Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ЖАНА РОССИЯ ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН СИБИР ФЕДЕРАЛДЫК АГРОБИОТЕХНОЛОГИЯЛАР ИЛИМИЙ БОРБОРУНУН ФЕДЕРАЛДЫК МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТТИК ИЛИМ МЕКЕМЕСИН МЕНЕН ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ

2024-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Россия Илимдер академиясынын Сибирь федералдык агробиотехнологиялар илимий борбору (РАН СФНЦА) илимдин федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси жашоо илимдери, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, прибордук жана эксперименталдык-техникалык өз ара аракеттенүү жаатында Тараптардын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташуу, өз ара аракеттенүү жана биргелешкен илимий-техникалык ишмердүүлүк жөнүндө макулдашуу түзүштү.

Макулдашуунун максаттары: илимий билим, топтолгон тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, биргелешкен лабораторияларды түзүү, илимий-практикалык жана методикалык сунуштарды иштеп чыгуу; адистерди жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун, кесиптик кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун келечектүү багыттарын аныктоо; жер иштетүүнү башкаруунун санариптик системаларын изилдөө; агрохимияны жана анын системалардын туруктуулугуна тийгизген таасирин изилдөө; өсүмдүктөрдү коргоо маселелерин изилдөө жаатындагы кызматташтык; жаныбарлардын ооруларын изилдөө жана гистологиялык изилдөөлөр жаатында ветеринария багыты боюнча кызматташуу; дары өсүмдүктөрдүн экинчи метаболиттерин изилдөө жаатындагы, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн селекция, жаныбарларды жана айыл чарба өсүмдүктөрүн селекция, жапайы жана маданий формаларды алмашуу жаатындагы биргелешкен илимий-техникалык иш; биргелешкен басма ишин өнүктүрүү, маалыматтык билим берүү ресурстарын өз ара алмашуу ж. б.

Илимий-техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга КР УИАнын президенти Абдрахматов Канатбек Ермекович жана “Россия Илимдер академиясынын Сибирь федералдык агробиотехнологиялар илимий борбору” федералдык мамлекеттик бюджеттик илим мекемесинин директору Голохваст Кирилл Сергеевич кол коюшту.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер