИАнын президенти, корреспондент-мүчө К. Е. Абдрахматов жалпы чогулушка катышкандарга ыраазычылыгын билдирип, сессияны жыйынтыктады.

 

 

 

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер