Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
МАШИНА ТААНУУ, АВТОМАТИКА ЖАНА ГЕОМЕХАНИКА ИНСТИТУТУ

Изилдөөнүн негизги багыттары:
Маалыматтык жана телекоммуникациялык тутумдар;
Техникалык обьектилерди жана технологиялык процесстерди башкаруу;
Техникалык, экономикалык жана табигый тутумдарды математикалык моделдөө.
ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫН ЖЕР КАЗЫНАСЫН КОМПЛЕКСТҮҮ ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ӨЗДӨШТҮРҮҮ:
Табигый жана минералдык ресурстарды иштетүү үчүн технологиялар жана машиналар;
Табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерине мониторинг жүргүзүү, болжолдоо жана алдын алуу;
Табигый чөйрөгө жана техносферага мониторингдин автоматташтырылган тутумдарын түзүү.
СУУ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК РЕСУРСТАР: КАЙРА ЖАРАЛУУЧУ ЭНЕРГИЯ БУЛАКТАРЫ
КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институту 2023-жылдын 15-сентябрында УИАнын Президиумунун УИАнын ИИУ кайра уюштуруу жөнүндөгү № 48 токтомунун негизинде эки институтту: КР УИАнын МТжАИ жана ГЖКӨИ бириктирүү жолу менен түзүлгөн.
УИАнын машина таануу институту – Кыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физикасы жана механикасы институтунун бургулоо жабдууларын комплекстүү механикалаштыруунун жана автоматташтыруунун илимий негиздери бөлүмүнүн (1965), Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунун механика жана тоо-кен машина таануу бөлүмүнүн (1970), Автоматика институтунун “Импульс” илимий инженердик борборунун (1988) укуктук мураскери болуп саналат. 1990-жылы Кыргыз ССР ИАнын өз алдынча бөлүмү статусуна ээ болуп, 1992-жылы Машина таануу институту болуп өзгөртүлгөн.
КР УИАнын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институту – 1960-жылы Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен Энергетика жана суу чарба институтунун автоматика жана телемеханика лабораториясынын базасында түзүлүп, Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунун укуктук мураскери болгон жана 2008-жылы аты өзгөртүлгөн.
КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөшүрүү институту 1960-жылы Кыргыз ССР ИАнын Геология институтунун Тоо-кен бөлүмүнүн базасында түзүлгөн. Кыргыз ССР ИАнын Тоо-кен иштери институтунун укуктук мураскери, кийин 1964-жылыКыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физикасы жана механикасы институту, 2008-жылы Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту болуп өзгөртүлгөн.
Азыркы учурда Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунда 16 илимий изилдөө лабораториясы, техникалык жана эксперименталдык технологиялык камсыздоо борбору, метрология жана стандартташтыруу бөлүмү жана чарбалык бөлүмдөр: “Геоприбор” илимий-инженердик борбору, “Аскатеш” инженердик борбору, “Рапид Аддитив” инженердик борбору жана “Архимед” билим берүү борбору бар.
Институттун директору Султаналиев Бактыбек Сабырбекович. Кызматкерлердин курамы: академиктер 3, мүчө-корреспонденттер 4, илимдин докторлору 21, илимдин кандидаттары 47, изилдөөчүлөр 96, жалпы кызматкерлер 195.

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер