КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ С. Н. ЖАПАРОВ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА КЕЛИП
ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ
2024-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын 70 жылдыгына карата академиянын башкы корпусунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери боюнча капиталдык оңдоп-түздөөнү көрдү.
Андан кийин Өлкөнүн Президенти С.Н. Жапаров жыйындар залындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын жалпы коллективи, академиктер, мүчө-корреспонденттер жана келген меймандар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу иш-чарасынын алдында академиянын тарыхына байланышкан тасма көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Президенти, мүчө-корреспондент, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармасынын мүчөсү, илимпоз-сейсмолог жана жазуучу К. Е. Абдрахматов алгачкы сөзүндө академияга камкордук көрүп, капиталдык ремонттон өткөрүп жаткан Өлкө Президенти С. Н. Жапаровго жалпы илимий коомчулуктун атынан терең ырарзычылыгын биллирип алкыш айтты жана сөздү Өлкө Президентине берди.
Жолгушууда Президент Садыр Нургожоевич Жапаров Ал 1964-жылдан бери каралбай турган академиянын имаратын оңдогонго 500 млн. сом бөлгөндүгүн, 2025-жылдын 1-январынан тартып академиядагы кызматкерлердин айлык акылары 100 пайызга көтөрүлө тургандыгын, бирок, илимде жаңы ачылыштарды жасоо учурдун кечиктирилгис милдети экендигин, мындан ары эски тартип менен жашай берүүгө болбой тургандыгын, ошондуктан академияга чукул реформа жасабаса жердешчилик, тааныш-билиштик, интригалык жоруктар илимге орду толгу зыян алып келе тургандыгын, кайсы өлкөдө илим алдыда болсо ошол өлкө өнүгө тургандыгын, окумуштуулардын жаңыча иштеп, ийгиликтерди жарата берүүсү замандын катуу талабы экендигин айтып, өзүнүн ой, пикирин ачык жана так билдирип залдагылар менен коштошту.
Жыйындын экинчи бөлүгүндө К. Е. Абдрахматов 70 жылдык юбилейди куттуктоого келген маданият кызматкерлерине, академиядагы салттуу музыка борборунун коллективине кезек берди. Ырлар ырдалып, комуздар чертилип, кыяктар тартылып залда отургандарга музыкалык маанай тартууланды.
Жыйындын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Д. Ш. Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын директору Р. Т. Керимбаева кеңири баяндама жасашты.
Андан соң академиянын Президенти, мүчө-корреспондент, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармасынын мүчөсү, илимпоз-сейсмолог жана жазуучу К. Е. Абдрахматов академияны материалдык жактан колдоого алгандарга жана татыктууларга сыйлыктарды, төш белгилерди тапшырып, 70 жылдык юбилейге арналган иш-чара соңуна чыкты.
“Илим” Маалымат-Басма Борбору”