2024-жылдын 22-апрелинде КР Улуттук илимдеракадемиясынын жыйындар залында КР Улуттукжазуучулар союзунун ХVI съезди болуп өттү.
Съезд саат 11де башталып, саат 12де аяктады. Андансоң 142 мүчөдөн турган Башкармалыктын уюштурууПленуму болуп өттү. Ал кечки саат 19-30 чейинуланды.
Жазуучулар союзуна төрагалыкка 4 талапкер – Атантай Акбаров, Каныбек Иманалиев, КожогелдиКултегин, Жедигер Саалаев ат салышты.
1-тур аяктап, 2-турда көп добуш алган КаныбекИманалиев менен Кожогелди Култегин жарышып, жыйынтыгында Каныбек Иманалиев 71 добуш алыпалдыга чыкты.
Пленумда Каныбек Иманалиев төрага болупшайланды жана орун басарлыкка Атантай Акбаровдушайлап берүүсүн Пленумдагы Башкармалыктынмүчөлөрүнөн өтүндү.
Добушка коюлуп, Атантай Акбаров төраганын орун басары болуп бир добуштан шайланды.
Мурдагы төрага Нурланбек Калыбековго калпак, чепкен кийгизип, 3 аксакалдар К. Ашымбаев, С. Жетимишов, Ш. Абдылдаев ак баталарын берипузатышты.
Пленумдун аягында төрага Каныбек Иманалиевкатышкандарга терең ыраазычылыгын билдирди.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 10552