Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН Э. З. ГАРЕЕВ АТЫНДАГЫ БОТАНИКАЛЫК БАГЫНА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

    2024-жылдын  7-майында Ахунбаев көчөсүндөгү  1а дарегинде  жайгашкан КР УИАнын Э. З. Гареев атындагы  ботаникалык бакчага      “Nomad Sport   жана  «БАШТА» компаниялары тарабынан  атайын техникаларды салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү боюнча иш-чара өткөрүү белгиленген.

    КР УИАнын Э. З. Гареев атындагы  Ботаникалык бакчасында  2023-жылы 17-сентябрда  ” Nomad Sport” компаниясы  жана    «Спорттук инновациялар»  ЖЧКсы тарабынан   кайрымдуулук эл аралык  “BMW Snow Leopard Run”  аталышындагы марафон   өткөрүлгөн. Бул марафондон түшкөн каражаттын   бир бөлүгү Ботаникалык бак үчүн атайын техникаларды сатып алууга жумшалды.   Жалпы суммасы 1,5 млн. сомго жакын айыл чарба техникалары жана жабдуулар: суу менен камсыздоочу автономдуу станция, ротордук чөп чапкыч, окучниктер, жылуулук электр мылтыктары, мотоблок үчүн арабалар, секаторлор, аспаптар топтому жана башка жабдуулар сатылып алынган.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

   Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э. З. Гареев атындагы  Ботаникалык бак    86 жыл мурда 1938-жылы мартта негизделген.

      Азыркы учурда  Э. З. Гареев атындагы  Ботаникалык бак   илимий-изилдөө институту химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн курамына кирет. Ботаникалык бактын ишине жалпы жетекчиликти КР УИАнын Президиуму жүргүзөт.

    151 гектарды ээлеген   6600гө жакын таксондор  бар  Э. З. Гареев атындагы  Ботаникалык бак  –  өсүмдүктөрдүн коллекциялык фондунун курамы боюнча Борбордук Азиядагы эң ири Ботаникалык бактардын бири.

     Нарын шаарындагы 4 лабораторияда жана 1 бийик тоолуу филиалда жер шарынын ар кайсы бурчунан алынып келинген  тирүү өсүмдүктөрдүн уникалдуу коллекциялары топтолгон. Күнөсканада тропикалык жана субтропикалык өсүмдүктөрдүн болжол менен 550 түрлүү  коллекциясы бар.  

   Коллекциялар өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана аларды маданият шарттарында узак мөөнөттүү кармоо методдорун иштеп чыгуу жаатындагы илимий-изилдөө иштеринин негизги базасы, өсүмдүк ресурстарын сактоонун жана туруктуу пайдалануунун мамлекеттик системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Алар ошондой эле асылдандыруу, селекциялык иштер, андан ары жашылдандыруу, багбанчылык жана өлкөнүн мөмө-жемиш өстүрүүдө, экологиялык-агартуу ишмердүүлүгүндө колдонуу үчүн өсүмдүктөрдүн ассортименти боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн негизги фонд болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э. З. Гареев атындагы  Ботаникалык бак    Илимий-изилдөө институтунун илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыты:  дүйнөлүк талаптарга жооп бере турган жана азыркы жана келечек муундар үчүн актуалдуу болгон «Урбанизация жана өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо”  темасы.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э. З. Гареев атындагы  Ботаникалык бак    дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 150 ботаникалык мекемелер менен илимий байланышта иш алып барууда. Өсүмдүктөрдү сактоонун Глобалдык стратегиясын, биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияны аткарууда маанилүү ролду ойнойт, ботаникалык бактардын жана арборетумдардын дүйнөлүк реестрине кирет, 6 эл аралык уюмдун мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э. З. Гареев атындагы  Ботаникалык бак    ошондой эле илимий-билим берүү  ишмердүүлүгүн, окуу-өндүрүштүк практикаларды, дипломдук, магистрдик долбоорлорду жетектөө, студенттер, окуучулар, туристтер жана калк үчүн лекция-экскурсияларды өткөрүү аркылуу ЖОЖдор, лицейлер, мектептер менен кызматташууну жүзөгө ашырат.

Шаарларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесинин кызматкерлерине, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашылдандыруу чарбаларынын кызматкерлерине, фермерлерге, жеке жактарга  бак-дарактарды, бадалдарды, мөмөлөрдү, дары-дармектерди өстүрүү жана колдонуу маселелери боюнча консультациялык-методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт  жана мындай иш-чараларды республиканын баардык аймактарында өткөрүп келет.  

шилтеме


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер