Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«V БӨРҮБАЕВ ОКУУЛАРЫ» ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

2024-жылдын 20-21-июнунда (Бишкек ш. – Чолпон-Ата ш.) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту тарабынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети жана Кыргыз математикалык коому менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун 40 жылдыгына арналган «V Борубаевдик окуулар» аттуу эл аралык илимий конференциясы уюштурулуп өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түштүк Кореядан келген математик окумуштуулар катышты.

Эл аралык илимий конференциянын максаты – топология, геометрия жана функционалдык анализ, алгебра, дифференциалдык жана интегралдык теңдемелер жана татаал системаларды оптималдаштыруу методдору жана алардын өнөр жайда, экономикада жана агросектордо математикалык моделдерди курууда колдонулушу, ошондой эле чет өлкөлөрдүн окумуштуулары менен илимий мекемелеринин ортосундагы илимий байланыштарды кеңейтүү жаатындагы заманбап проблемаларды изилдөө методдорун өнүктүрүүнү талкуулоо.

Академиянын Президенти  К.Е. Абдрахматов кайсы бир предметти  ар бир кесиптин ээси өз адистигине жараша көз караш менен карай тургандыгын, математиктер математикалык формула менен, геологдор өз көз карашы менен, акын-жазуучулар өз кыялы менен ж.б. адистикке ээ болгондор өз көз караштары мене карай тургандыгын, элдин түшүнүктөрүн бир калыпка салып кою мүмкун эместигине мисалдар менен айтып, эки жылда бир жолу өтүүчү бул “окуулардын” мааниси өтө зор экендигине токтолуп, математиктердин майрамы менен катышкандарды чын жүрөктөн куттуктап иштерине ийгилик каалады.

Сөз кезегинде онлайн форматта Өзбекстандан Ташкент архитектура-курулуш университетинин илимий ишмердүлүк жана инновация  боюнча проректору, физика-математика илимдеринин доктору А.А. Заитов,  андан соң Казакстан Республикасынын УИАсынын корреспондент-мүчөсү, Улуттук инженердик академиядан Н.М. Темирбеков,  КР Билим берүу жана илим министрлигинин илим жана инновация боюнча Башкармалыктын башчысы Г. Ы. Токтошов, иш-чарага катышып отурган Түштүк Кореядан  келген окумуштуу  сөз сүйлөштү. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү аяктагандан соң   пленардык жыйын башталып А.А. Бөрүбаев доклад жасады.

 Пленардык жыйында Казакстан Республикасынын УИАсынын корреспондент-мүчөсү, Улуттук инженердик академиядан келген илимпоз Н.М. Темирбеков, Кыргызстандык окумуштуулар физика-математика илимдерининин докторлору, мүчө-корреспонденттер  П.С. Панков, Г. Матиева,  доктор, профессор К.С. Алыбаев ж.б. окумушттулар  докладдарды жана баяндамаларды жасашты, мындан тышкары “V Бөрүбаев окууларынын”  алкагында секциялар дагы өз иштерин улантты.

 “V Бөрүбаев окуулары”  кийинки күнү Ысык-Көл аймагында боло тургандыгы белгиленип, жыйынтыгы чыгарылды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер