2024-жылдын 27-мартында Улуттук илимдер академиясынын чакан жыйындар залында “Мамлекеттүүлүктүн башатында илим-билимдин орду” аттуу жаш окумуштуулардын илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Конференциянын жүрүшүн химия илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы Э. А. Аламанова алып барды.
Жаш окумуштуулардын конференциясында КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы, саясий илимдердин доктору Т.Б. Мамытов Кара Кыргыз автономиялуу облусунун негизделишинин 100 жылдыгынын тарыхы боюнча кеңири айтып берди.
КР УИАнын Профсоюз комитетинин төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты Т. Арзыбаев “Илимдин башаты келечектин ачкычы”, КР УИАнын Биология институтунун лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору А. Усупбаев “Биология илиминин илим катары калыптануудагы басып өткөн жолу”, КР Юстиция министрлигини алдындагы Пробация департаментинин бөлүм башчысы А. Ш. Карабеков “Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жолу”, Бишкек инновациялык колледжинин 2-курсунун студенти А. Дүйшеналиева, “Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн укуктук негиздери”, КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери П. Абдыбаева, Кара кыргыз автономиялуу облусунун мезгилинде адабиятка болгон мамиле”, КР УИАнын Сейсмология институтунун илимий кызматкери Ж.К. Калысова, “Кыргызстандагы сейсмология илиминин өнүгүү тарыхы” аталышындагы баяндамаларды жасашты.
Конференцияда аталган баяндамалар боюнча талкуулар жүргүзүлдү, суроого жооптор алынып конференция соңуна чыкты.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 6251