2024-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда дүйнөлук жазуучу жана руханий пайгамбар Чыңгыз Айтматовду эскерүу иш- чарасы болуп өттү.
Иш чараны академик, филология илимдеринин доктору, институтун директору Акматалиев ачып, Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына он алты жыл болгондугун, залкар жазуучунун эмгегин кадырлоо максатында 3 багытта: 1. Изилдөө 2. Китеп чыгаруу 3. Пропагандалоо иши жүрүп жаткандыгын айтты. Ал Ч. Айтматовдун 12 томдугу орус жана кыргыз тилинде жарыкка чыгып, каражат жоктугунан башка чыгармалары жарыкка чыкпай токтоп тургандыгын, Айтматов энциклопедиясын түзүү керектигин билдирип, өз демилгеси менен Ч. Айтматовдун китептерин чыгарып жаткан “Кадам” басмасынын директору, кыргыздын мекенчил уулу Замирбек Таштемировдун эмгеги чоң экендигин айтты.
Академик А.А. Акматалиевдин айтуусу боюнча Ч. Айтматов боюнча Казакстандан 600, Өзбекстандан 300 материал алынып келинген экен.
Эскерүү иш чарасында Өзбекстан тарап менен байланышууда чоң эмгек кылган жазуучу Бегижан Ахмедовго Айтматов коомдук академиясынын Ардактуу академиги наамы ыйгарылды.
Таланттуу ырчы Акматбек Султан уулу иш-чарада төгүп ырдап Ч. Айтматовду эскерди.
“Кадам” басмасынын директору Замирбек Таштемиров китеп чыгаруу, элге жайылтуу маселесинде келечек пландары туралуу айтып берди.
Илимпоз Нурзина Ыйсаева иш-чараны жыйынтыктап, институттун эмгек коллективинин буга чейин жүргүзүп келген иштерин айтып, келечекте жасай турган иштерине кеңири токтолуп өттү.
Залкарды эскерүү иш-чарасына Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда иштеген жалпы окумуштулар катышты.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 7995