Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ЖАЛПЫ КОЛЛЕКТИВИ

2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын борбордук аппаратынын Укукту камсыздоо жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы жогорку билимдүү юрист АСЫЛБАЕВА ЖИЙДЕГҮЛ МОКЕШОВНА катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Асылбаева Жийдегүл Мокешовна 1951-жылы Чүй областындагы Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Механика факультетинин математика бөлүмүн (1968-1973), ошол эле университеттин Укук факультетин (1999-2001) аяктаган.

Рыбачье шаарындагы №3-орто мектепте мугалим (1973-1976), Пржевальский шаарындагы пединститутта инженер (1976-1977), Пржевальский шаарындагы “Билим” коомунда жооптуу катчы (1977-1979), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматика институнда инженер (1979-1984), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Укукту камсыздоо жана кадрлар бөлүмүнүн төрагасынын орун басары (1984-2007), Профсоюз комитетинин төрагасы болуп, 2001-жылдан бери Борбордук аппараттын укукту камсыздоо жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп келген.

Асылбаева Жийдегүл Мокешовна Кыргызстан КП БКнын, Кыргызсовпрофтун, Кыргыз ССР ЛКСМ БКнын Ардак Грамоталары (1987), Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы (1995), Билим берүү жана илим тармагы боюнча профсоюз кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин Ардак Грамотасы (1989), Кыргыз Республикасынын Профсоюздарынын федерациясынын Ардак Грамотасы (1996) менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери” (2007), “Профсоюз кыймылынын Билим берүу жана илим тармагынын мыктысы” (2002), “Жылдын Датка айымы”(2005) наамдарына татыктуу болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы коллективи Академиянын Борбордук аппаратынын Укукту камсыздоо жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп өмурүнүн акырына чейин так жана таза иштеп, катуу оорудан мезгилсиз дүйнө салган Асылбаева Жийдегүл Мокешовнанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан бейишинен орун берсин.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер