2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти К.Е. Абдрахматов Кытай Эл Республикасынын илимдер академиясынын Вице-президенти ZHANG Yaping мырза башында турган Кытай илимдер академиясынын делегациясын кабыл алды.
КЭР ИАнын Вице – президенти ZHANG Yaping мырза белгилегендей, Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасы тамыры терең, боордош кошуна өлкөлөр болуп саналат. Анын Кыргызстанга болгон сапарынын максаты ⎻ достукту чыңдоо жана экология тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү.
Ал ошондой эле КЭР ИАсы менен КР УИАнын ортосундагы макулдашуу боюнча эл аралык илимий кызматташтыктын алкагында, тактап айтканда, Орто Азиянын экология жана айлана-чөйрө илимий-изилдөө борбору жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Кытай борбору аркылуу жаш адистер менен тажрыйба алмашуу жана мындан ары кызматташууну сунуштады.
Өз кезегинде Борбордук Азия экология жана айлана-чөйрө илимий-изилдөө борборунун директору Чжан Юаньмин КР УИАнын президенти, мүчө-корреспонденти К.Е. Абдрахматовго Борбордук Азия экология жана айлана-чөйрө Илим-изилдөө борборунун (Бишкек ш.) ардактуу директорунун расмий күбөлүгүн тапшырды.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 8729