2024-жылдын 23-апрелинде КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун конференц залында КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту тарабынан уюштурулган “Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргызстандагы суу ресурстарынын проблемалары» “Суу тынчтык үчүн” аталышындагытегерек үстөл кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлдү.
Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн негизги максаты – Кыргызстандагы суу ресурстарына байланышкан негизги көйгөйлөрдү, суу ресурстарын тактоонун жана болжолдоонун инновациялык ыкмалары, сууну натыйжалуу жана сарамжалдуу бөлүштүрүү жана сууну керектөө, климаттын өзгөрүшүн жана алардыадаптациялоо талкууланды.
Тегерек үстөл төмөнкү илимий багыттар боюнча өткөрүлдү:
1. КР дарыя бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоонун инновациялык ыкмалары.
2. Суу объектилеринин абалын мониторингдөө, моделдөө жана божомолдоо.
3. Мөңгүлөрдүн динамикасына жана суу ресурстарына климаттык өзгөрүүлөрдүн тийгизген таасири.
Тегерек столго суу жана гидроэнергетикалык ресурстар проблемалары боюнча изилдөө жүргүзгөн адистер, ошондой эле ЖОЖдордун жана илимий мекемелердин магистранттары, аспиранттары, докторанттары чакырылды.
Тегерек үстөлдү КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору география илимдеринни доктору, профессор Чонтоев Догдурбек Токтосартович ачып, сөз сүйлөдү жана берилген суроолорго кыскача жооп берди.
Андан кийин катышкандарды КР УИАнын Президенти, мүчө –корреспондент К.Е. Абдрахматов куттуктады.
Атайын докладдар менен окумуштуу, илимпоздор Чонтоев Догдурбек Токтосартович, Ерохин Сергей Александрович, Тузова Тамара Васильевна, Каримов Ташмухамед Халмухамедович, Ершова Наталья Владимировна, Сатылканов Рысбек Абылаевич, Абдыкеримова Бегайым, Загинаев Виталий Викторович жана Усупбаев Шейшеналы Эшманбетович чыгып сүйлөдү.
Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча мындан аркы изилдөөлөр боюнча резолюция жана сунуштар кабыл алынды.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 22049