МОСКВА ШААРЫНДАГЫ БРИКС ӨЛКӨЛӨРҮНҮН IX УКУКТУК ФОРУМУ
2024-жылдын 19-20-сентябрында Москва шаарында Россия Федерацисынын Тышкы иштер министрлигинин МГИМО университетинде БРИКС өлкөлөрүнүн IX укуктук форуму болуп өттү.
Бул иш-чара Россия Федерациясынын БРИКСке төрагалыгынын иш-чараларынын расмий календарына киргизилген эле.
Иш-чараны Россиянын Юристтер ассоциациясы, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин МГИМО университети жана О.Е. Кутафин атындагы университет (MМЮА) уюштурушкан.
Форумдун “Укук адилеттүү дүйнөнү коргоодо” аталышындагы ишкердик программасынын алкагында БРИКСтин бардык 10 өлкөсүнөн, ошондой эле КМШга мүчө-өлкөлөрдөн, ЕАЭБ, КМШ, ЕАПУ жана ШКУ мамлекеттер аралык ассоциацияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн 200дөн ашык Форумдун катышуучулары 2 пленардык жана 16 сессиялык жыйындарында сөз сүйлөштү.
2024-жылдын 19-сентябрында БРИКС өлкөлөрүнүн IX Укуктук форумунун панелдик сессиясы болуп өттү:
“Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн алкагында интеллектуалдык менчикти укуктук жөнгө салуунун стратегиялары, көйгөйлөрү жана чечимдери” деген аталыштагы Россиянын Юридикалык ассоциациясынын (РЮА) интеллектуалдык менчик боюнча Комиссиясы уюштуруучусу болду.
Сессияга Интеллектуалдык менчик боюнча РЮА Комиссиясынын төрагасы, Россия Федерациясынын Илимине эмгек сиңирген ишмер Владимир Лопатин модератор болду.
Сессиянын максаты – интеллектуалдык менчик рыногун өнүктүрүү аркылуу көп полярдуу дүйнөдө өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык жана санариптик өнүгүүдөгү теңсиздикти кыскартуу менен улуттук атаандаштыкка жана технологиялык суверенитетти камсыз кылуу боюнча Стратегияны аныктоо жана бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу эле жана Америка Кошмо Штаттары башчылык кылган “жамааттык батыштагы” өлкөлөрдүн азчылыгынын кызыкчылыгындагы тартиптин ордуна эрежеге негизделген эл аралык укукту бардыгы үчүн бирдей колдонуу болчу.
Сессиянын жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы үч предметтик багытта негизги көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору каралды:
1) интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо;
2) интеллектуалдык менчик объектилерин пайдалануу жана аларга менчик укуктарын коммерциялаштыруу;
3) интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо.
ЕАЭБ, КМШ жана БРИКС өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү көйгөйлөрүн кароодо РЮАнын Интеллектуалдык менчик боюнча Комиссиясынын өкүлдөрү М.Л.Энтин жана Г.П., Ивлиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Р.О Оморов негизги докладдарды жасашты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргызпатенттин жетекчиси (1993-2007) Роман Оморовдун докладында интеллектуалдык менчиктин объектилери катары салттуу билимдерди укуктук жактан коргоо боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы белгиленди.
Анын негизиндеги, «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» биринчи улуттук мыйзам КМШда жана дүйнөдө биринчилерден болуп 2007-жылы кабыл алынган.
Жалпысынан Кыргызпатент тарабынан салттуу билимдерди башкаруунун жылдарында мындай 450 объект маалымат базасына катталып, коргоого алынган. Ал 2024-жылдын май айында кабыл алынганын эске алуу менен «Интеллектуалдык менчик, генетикалык ресурстар жана генетикалык ресурстар менен байланышкан салттуу билимдер боюнча» ИМБДУнун 27-Келишиминин негизинде Кыргызстандын бул пионердик тажрыйбасы башка өлкөлөр үчүн, анын ичинде КМШ жана БРИКС өлкөлөрү үчүн кызыктуу жана пайдалуу болушу мүмкүн экендиги бегиленди.
