Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНАН СУВЕРЕНДҮҮЛҮККӨ» АТТУУ КӨЧМӨ КЕРЕГЕ КЕҢЕШ

2024-жылдын 6-июнунда КР УИАнын  Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бак ИИИда Кыргыз Республикасынын №270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн  100 жылдыгына карата «Автономиялуу облусунан суверендүүлүккө» аттуу көчмө кереге кеңеш болуп өттү. Иш-чараны  КР УИАнын профсоюз комитети уюштурду.

 

Иш-чараны профсоюз комитетинин төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты  Тыныстан Арзыбаев ачып, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн  100 жылдыгынын тарыхый мааниси жана Ботаникалык бактын оранжереясындагы өсүмдүктөр, алардын Кыргызстанга алынып келинишинин себептери, аларды асыраган адис жетекчилер тууралуу тааныштыруу иретинде айтып, сөздү тарых илимдеринин доктору Аида Кубатовага берди.

 

А. Кубатова Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүндө кыргыз улутун сактап калууга, өзүнчө мамлекет болууга жан үрөп иштешкен И. Арабаев, К. Тыныстанов, Ж. Абдрахманов ж.б. эмгектерин кеңири айтып, берилген суроолорго жооп берди.

 

Оранжерея боюнча жетекчи Г. Качикеева, илимий кызматкер Н.С. Албанов ж.б. адистер Ботаникалык бактагы өсүмдүктөр, алардын түрлөрү жөнүндө баяндама жасашты.

 

Көчмө кереге кеңеште Улуттук илимдер академиясындагы институттардан барган илимпоздор өз ойлорун айтышып, суроолорго жооп алышты жана адистердин коштоосу менен оранжереяга саякатка чыгышып өсүмдүктөрдүн турлөрү, алардын “тарыхы” менен кеңири  таанышып чыгышты.

 

Иш-чараны профсоюз комитетинин төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты  Т. Арзыбаев жыйынтыктап, оранжереядагы адистерге жана келгендерге терең ыраазычылыгын билдирди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер