Президент Садыр Жапаров капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барды
Мамлекет башчысы жаңыланган лабораторияларды, изилдөө борборлорун жана илимий залдарды, реконструкциялоонун алкагында орнотулган заманбап жабдууларды көрүп чыкты, салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун көргөзмөсүнө барды, Академиянын окумуштуулары жана кызматкерлери менен жолугушту.
Президент бүтүндөй бир мамлекеттин интеллектуалдык флагманы болгон Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, жаңы шартта кайрадан ишмердүүлүгүн баштоого канчалык деңгээлде даяр экенинине өзү күбө болуу үчүн барганын айтты.
Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясынын имаратында 1964-жылдан тартып олуттуу оңдоо иштери болбогонуна кейигенин айтты.
“Мындай узак жылдардан бери илим очогу болгон Илимдер академиясына тийиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүмдүк базасы артта калгандыгы чындап эле кейиштүү жагдай. Мындан улам, быйыл Академиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 миллион сом бөлүнүп берилген”, – деп, Мамлекет башчысы бул – өлкөнүн илим тармагынын өнүгүүсүн колдоо жана сапаттуу илим чөйрөсүн түзүү багытындагы чечкиндүү кадам болуп саналарын кошумчалады.
Ал дүйнөлүк тажрыйба, болуп жаткан өзгөрүүлөр илим тармагын түп-тамырынан өзгөртүүнү талап кылып жатканына токтолду.
“Сиздер деле жакшы түшүнүп турасыздар. Мурда советтик башкаруу моделинде илим тармагына каражат каралып, бирок натыйжа дээрлик суралган эмес. Бул доор бир топ жыл мурун эле артта калган. Азыркы күндө болсо илим тармагы так, натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү болушу зарыл! Бул тармак өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө түздөн-түз салым кошууга тийиш. Башкача айтканда, учурдун талабына ылайык, илим – жаңы идеялардын, инновациялык технологиялардын, заманбап чечимдердин булагы болууга милдеттүү. Мен муну илим жаатындагы эл аралык тажрыйбаларга таянуу менен айтып жатам”, – деди Садыр Жапаров.
Президент Улуттук илимдер академиясынын акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү мамлекетибиздин стратегиялык багыттары үчүн чечкиндүү илимий сунуштарды, натыйжалуу долбоорлорду бере албай келгенин өкүнүч менен айтты.
“Анын ордуна илимий чөйрөдөгү интригалар, нааразылыктар, тааныш-билиш менен кызматка орношуулар биринчи планга чыкты. Чыныгы илимий өндүрүмдүүлүк, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, жаңы ачылыштар жокко эсе. Мындай терс көрүнүштөр көп жылдан бери айтылып келатса дагы, оңолуу жолуна түшүүгө, намыстанып, башка өлкөлөрдүн мисалында өнүгүүгө аракеттер болбогону өкүндүрөт”, – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Ал айрым окумуштуулар ишке ырааттуу келбей, кызмат орундарын формалдуу гана сактап, бирок айлык маяна алып жүргөнүн да айта кетти.
“Айрым жетекчилер үй-бүлөлөрүн, жакын туугандарын Академияга жумушка орноштуруп, чала-чарпыт изилдөөлөргө эле наамдарды алуу адаты сыяктуу жагымсыз жагдайлар ачык сөз болууда. Албетте, мындай терс көрүнүштөр Улуттук илимдер академиясынын жалпы кадыр-баркын кыйла эле төмөндөтүп келет. Эл күткөн натыйжа болбой, илимий өндүрүмдүүлүктүн төмөн көрсөткүчтөрү илимге бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз сарпталып жатабы деген да ойго түртүүдө”, – деди Садыр Жапаров.
Президент окумуштуулардын беделине шек келтирейин деген ою жок экенин, бирок Академиядагы жалпы абал ушундай болуп жатканын белгиледи.
“Академиянын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү – бул илим чөйрөсүнө түзүлө турган шарттардын башаты катары кабыл алыңыздар. Эми сиздерден илим тармагын жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууну, дүйнөлүк рынокто атаандашууга жөндөмдүү илимий ачылыштарды жасоону, инновациялык технологияларды сунуштоону жана жаңы идеяларды иш жүзүнө ашырууну күтөбүз. Мамлекет илим тармагын өнүктүрүүгө кадам жасады, эми кезек сиздерде”, – деп, Садыр Жапаров Президенттик Администрацияга Улуттук илимдер академиясынын түзүмүн реформалоо боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.
“Реформалардын алкагында илимий багыттар конкреттүү максаттарга, өлчөнө турган натыйжаларга байланышы кажет. Андан тышкары, иш тартибин катуу көзөмөлгө алуу, аткарылбаган милдеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарыл экенин баса белгилейм. Түзүмдүк реформалар аркылуу ийгиликтүү жүргүзүлүшүн, илимде реалдуу натыйжаларды жаратууну талап кылуу менен бирге, Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык акысын келерки жылдын 1-январынан тарта 100 пайызга чейин көтөрүлөрүн расмий түрдө билдирем”, – деди Мамлекет башчысы.
Аягында Президент Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясы сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө мамлекетибиздин интеллектуалдык флагманы болушу үчүн мындай мамиле чыныгы илимий жетишкендиктердин жаралышына түрткү болоруна ишеним билдирди
Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.
Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…