Жыйындын соңунда сессиянын катышуучулары Форумдун корутунду документиндеги сунуштарды (төмөндө курсив менен көрсөтүлгөн) бир добуштан колдошту жан ал документ кийинчерээк Россиянын юристтер ассоциациясынан Россиянын Тышкы иштер министрлигине жана Администрациясына жөнөтүлдү.
Россия Федерациясынын Президенти БРИКСтин XVI саммитинин корутунду декларациясында чагылдырылышы үчүн (Казань, 20-24-октябрь, 2024- ж.). Интеллектуалдык менчик жана санариптештирүү бир полярдуу дүйнөдө адилетсиз атаандаштыктын каражаты болбостон, көп полярдуу дүйнөдө өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык теңсиздикти кыскартуунун куралы болушу керек.
Биз БРИКС өлкөлөрү тарабынан бизнестин жана инвесторлордун укуктарын коргоо, интеллектуалдык менчик рыногун өнүктүрүү жана интеллектуалдык менчикке эксклюзивдүү укуктарды билим берүү жана илимий уюмдардын, ишканалардын жана улуттук корпорациялардын материалдык эмес активдерине которуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды колдойбуз жана суверенитетти жана улуттук атаандаштыкты камсыздоого арналган финансылык жана инвестициялык актив катары карайбыз деп белгиленген болчу.
Бул максаттар үчүн төмөнкүлөр өзгөчө мааниге ээ:
БРИКС өлкөлөрүнүн абалына жана улуттук мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө жыл сайын мониторинг жүргүзүү үчүн интеллектуалдык менчик боюнча жумушчу топту түзүү;
Интеллектуалдык менчик жана инновация чөйрөлөрүндө укуктук жөнгө салууну шайкеш келтирүүнүн шарты катары региондук жана эл аралык стандартташтырууну өнүктүрүү;
Окшош региондук БРИКС системасын түзүүдө пайдалануу үчүн мүмкүн болушунча өнөр жай менчигин укуктук коргоонун евразиялык системасынын практикасын изилдөө;
ЕАЭБ, КМШ жана БРИКС алкагында экономикалык интеграцияны өнүктүрүү үчүн маанилүү технологиялардын улуттук реестрлерин түзүү жана аларды артыкчылыктуу берүү үчүн экономикалык жана укуктук шарттарды илимий жактан иштеп чыгуу;
Санариптик экономиканы жана интеллектуалдык менчик рыногун өнүктүрүүдө колдонуу жана БРИКС өлкөлөрүндө улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуу үчүн материалдык эмес активдер аркылуу интеллектуалдык менчикти капиталдаштыруу (дүйнөдө 1-орун) боюнча КЭР тажрыйбасын жалпылоо.
Форумдун жыйынтыгында БРИКС өлкөлөрүнүн IX укуктук форумунун II Москва декларациясына кол коюлду. Анда БРИКС өлкөлөрүнүн мындан аркы укуктук кызматташтыгынын негизги багыттары белгиленген.
БРИКС өлкөлөрүнүн кийинки укуктук форуму 2025-жылы Бразилияда өтө тургандыгы айтылды.
P.S. КР УИА ред.: КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Оморов Роман Оморовичтин доклады:
“Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди коргоонун улуттук системасы 2024-жылдын 24-майында Женева шаарындагы Дипломатиялык конференцияда кабыл алынган.
Ал «ИМБДУнун эл аралык келишиминин жоболорунун контекстинде» деген аталышта даярдалган болчу.
(САЙТКА КР УИАнын “ИЛИМ” МААЛЫМАТ БАСМА БОРБОРУ” ТАРАБЫНАН ЖАЙГАШТЫРЫЛДЫ).
Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.
Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…