Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН НЕГИЗДЕЛИШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

2024-жылдын 27-мартында Улуттук илимдер академиясынын чакан жыйындар залында “Мамлекеттүүлүктүн башатында илим-билимдин орду” аттуу жаш окумуштуулардын илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүн химия илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы Э. А. Аламанова алып барды.

Жаш окумуштуулардын конференциясында КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы, саясий илимдердин доктору Т.Б. Мамытов Кара Кыргыз автономиялуу облусунун негизделишинин  100 жылдыгынын тарыхы боюнча кеңири айтып берди.  

КР УИАнын Профсоюз комитетинин төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты Т. Арзыбаев “Илимдин башаты келечектин ачкычы”,  КР УИАнын Биология институтунун лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору А. Усупбаев “Биология илиминин илим катары калыптануудагы басып өткөн  жолу”,  КР Юстиция министрлигини алдындагы Пробация департаментинин бөлүм башчысы А. Ш. Карабеков “Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жолу”, Бишкек  инновациялык колледжинин 2-курсунун студенти А. Дүйшеналиева, “Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн укуктук негиздери”, КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери П. Абдыбаева, Кара кыргыз автономиялуу облусунун мезгилинде адабиятка болгон мамиле”, КР УИАнын Сейсмология институтунун илимий кызматкери Ж.К. Калысова, “Кыргызстандагы сейсмология илиминин өнүгүү тарыхы” аталышындагы баяндамаларды жасашты.

Конференцияда аталган баяндамалар боюнча талкуулар жүргүзүлдү, суроого жооптор алынып конференция соңуна чыкты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер