Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ Б.ЖАМГЕРЧИНОВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ, АРХЕОЛОГИЯ ЖАНА ЭТНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ Тарых илимдеринин доктору, профессор ДОСБОЛ НУР уулунун КИТЕПТЕРИНИН БЕТ АЧАРЫ БОЛУП ӨТТҮ

  

2024-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын конференциялык залында  тарых илимдеринин доктору, профессор Досбол Нур уулунун 3 китебинин бет ачар салтанаты болуп өттү.

      Салтанатты тарых илимдеринин доктору, профессор,  академик  Аблабек Асанканов ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

 

      Китептердин бет ачарына   КР УИАнын Президенти, мүчө -корреспондент Канат Ермекович Абдрахматов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын  Вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич  катышып,  сөз сүйлөштү.

       Салтанатка мурдагы жана азыркы коомдук ишмерлер, С. Ж. Сааданбеков, А. Эркебаев, Ж. Ж. Сатыбалдиев, М.Т Батаканов, Н. К. Саралаев жана башка илимпоздор, академиктер жана тарыхчылар  катышып, китептин күнгөй – тескейине,  айырмачылыктарына  жана окшоштуктарына өз бааларын беришти. Ошону менен бирге окумуштуулар  китептин  мазмунуна карата  окурмандарды   эки группага бөлүп кароого болоорун айтышты. Биринчи группага, ошол китептердин мазмунундагы саясий процесске катышкандар жана алардын көз караштары, экинчиси, илимий методологиялык – теориялык көз карашта баа берүүчүлөр болорун айтып өтүштү.

     Салтанатта Досбол Нур уулуна “Бишкек жылуулук тармагында” көп жылдык эмгеги  үчүн “Бишкек жылуулук тармагы” ачык акционердик коомунун директору  Раимбеков Уран Камилжанович ушул тармакта иштеген жылдарын чагылдырган фотоальбом  тапшырып, авторду куттуктады.

    “Кыргызстан Акаевдин башкаруу мезгилинде”, “Кыргызстан СССРдин курамы мезгилинде”, “Кыргызстан убактылуу өкмөттүн башкаруу мезгилинде” аттуу китептердин автору  Досбол Нур уулу китептеринин мазмунуна кыскача токтолуп, өзүнүн көз карашын айтып, төртүнчү “Кыргызстан Бакиевдин  башкаруу мезгилинде” деген китебин жазуу  үстүндө экенин айтты. Автор келген окурмандарга терең ыраазычылыгын билдирди.   Тарых илимдеринин доктору, профессор,  академик Аблабек Асанканов авторго ийгилик каалап, салтанатты жыйынтыктады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер