Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
СУУ ПРОБЛЕМАЛАРЫ ЖАНА ГИРОЭНЕРГЕТИКА ИНСТИТУТУ

ИЛИМИЙ ИНСТИТУТТАР рубрикабызды улантабыз
Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1991-жылдын 21-явнарында, № 19 токтомдун негизинде КР Улуттук академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту түзүлгөн. Бул илимий мекемени демилгелеп түздүргөн академик Д.М.Маматканов 1992-жылдан 2018-жылга чейин өзү жетектеген. Институттун учурдагы директору Рысбек Сатылганов.
Институттун ишмердүүлүгү өлкө үчүн келечектүү жана стратегиялык мааниге ээ гидрология жана гидро-энергетика тармагында фундаменталдуу илимий изилдөөлөрдү жана колдонмо иштеп чыгууларды жүргүзүүгө багытталган.
Институттун структурасы:
– Жер үстүндөгү суу ресурстары лабораториясы;
– Жер астындагы сууларды рационалдуу пайдалануу жана коргоо лабораториясы;
– Коркунучтуу экзогендик гидрогелогиялык процесстер лабораториясы;
– Гидроэнергетика лабораториясы;
– Геомаалыматтык системалар жана техникалык колдоо лабораториясы;
– Тянь-Шань эл аралык илимий борбору;
– Ала-Арча полигону.
Институтта фундаменталдык изилдөөлөр менен катар практикалык багыттагы темалар боюнча иштер аткарылат. Токтогул ГЭСинин каскадындагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттер аралык маанидеги суу чарба обьектилерин курууда чыгымдарды компенсациялоо, рынок экономикасынын шарттарында сууну колдонууда баалардын түзүлүшү ишке ашырылган. Экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн өзүнүн жеке суу потенциалын артыкча колдонууга Кыргызстандын көз карандысыз укугунун концептуалдуу жоболорун, илимий жактан негизделген усулдук негиздерин иштеп чыгууга басым жасалган. Бул үчүн суу ресурстарынын абалын баалоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
2000-жылдан баштап илимий изилдөөлөрдүн тематикасы Ысык-Көл менен тыгыз байланышкан. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, тез эриген мөңгүлөрдүн эсебинен жер үстүндөгү агымдардын көбөйүшү көлдүн акваториясындагы улам өсүп жаткан бууланууну компенсациялабайт жана анын деңгээли төмөндөйт. Мындай процесс 2025-жылдардын чегинде, мөңгүлөрдүн чоң бөлүгү эрип баштаганда активдешет. Бүгүнтөн баштап Ысык-Көл аймагынын табигый ресурстарын комплекстүү колдонуунун илимий сунуштарынын негизинде берметибизди сактоо үчүн комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү зарыл.
Институт новатордук иштеп чыгуулары менен чет өлкөлөргө таанылган. 1995-жылдан баштап түрдүү багыттар боюнча чет өлкөлүк окумуштуулар менен биргелешкен изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Булар – табигый процесстерди изилдөө, сууну колдонууда баалардын түзүлүшү, суу ресурстарын башкаруу системасын түзүү, гляциология. Дүйнөнүн бардык өнүккөн өлкөлөрү: АКШ, Кытай, Россия, Италия, Франция, Германия, Финляндия, Россия жана Орто Азия өлкөлөрү менен илимий байланыштар жолго коюлган.
Учурда институтта 6 лаборатория, Тянь-Шань эл аралык илимий борбору жана коркунучтуу гидрогеологиялык процесстерди изилдеген Ала-Арча полигону иштеп жатат. Доктордук жана кандидаттык диссертарицияларды коргоо боюнча Диссертациялык кеңеш иштейт. Институттагы кызматкерлердин саны 77, алардын ичинен илимий кызматкерлер 55. 6 адам илимдин доктору, 18 адам илимдин кандидаты.

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер