Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Тажибаев Кушбакали Тажибаевич жана техника илимдеринин кандидаты Тажибаев Данияр Кушбакалиевичтин илим тармагындагы көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы өз жемишин берди.
Илим жаатында жаңы ачылыш алып келген илимпоздордун “Тектоникалык жер титирөөлөрдү болтурбоо ыкмасы” деген темадагы илимий эмгеги жогору бааланды.
Анын илимге керектиги аныкталып, Евразия патенттик уюму тарабынан патент берилди (Евразиялык патенттик уюму, No045700, 2023-жылдын 18-декабры, Москва шаары). Бул илимий эмгек илим жаатына зор ийгилик алып келеринде шек жок.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 18840