2024-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин өз ара кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон салтанаттуу иш чарасы болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абдрахматов, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору А. Т. Абдраева катышты.
Келишимге кол кою салтанатында КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А. А. Акматалиев, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору А. Т. Абдраева, филология илмдеринин доктору, академик С. Мусаев, КР УИАнын президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абдрахматов сөз сүйлөдү.
Келишимге кол кою салтанаты башталып, эки тараптуу келишимге КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А. А. Акматалиев, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору А. Т. Абдраева кол чабуулардын коштоосунда кол коюшуп, мөөрлөрүн басышты.
Салтанаттын соңунда окуу жайдын ректору А. Т. Абдраева, Тил жана адабият институтунун директору, академик А. А. Акматалиевге окуу жайдан белекке берилген 3 даана компьютерди тапшырды.
Иш чараны жыйынтыктаган академик А. А. Акматалиев катышкандарга терең ыраазычылыгын билдирди.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 15070