Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКУМУШТУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

2024-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти К.Е. Абдрахматов Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын проректору Жэнь Чжаньмин мырза жетектеген делегациясын кабыл алды.

 

Кытай Коомдук илимдер академиясынын проректору Жэнь Чжаньмин мырза жетектеген делегациясынын эки тараптуу жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында болуп өттү. Ага КР УИАнын Президенти, мүчө-кореспондент К.Е. Абдрахматов, КР УИАнын Вице-президенти, академик  Ч. И. Арабаев,  Б. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик А. А. Асанканов катышты.  

 

Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасы тамыры терең, боордош кошуна өлкөлөр болуп саналат. Анын Кыргызстанга болгон сапарынын максаты ⎻ достукту чыңдоо жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү болуп эсептелинет.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Жэнь Чжаньмин мырза КЭР ИАсы менен КР УИАнын ортосундагы макулдашуу боюнча эл аралык илимий кызматташтыктын алкагында, тактап айтканда, Орто Азиянын гуманитардык жана илимий- изилдөө борборлору менен кызматташуу боюнча Кыргыз-Кытай борбору аркылуу жаш адистер менен тажрыйба алмашуу жана мындан ары кызматташууну сунуштады.

         Кыргыз-кытай мамилелери өнүгүп жатканын жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлинде экенин белгилешти. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишеним, салттуу достук жана коңшулук мамилелер стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

         Тараптар кызматташуунун бардык багыттары боюнча, анын ичинде маданий-гуманитардык тармактардагы артыкчылыктуу маселелерди да кошо карашты.

 

          Жолугушуунун жүрүшүндө илимий изилдөө иштердин эки тарап биргеликте иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, гуманитардык алмашууну күчөтүү, туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды активдештирүү, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы илим-билим системасын кеңейтүү боюнча да сүйлөшүүлөр болду.

         Соңунда КР УИАнын Президенти, мүчө-кореспондент К.Е. Абдрахматов  жолугушуунун жыйынтыгы эки өлкөнүн ортосундагы илим-билимде олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзүүчү пайдалуу жаңы келишимдер жана макулдашуулар менен коштолот деген ишенимин билдирди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер