2024-жылдын 21-июнунда академиянын жыйындар залында КР УИАнын Президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматов Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун консультанттар тобу менен жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында, 2023-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, белгиленген кубаттуулугу 1860 МВт болгон Камбар Ата ГЭС-1 курулуш долбоорунун ТЭНин актуалдаштыруу процесси ишке киргизилген. Өткөрүлгөн эл аралык тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп «AFRY Switzerland Ltd.», Швейцария белгиленген.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 71209