Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“ДҮЙНӨЛҮК КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ ЖӨНҮНДӨ”

2024-жылдын 31 май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чакан залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү жөнүндө” жыйын өткөрдү.

          Жыйынды Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич алып барды.

          Жыйында академиядагы окумуштуулар А. Айдаралиев, Т. Мамытов А. Акматбеков. Д. Чонтоев, К. Шалпыков ж.б. сөз сүйлөштү.

          Жыйынга катышкандарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кеңири сөз сүйлөп, академиядагы окумуштуулардын колдоосу жана уюштуруусу менен Кыргызстанда эл арлык деңгээлде дүйнөлүк климаттын глобалдык деңгээлде өзгөрүүсүнүн себептери тууралу күзүндө саммит өткөрүүнүн зарылдыгына токтолду.

Жакынкы беш жылда (2022-2027 жж.) Кыргыз Республикасы тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин глобалдык күн тартибин жетектейт, анын жыйынтыгы катары Бишкекте 2027-жылы өтүүчү Экинчи Тоо саммити саналаарын айтып өттү. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер боюнча суйлөдү.

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү тоолордун калыптанган жашоо образына көптөгөн олуттуу кесепеттерин, анын ичинде суу ресурстарынын азайышы, мөңгүлөрдүн бузулушу, флора жана фаунанын өзгөрүшү сыяктуу коркунучтарды туудурган шарттарда Кыргыз Республикасынын жетекчилиги бул маселе боюнча илимий изилдөөлөрдү мобилизациялоодо, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу жана аны жумшартуу, ошондой эле тоолорду туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууда, саясий жана экономикалык ресурстарды тартууда өзүнө чечүүчү ролду алганын белгиледи.

          Улуттук илимдер академиясынын Вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич жыйынтык сөзүндө климаттын өзгөрүүсү бир эле Кыргызстанга  эмес, жалпы жаратылышка, дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө тиешелүү экендигин айтып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун академияга атайын келип, жалпы дүйнөлүк маанидеги маселе боюнча окумуштулардын ой пикирлерин, сунуштарын сурап, илим-билимге көңүл буруп жаткандыгына алкыш айтып, катышкандарга ыраазычылыгын билдирди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер