Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУМУШТУУЛАРДЫН КОСМОСКО КОШКОН ЗОР САЛЫМДАРЫ (Слово Кыргызстана ISSN 1694-5492 12.04.2024)

1961-жылдын 12-апрелинде Юрий Гагарин адамзат тарыхына жаңы доорду ачып, жаңылык киргизген. Анын башкаруусу астында“Восток” спутниги орбитага чыгарылып,  Жер шарын 108 минутада айланып чыккан.

         Ошондон бери жер жүзүндөгү өлкөлөрдүн окумуштуулары  галактиканын сырдуу мейкиндиктерин терең изилдөөгө  киришишкен. Советтер Союзунун составына кирген  Кыргызстан да бул ачылыштан сыртта калбай дүйнөлүк космостук өнөр жайынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон жана да кошуп келүүдө.  

          Космос – илимдеги  эң негизги тармак.  Бул тармакты  өздөштүрүүгө биздин окумуштуулар чоң  салым  кошуп келишүүдө. Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги Олег Алимовдун жетекчилиги астындагы адистердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 1976-жылы «Луна-24» станциясы тарабынан Союзга биринчилерден болуп Айдын топурагы  алынып келинген.

О.Алимов ошондой эле космостогу уникалдуу  эксперименттерди жүргүзүүгө  жана даярдоого («Венера-13», «Венера-14», «Вега-1», «Вега-2») активдүү катышкан.

         Физика-математика илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын профессору Мурзабек Иманалиевдин эмгектери космостук жана аскердик-техникалык тармактарда азыркы учурда кеңири колдонулууда.

         Фармаколог, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Алтымышев медицинанын практикасына фитоадаптогендерди – чөптөн жасалган препараттарды иштеп чыккан  жана киргизген.   Мына ушул илимий эмгеги үчүн, тактап айтканда, космонавтикага сиңирген эмгеги үчүн Арстанбек Алтымышев С. Королев атындагы медаль менен сыйланган. Ойлоп табууларынын арасында табигый – «гипкос», «гипрекс», «даугил»  заттары бар. Кыргыз ССРинин академик А. Алтымышев жетектеген Илимдер академиясынын фармакология бөлүмү орбитада космонавттардын саламаттыгын сактоо боюнча бир топ иштерди аткарып келген.

         Белгилүү академик Асылбек Айдаралиевдин эмгектери авиация жана космос медицинасында көптөгөн ийгиликтерге жетишип,  ошондой эле космонавттардын учууга чейинки даярдоосуна активдүү катышты. А. Айдаралиевдин    Москвадагы Космос жана авиациялык медицина институтунда  докторлук диссертациясы жактырылып, сиңирген эмгектери үчүн ал Эл аралык Астронавтика академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

      

Жаш окумуштуу Нурлан Усубалиев 2016-жылы Роскосмостун сынагынын   жеңүүчү болуп, өнүккөн космостук технологиялар тармагындагы жетишкендиктери үчүн таанылган. Анын изилдөөсү жүздөгөн эмгектин эң мыктыларынын катарына кирген.  

 Кыргызстандагы илимпоз кыздар  тарабынан Кыргызстандын биринчи спутниги жасалып,  аны учуруу максатында талыкпай эмгектенип жатышат. 2019-жылы  NASAнын инженери Камилла Уордроп Аллейн өлкөбүзгө келип, аялдар командасына өздөрүнүн кыялдарын ишке ашырууга жардам берээрин айткан.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер