КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМИЙ-МЕДИЦИНАЛЫК КООМЧУЛУГУ ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАП ЭРНСТ АКРАМОВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ
2024-жылдын 26-ноябрында 89 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги, окумуштуу-хирург, Эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Мустафа Кемал атындагы Илим жана маданият Эл аралык кайрымдуулук фондусунун Алтын медалынын, “Мээрим” энени жана баланы коргоо эл аралык кайрымдуулук фондунун “Чародей скальпеля” сыйлыгынын, “Данакер” орденинин ээси, Дүйнө медицинасына кошкон салымы үчүн Россиянын коомдук сыйлыктар боюнча улуттук комитетинин Н. Пирогов орденинин ээси, Гимнастика спорту боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону, гимнастика боюнча Кыргыз ССР курама командасынын мүчөсү, Эл достугу университетинин ардактуу профессору Эрнст Акрамов дүйнөдөн кайтты.
Эрнст Акрамов 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Кыргыз медициналык институтун аяктаган. Ал кыргыз, орус, өзбек, уйгур жана англис тилдеринде эркин сүйлөп, мыкты билген.
1964-1967 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ыкчам хирургия кафедрасынын аспиранты;
1971-1975 — Республикалык клиникалык оорукананын көкүрөк хирургия бөлүмүндө ординатор, №2 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы;
1975-1980 — ассистент, кыргыз медициналык институтунун госпиталдык хирургия кафедрасынын доценти;
1981-1992 — Республикалык клиникалык оорукананын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы;
1989-1992 — СССР эл депутаты;
1992-жылдан кайтыш болонго чейин Чүй облустук биргелешкен ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы;
1998 — пикирлештери менен “Менин өлкөм” партиясын негиздеген;
2000 — Жогорку Кеңештин депутаты болуп, бирок мандаттан баш тарткан;
2002-жылдан КР Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору;
2003-жылдан Кыргызстан-Россия Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору;
2007 — Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болуп келген. Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин мүчөсү болгон. Депутаттык менен дарылоо иштерин чогуу алып барган.
Эрнст Акрамовдун басып өткөн жолу – окумуштуулардын кийинки муундары үчүн үлгү жана анын жаркын элеси жакындарынын жана досторунун, кесиптештеринин жана шакирттеринин эсинде түбөлүккө сакталат.
Биз Эрнст Акрамовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз. Белгилүү хирург, Ардактуу академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамовдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.
Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…