Урматтуу Миталип Мамытович!
85-жылдык мааракеңиз менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Сиз 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында жарык дүйнөгө келип, бир жашыңызда согушка кеткен атаңыздан айрылып, апаңыздын колунда өскөнүңүздү, ошол оор заманда турмуштун кыйынчылыгын тартканыңызды ак халатчан дарыгерлер журтчулугу жакшы билет. Мектепти аяктаган соң Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайды, борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык менен бүтүргөнүңүз медицина илимине кызыккан жаштарга татыктуу үлгү экендигин айта кетүү ашыкча болбос…
Оорукананын бөлүм башчысы, кафедра жетекчиси болуп эмгектенип, 33 жашыңызда Ленинградда кандидаттыгыңызды, 48 жашыңызда Киевде докторлугунузду жактаганыңыз медицина тармагын гана эмес тил илимин дагы жакшы өздөштүргөндүгүңүздөн кабар берет. 60 жылдан ашуун эмгек жолуңузда 15 миңден ашык оорулуулардын мээсине жана жүлүнүнө татаал операцияларды жасоо ар бир эле медиктин колунан келе бербейт. Кезегинде бир күндө жети пациентке татаал операция жасагандыгыңыз дарыгерлердин арасында уламыш катары айтылып жүрөт. Азыркыга чейин бейтаптарды кабыл алып, операция жасагандыгыңыз сиздин чыдамкай эрктүүлүгүңүздү жана ден соолукту мыкты сактаган үлгүлүү инсандардан экендигин билдирип турат.
Өлкөбүздүн неврология жана нейрохирургия илимдеринин тутумун өнүктүрүү багытында ат көтөргүс, баа жеткис эмгек кылып келе жатасыз.
Сиздин медицина илиминде жетишкендиктериңиздин далили катары 300 дөн ашык илимий эмгектериңиз, отуздан ашык ойлоп табуу жана рационалдык сунуштар гана эмес, ошондой эле сиз тарбиялап өстүргөн илимдин кандидаттарынын, докторлорунун, аспиранттардын, докторанттардын, илимий даражага талапкерлердин, студенттердин даңктуу тобу – неврология жаатындагы ишиңиздин улантуучулары болуп эсептелет.
Биз сизди таланттуу жетекчи жана мыкты уюштуруучу, ар тараптуу билимдүү, негиздүү жана конструктивдүү чечимдерди кабыл алуу жөндөмүнө ээ жогорку кесипкөй катары билебиз. Биз сизди активдүү турмуштук позициясы бар, илимде жана окутууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен илимпоз катары терең баалайбыз.
Миталип Мамытович, жубайыңыз менен курсташ, кесиптеш болуп, эки кыз, бир уулду, бир топ небере-чөбөрөлөрүңүздү тарбиялап өстүргөнүңүз заманыбыздагы келечек муундарга чоң үлгү.
Сиздин 85 жылдык мааракеңизде кесипкейлүгүңүзгө, лидерлик талантыңызга жана түгөнгүс энергияңызга терең урмат-сыйыбызды билдирип, чын жүрөктөн ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз.
Бардык аракеттериңиз жана тилектериңиз алдыга жылып, жаңы пландарыңыз жана иштериңиз ар дайым ийгиликтүү болсун!
Жашооңуз ар дайым кесиптештердин урматына жана колдоосуна, жакындарыңыздын жылуу мээримине жана сүйүүсүнө толсун!
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы коллективинин атынан.
- Подробности
- Автор: pressa
- Просмотров : 1172