Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ӨЛКӨ ПРЕЗИДЕНТИ С.Н. ЖАПАРОВДУН ЖАРЛЫКТАРЫНА ЫЛАЙЫК КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

2024-жылдын 15-майында академик А. А. Алтмышбаев атындагы Философия институту, Элдик Курултайдын катчылыгы, Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы, “Кыргыз Жолу” биргелешкен руханий коому КРсынын Президенти С.Н. Жапаров кол койгон “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Улуттук Нарк”, “Манас үчилтиги” жөнүндөгү Жарлыктарды турмушка ашыруунун алкагында жана диний чөйрөдөгү кырдаалды талкуулоо максатында “Мамлекеттик идеологиядагы улуттук жана диний баалуулуктардын орду” аталышындагы Кереге Кеңеш болуп өттү.

Кереге кеңешти Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Вице-президенти, юридика  илимдеринин доктору, академик Ч. И. Арабаев алып барды.

Кереге кеңеште кыргыздын каада-салтына байланыштуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Алгачкы сөздү  КРнын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары,  Саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору О. Э. Капалбаев сүйлөп, азыркы учурда тирешүүнүн эмес, биригүүнүн зарыл экендигине токтолуп өттү.

Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинен өкүл болуп катышкан А. Зикиров  5-6-класстын окуучулары орозо кармап, аталарын ээрчип ооздорун ачып жүргөндүгүн, мунун өзү калыптана элек,  билим ала элек жаш балдарды тарбиялоодо терс таасир тийгизе тургандыгы ж.б. боюнча өз сунушун айтты.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Н. Саралаев “Глобалдаштыруу мезгилиндеги баалуулуктардын кагылышы”, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы К.К. Иманалиев  “Улуттук идея, идеология жана иденттүүлүк”, саясат таануу илимдеринин доктору Т. Мамытов “Радикалдык диний терроризм жана экстремизмдин идеологиялык негиздери”деген аталыштагы баяндамаларды жасашты.

Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев катышкандарга Пайгамбар Мухаммад (с.а.в)  айткандарын мисалдап, шарияттын эрежелерин айтып өттү.

Дин  жаатындагы  эксперт К. Маликов “Перспективы гармонизации национальных, религиозных и светских ценностей”, “Кыргыз жолу” руханий коомунун төрагасы К.А. Кошалиев  “Илим, билим, руханият- келечекке шам чырак”, саясат таануу илимдеринин кандидаты, эл аралык жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт О. Молдалиев “Азыркы дүйнөнүн чакырыктары жана Кыргызстан”, белгилүү педагог Г. Мадаминов “Тарбия баалуулугу, анын ааламдашуу доорундагы мааниси” аталышындагы баяндамаларды жасашты.

Баяндамалардан кийин суроолор берилип,  жооптор айтылып, эркин баарлашуу болду жана жогорудагы баяндамалар боюнча Кереге Кеңеш атайын чечим кабыл алды

 

Кереге кеңешти Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Вице-президенти, юридика илимдеринин доктору, академик Ч. И. Арабаев жыйынтыктап сөз сүйлөдү.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ

 

 ОКУМУШТУУ ЖУМАБЕК ТЕНТИЕВДИН ДОКЛАДЫНДА УЛУТКА ТИЕШЕЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕР АЙТЫЛДЫ

 

2024-жылдын  14-майында  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында көчмө цивилизацияга багышталган илимий монографиялардын автору, техника илимдеринин доктору, профессор, архитектура илимдеринин профессору, КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, КР Инженердик  академиясынын академиги, КР Илимге эмгек сиӊирген ишмери Жумабек Тентиевдин “Көчмөн цивилизация”, “Улуу илимий ачылыштар” аттуу монографияларынын негизинде конференция болуп өттү.

Конференцияда  окумуштуу, монографиялардын автору, кыргыздын патриот уулу  Жумабек Тентиев доклад жасады жана берилген суроолорго жооп берди.

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер