Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ СУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ГИДРОЭНЕРГЕТИКА ИНСТИТУТУ ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

  2024-жылдын  23-апрелинде КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун конференц залында КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту тарабынан уюштурулган “Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргызстандагы суу ресурстарынын проблемалары» “Суу тынчтык үчүн” аталышындагытегерек үстөл кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлдү.

Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн негизги максаты – Кыргызстандагы суу ресурстарына байланышкан негизги көйгөйлөрдү, суу ресурстарын тактоонун жана болжолдоонун инновациялык ыкмалары, сууну натыйжалуу жана сарамжалдуу бөлүштүрүү жана сууну керектөө, климаттын өзгөрүшүн жана алардыадаптациялоо талкууланды.

Тегерек үстөл төмөнкү илимий багыттар боюнча өткөрүлдү:

1.  КР дарыя бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоонун инновациялык ыкмалары.

2. Суу объектилеринин абалын мониторингдөө, моделдөө жана божомолдоо.

3. Мөңгүлөрдүн динамикасына жана суу ресурстарына климаттык өзгөрүүлөрдүн тийгизген таасири.

Тегерек столго суу жана гидроэнергетикалык ресурстар проблемалары боюнча изилдөө жүргүзгөн адистер, ошондой эле ЖОЖдордун жана илимий мекемелердин магистранттары, аспиранттары, докторанттары чакырылды.

Тегерек үстөлдү КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору география илимдеринни доктору, профессор Чонтоев Догдурбек Токтосартович ачып, сөз сүйлөдү жана берилген суроолорго кыскача жооп берди.

Андан кийин катышкандарды КР УИАнын Президенти, мүчө –корреспондент К.Е. Абдрахматов  куттуктады.  

Атайын докладдар менен окумуштуу, илимпоздор Чонтоев Догдурбек ТоктосартовичЕрохин Сергей Александрович, Тузова Тамара Васильевна, Каримов Ташмухамед Халмухамедович, Ершова Наталья Владимировна, Сатылканов Рысбек Абылаевич, Абдыкеримова Бегайым, Загинаев Виталий Викторович жана Усупбаев Шейшеналы Эшманбетович чыгып сүйлөдү. 

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча мындан аркы изилдөөлөр боюнча резолюция жана сунуштар кабыл алынды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер