Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА КЕЛДИ

2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович, Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушууга келишти.

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Н. Т. Шакиев окумуштуулар менен жолугушууга чейин академиядагы кол жазмалар фондуна кирип, андагы кол жазмалардын абалы менен таанышты.

         Жолугушууну КР УИАнын Президенти, корреспондент-мүчө К. Е. Абдрахматов ачып,  Жогорку Кеңештин төрагасы   Н. Т. Шакиевге сөз берди.

Спикер катышкандарды келе жаткан Улустун улуу күнү – Нооруз майрамынын алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуу бекеринен эмес экендигин, өзү дагы илимпоздорду сыйлап келүүгө камданып жүргөн иш сапары бүгүнкү күнгө туш келгенин айтты.

Ал өз сөзүндө илим-билим өнүкмөйүнчө өлкө артта кала тургандыгын, 30 жылдан бери илим-билимге анча көңүл бөлүнбөй келгендигин   айтып, азыркы жалпылашуу (глобализация) доорунда илим-билимсиз жашоо мүмкүн эместигине токтолду. Кол жазмалар фондундагы материалдарды санариптештирбесе кийин Тоголок Молдо, Сагынбай. А. Осмонов ж.б. кол жазмалары жок болуп кете тургандыгын, бул маселеде мамлекет жардам бере тургандыгын билдирди. 

Муну менен катар жыйын суроо-жооп иретинде уланып, Улуттук илимдер академиясында эмгектенгендердин айлык маянасы өтө аз экени негизги көйгөй катары көтөрүлдү. Андан тышкары, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана академиянын материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери да айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев айтылган ар бир маселе боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн белгилеп, анын ичинен окумуштуулардын айлык маянасын жогорулатуу талабына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Жолугушуунун алкагында Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясына заманбап компьютер каражаттарын белек кылды.

Андан кийин КР Билим берүү жана илим министри  Д.Ш. Кендирбаева сүйлөп, жарыкка чыккан көп китептерде илимий анализ жок экендигин, мектепке чейинки мекемелер боюнча проблемалар бар экендигин жана дүйнөлүк деңгээлдеги суу маселесинин тартыштыгы боюнча изилдөөлөр жүрүп жаткандыгын айтты.

Сөз кезегинде филология илимдеринин доктору, академик А.А. Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, корреспондент мүчө, юридика илимдеринин доктору, профессор Б. И. Бөрүбашов, Академик, филология илимдеринин доктору, профессор С. Мусаев, КР УИАанын вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Ч.И. Арабаев, Философия илимдеринин доктору Н. Саралаев, Ш. Ж. Ибраимова, М.А. Токтоболотов академияда иштегендердин айлык акысынын аздыгы, мыйзамдарды сапаттуу чыгарбаса болбой тургандыгын, академия жөнүндө мыйзамды академиядагылар жазбай  тиешеси жоктор жазгандыгы туура эмес экендигин, базалык мыйзамга кош көңүл карабоо керектигин бул боюнча спикер көзөмөл кылаарына ишене тургандыгын  айтышты. 

Жолугушуунун соңунда айтылган сөздөргө жана берилген суроолорго Жогорку Кеңештин төрагасы   Н. Т. Шакиев жооп берди жана илимпоздорду Нооруз майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик өлкөгө тынчтык каалады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер