Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДАГЫ УЛУСТУН УЛУУ КҮНҮ – НООРУЗ МАЙРАМЫ

2024-жылдын 20-март  Улустун улуу кунүнө карата,  Нооруз майрамы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын  Президентинин колдоосу менен масштабдуу белгиленди. Кесиптик бирлик комитети менен Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмү уюштурган салтанатту иш чарага баардык  институттар катышышты.

Умай эненин образындагы химия институтунун библиотекасынын кызматкери Калый Нукенова          

“Алас, алас, алас,

 Ар балээден калас.

 Айдан аман, жылдан эсен бололу.

 Жакшылыкты Теңир берди,

 Жарык күндү кеңири берди,

 Орообуз данга толсун!

 Оозубуз нанга толсун! – деп аластап, арча түтөтүп, Биотехнология институтунун директору, академик Жунушов Асанкадыр Темирбекович ак батасын берип,  Улуттук илимдер академиясынын президенти, мүчө-корреспондент Абдрахматов Канатбек Ермекович “Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Эң негизгиси касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун,  «жакшы тилек -жарым ырыс» – дегендей, ар бирибиздин жүрѳгүбүздѳ  ыйман, жүзүбүздѳн жылмаю кетпесин. Нооруз элибизге тынччылыкты, токчулукту, молчулукту, ар бирибиздин үй-бүлѳбүзгѳ бакыт-таалайды, кажыбас кайратты, иштерибизге ийгиликтерди  алып келсин”-деген калоо тилектерин билдирип Нооруз майрамын ачып берди..       Майрамдык салтанатты академиянын Кесиптик бирлик комитетинин  төрагасы  Тыныстан Арзыбаев катышкан илимпоздорду жана келген меймандарды Улустун улуу күнү-Нооруз майрамы менен куттуктоо менен бирге иш- чаранын жүрүшү менен тааныштырып.  Майрам башталып, биринчи Улуттук каада-салттардан алынган кыскача сценкалар көрсөтүлүп, кыз узатуу, тушоо кесүү, бешикке бөлөө жана башка ушул сыяктуу жерөлгөлөр боюнча ар бир институт өзү тандаган темаларын тартуулоо менен  улуттук тамак-аш, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, ар бир институттун талантары өздөрүнүн чыгармаларын тартуулашты .

       Калыстар чечими менен баардык катышуучуларга номинациялар боюнча орундар белгиленип, байгелер төмөндөгү катышуучуларга тапшырылды:

 

       УЛУТТУК КААДА САЛТ БОЮНЧА;

  1. Тарых институту
  2. Тил адабият институту
  3. Химия институту

 

ТАМАК-АШ ДАЯРДОО БОЮНЧА;

  1. Химия институту
  2. Автоматика машина куруу институту
  3. Мамлекеттик укук институту

 

       ЫР-БИЙ БОЮНЧА;

  1. 1. Мамлекеттик укук институту
  2. Химия институту
  3. Математика институту
  4. Философия институту

 

УЛУТТУК КИЙИМДЕР БОЮНЧА

  1. Химия институту
  2. Академиянын Президиуму
  3. Тил адабият институту
  4. Мамлекеттик укук институту

 

         Майрамдык иш-чаранын аягында жалпы эле көрүүчүлөргө сый тамак берилди. Алар даам сызышып, УИАнын жамаатына жакшы тилек жана ыраазычылыктарын айтышты.

Жыйынтыктап айтканда, бул жылкы Нооруз майрамы Улуттук илимдер академиясында жогорку деӊгээлде белгиленип, келген ар бир адамдын көӊүлү көкөлөп, жакшы маанайда кайтышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер