2024-жылдын 2-9-июлунда КР УИАнын Президенти, мүчө-корреспондент К.Е. Абдрахматов жана академик А. А. Бөрүбаев Циндао университетине жана Кытай илимдер академиясына барышты.
Жолугушуунун максаты Циндао Университетинин илимий жетишкендиктерди трансформациялоо борборуна, иликтөө жана тестирлөө борборуна, акылдуу суперкомпьютер жана чоң маалыматтар лабораториясына баруу болду.
Кытайдын илимдер академиясында жарым өткөргүчтөр институтунун, физика институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң ири суперкомпьютердик борборлордун биринде болушту.
Кытайдын илимий борборлорунун жетекчилиги менен жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында суперкомпьютердик борборду ачуу тууралуу макулдашууга жетишилди жана өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
КР УИАнын Президенти, корреспондент-мүчө К.Е. Абдрахматов Циндао университетинин ректорун Кыргызстандын Илимдер Академиясынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарага катышууга чакырды.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 89401