2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, мүчө-корреспондент Абдрахматов Канатбек Ермекович жана Крым илимдер академиясынын аймактар аралык коомдук уюмунун президенти, мүчө-корреспондент Паштецкий Владимир Степанович илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө кызматташуу ниети жөнүндө протоколго кол коюшту.
Кызматташуунун максаттары: кызматташтык Крым илимдер академиясынын ишмердүүлүгүнө кирген КР жана РФ аймактарынын окумуштууларынын, изилдөөчү-адистеринин, иштеп чыгуучуларынын чыгармачыл жана ишкер байланыштарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Кызматташтыктын багыттары: илимий-технологиялык чөйрөдө, өз ара кызыккан илимий-технологиялык билимдерди талдоо жана жайылтуу жана маалымат алмашуу, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарында эксперттик коомчулуктуктардын тармагын түзүү болуп саналат. Маалымат чөйрөсүндө технологиялар трансферинин алкагында инновациялык долбоорлор, сунуштар жана технологиялык суроо-талаптар жөнүндө маалымат алмашуу.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1337