Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨ КОДЕКСИНИН ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чакан жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Үй-Бүлө Кодексинин жаңы редакциясынын долбоору   боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Г.М. Баатырова ачып, сөз сүйлөдү.

Андан кийин КР УИАнын вице-президенти, академик Ч.И. Арабаев жыйынды өткөрүүнүн негизги максаты, жумушчу топтун бул мезгилге чейин жасаган иштери боюнча айтып, кодекс кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, нарк-насилин сактай турган деңгээлде азыркы замандын талабына жараша жазылганын айтып, долбоордун бет ачар аземин ачып, баяндама жасоо үчүн сөздү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын  жетекчиси Б. Б. Тодогелдиевге сөз берди.

Баяндама жасоочу Б.Б. Тодогелдиев жумушчу топтун уюшумдуу иштегенине чоң салым кошкон академик, вице-президент  Ч.И. Арабаевге  топтун атынан ыраазылык билдирип, Кодекс боюнча катышкандарга кеңири түшүндүрдү.

Үй-бүлө кодекси боюнча жаңы редакциясынын долбоорунун    талкуусуна юридика илимдеринин кандидаты Мамлекет жана укук институтунун директору А. Алтыбаева, тарых илимдеринин доктору С. Кайыпов, К. Молдокасымов, М. Иманкулов ж.б. катышкандар өз сунуш, пикирлерин айтышты.

Жыйындын бет ачар аземинин жүрүшүндө берилген суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Б.Б. Тодогелдиев,  КР УИАнын вице-президенти, академик Ч. И. Арабаев жооп берип, аларга бүдөмүк сыяктуу болгон беренелер боюнча  түшүндүрүштү.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Г.М. Баатырова Үй-бүлө кодексинин долбоорун даярдоо үчүн Ички иштер министрлигинен, Юстиция министрлигинен, Билим берүү жана илим министрлигинен ж.б. тармактардан бириккен жумушчу топко ыраазычылыгын билдирип, жыйынга катышкандардын ишине ийгилик каалады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер