Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
8-МАРТ –АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДАГЫ СУЛУУЛАР ЖАНА ЧЕБЕРЛЕР КОНКУРСУ

2024-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын  руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” (29.01.2021. ПЖ №1)  Жарлыгынын алкагында 8-март – аялдардын эл аралык майрамына карата “Академиянын асылзат айымдары” аттуу майрамдык иш чара болуп өттү.

          Институттар аралык  жыл сайын өткөрүлө турган бул иш чара КР УИАнын Президиуму, Профсоюз уюму жана Жаштар уюму  тарабынан өткөн жылдары негизделген.

          Иш чараны академиядагы  профсоюз уюмунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты  Арзыбаев Тыныстан Кадырович ачып, КР УИАнын Вице-президенти, юридика илимдеринин доктору, академик  Чолпонкул Исаевич Арабаевге сөз берди.

          Ч.И. Арабаев сулуулар конкурсуна ылайыкталган иш чарага катышкан айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап, алардын иштерине ийгилик, өзүлөрүнө ден соолук, узак өмүр, тынчтык, жакшылык каалады.

          Андан кийин алып баруучу Т. К. Арзыбаев Академиянын асылзат айымдары” майрамдык иш чаранын программасы менен тааныштырып, калыстар тобунун мүчөлөрүн сунуш кылуу жөнүндө айтты.

          Катышкандардын сунушу менен Калыстар тобунун мүчөлөрү дайындалып, төрагалыгына Рыспеков Эсембек Казымбекович шайланды да алар биринчи катардан орун алышты.

          Программа боюнча катышкан сулууларга 5 тапшырма берилди.

          Шарт боюнча алар: Өзүлөрүн, жумушун, хоббисин ж.б. сапаттарын тааныштырат, анан кийимдери боюнча айтышат, каалаган ырын ырдайт, бийлейт же музыкалык аспапта ойноп берет – актёрдук таланты  бааланат. Тамак жасоо боюнча өз чеберчилигин көргөзүшөт жана калыстар тарабынан берилген кагаздагы суроолорго жооп беришет.

          Иш чара 2 саатка созулуп, анын жыйынтыгы чыгарылды. Тактап айтканда Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунан катышкан Райым кызы Альбина 1- орунга, биология институнан  Усенбек Таңсулуу  менен Э. Гареев атындагы институттан катышкан  Бейшенова Саясат 2-орунга, химия-технология институтунан катышкан Карабекова Аида 3-орунга,  машина таануу, автоматика институтундагы Архимед борборунун директору Орозалиева Каныкей 4 орунга татыктуу болгондугун калыстар тобунун төрагасы Э.К. Рыспеков жарыя кылды.

          Иш чараны академиянын профсоюз уюмунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты Т. К. Арзыбаев жыйынтыктап эртеңки майрамы менен айымдарды дагы бир жолу куттуктап, катышкандарга ийгилик каалады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер