2024-жылдын 24-апрелинде академик А. А. Алтмышбаев атындагы философия институту тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө -корреспонденти, ардактуу академик, КРнын Илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор Азиз Исаджанович Нарынбаевдин 100 жылдык юбилейине арналган “А. И. Нарынбаев – түрк элдерининин коомдук-философиялык көз караштарын изилдөөчү илимпоз” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи залында болуп өттү.
Конференцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын
академик А.А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору,
философия илимдеринин доктору, профессор Саралаев Нур Керимкулович алып
барды.
Конференцияда КР УИАнын коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик, филология илимдеринин доктору, профессор Акматалиев Абдылдажан Амантурович, академик, философия илимдеринин доктору, профессор Тогусаков Осмон Асанкулович, Кыргызстан элинин ассамблеясы кеңешинин төрагасы Матубраимов Алмамбет, академик, философия илимдеринин доктору, профессор Мукасов Ысманалы Мукасович, КР УИАнын академик А.А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун бөлүм башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор Козубаев Өскөн Козубаевич, философия илимдеринин доктору, профессор
Бекбоев Аскар Абдыкадырович, КР УИАнын А.Алтмышбаев атындагы
Философия институтунун А. И. Нарынбаев атындагы Илимдин философиясы,
жана тарыхы кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору Сариева Калбүбү Сариевна, КР УИАнын А.А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун бөлүм башчысы,социологиялык илимдеринин доктору, профессор Омуралиев Нурбек Ашимканович, философия илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы окуу жайынын профессору Амердинова Магира Мунаждиновна, Кыргыз Республикасындагы уйгурлардын «Иттипак» коомдук бирикмесинин төрагасы Салимов Турсунтай Аблизович, “Иттипак” газетасынын редакторунун орун басары, философия илимдеринин кандидаты Баудунов Акбар Абдурашитович. Казак Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын М.О.Ауэзов атындагы Адабият жана искусство институтунун башкы илимий кызматкери, профессор Хамраев Алимжан Тиливалдиевич, “Ренессанс” этномаданий борборунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен Абдуллаев Сайфулла Нурмухаммедович, Казакстандан философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек синирген ишмер, Кыргыз эл сүрөтчүсү, Бабаджанов Сабитжан Камалович, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук
консерваториясынын фортепиано адистиги боюнча кафедра башчысы, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нарынбаева Зайтуна Азизовна сөз сүйлөштү.
Конференцияны академик А.А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Саралаев Нур Керимкулович сөз сүйлөп жыйынтыктады.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 23994