Кыргыздардын салттуу музыкалык искусствосу татаал жана көп кырдуу болуп, кылымдардан бери ооздон оозго, колдон колго өтүп келген. Алар – фольклор жана оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство. Каада-салттагы фольклорго үрп-адаттарды коштоп жүргөн ырлар – кошок, кыз узатуу, той-аштар, жар-жар, бешик ыры сыяктуу чыгармалар кирет. Каада-салттык эмес фольклорго өздүк көркөм чыгармачылык менен алектенген күйгөн, секетпай, арман ырлар, кээде обондуу кайрыктар же салтка байланышпаган музыкалык-поэтикалык чыгармалар кирет. Оозеки салттагы профессионалдык искусствого айтуучулук (манасчы, дастанчы, төкмө акындар), аспаптык (хордофон, аэрофон үчүн күүлөр) жана аваздык-аспаптык (профессионал ырчылардын аткаруусундагы автордук чыгармалар) кирет. (Р.Аманова. Б., 2024. Монография).
2003-жылы 7-ноябрда кыргыздардын айтуучулук – манасчы, төкмөчү, дастанчылардын өнөрүн ЮНЕСКО адамзаттын материалдык эмес оозеки мурасынын шедеври деп жарыяласа, 2013-жылы “Манас” эпикалык трилогиясы ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктарынын тизмесине киргизилген. ЮНЕСКО менен байланыш түзгөн салттуу музыка боюнча эл аралык кеңештин (ICTM) ишмердүүлүгүнүн негизги багыты – дүйнө жүзүндөгү этностордун салттуу музыкалык искусствосун, бий өнөрүн изилдөө, документтештирүү, сактоо жана жайылтуу ICTM эки жыл сайын дүйнөнүн бардык аймагында эл аралык илимий-практикалык конференция, симпозиумдарды өткөрүп келет.
Кыргыздын музыкасын илимий жактан окумуштуулар А.В.Затаевич, В.С.Виноградов, В.М.Беляев изилдеп баштаса, кийинки кыргыз окумуштуулары Б.Алагушов, К.Дүйшалиев, С.Субаналиев улантышкан. В.С.Виноградов 1971-жылы чыккан “Кыргыздын аспаптык пьесалары жана ырлары” аттуу эмгегинде Затевич тарабынан чогултулган 170 чыгарманы жарыялаган. А.В.Затевич жалпысынан ыр, күүлөрдү камтыган болжолдуу 428 чыгарманын нотасын жазып калтырган.
Кыргызстандын этномузыка таануу илиминде биринчи жолу оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство жана анын бардык багыттары тарыхый-тарыхый-генетикалык ыраатуулукта искусство таануу илимдеринин доктору Роза Аманованын эмгегинде каралып, изилдөөгө алынган. Анын “Кыргыздын оозеки салттагы профессионалдык музыкасы” монографиясындагы илимий ишинин жыйынтыгы кыргыздын оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство мурасын сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу максатын көздөп, практикалык иш-аракеттер менен байланышкан.
Кенже эпосторду айтууну жандандыруу максатында ал тарабынан “Курманбек”, “Кедейкан” эпостору музыкалык жактан иштелип чыгып, аткарылган. Дастан айтуу салтын жандандыруу максатында “37-жыл кылым дастаны”, “Рахманкул хан”, “Ормон хан”, “Чыңгыз Айтматов” чыгармаларына обондор жаралып аткарылган. Кошок айтуу салтынын негизинде Афганистанда курман болгондорго “Ооган ыйы” (сөзү К.Иманалиев) аткарылган.
25-апрель Салттуу музыка күнүндө айтуучулук өнөргө “Дастан күнү”, аспапчылык өнөргө “Күү күнү”, аваздык-аспапчылык өнөргө “Ыр күнү” белгиленип, бул жанрлар боюнча кароо-сынактарды уюштуруу демилгеленген. “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду 2004-жылы түзүлгөн. Анын 15 жылдыгынын урматына 2019-жылы Комуз күнүн уюштуруу сунушталган. Комуз күнү 9-сентябрда болоору Президенттин Жарлыгы менен бекитилген.
2024-жылы КР Улуттук илимдер академиясынын алдында Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору түзүлгөн. Азыр анда илимий кызматкерлер иштеп, кыргыздын көөнөргүс салттуу маданият жана музыкасын дүйнөгө таанытуу максатын көздөө менен ар бир музыканттын, дастанчынын, манасчынын, комузчунун эмгектерин илимий жактан изилдөө ишин колго алышкан.
Алдыда илимий борбордун чоң долбоору башталганы турат. Дүйнөлүк салттуу музыка жана искусство “Рух санат” фестивалы Кыргызстанда өтмөкчү. Бул чоң иш-чара Президент С.Жапаровдун “Уңгужол – улут башаты” доктринасын түз улай турган, дүйнө элинин башын бириктире турган, өнүгүп бараткан Кыргызстандын атын даңазалай турган, кылым кезип келген кыргыздын салттуу музыкасын обого чыгара турган, башка дүйнө элдеринин салтуу музыкасын Кыргызстанда жаңырта турган үлкөн иш болмокчу. Анын мааниси Дүйнөлүк көчмөндөр оюну сыяктуу 2 жылда бир өтө турган дүйнөлүк деңгээлди алып, Кыргызстандын атын чыгарууга багытталган. Фестивалга дүйнө жүзүнөн салттуу маданият жана музыка искусствосу жаатында илимий иштер жазылып, окумуштуулар келет. Салттуу маданиятты, өнөрдү алып жүрүүчүлөрдүн арасында конкурстар уюштурулат. Дүйнөлүк атагы бар продюссерлердин, музыканттардын жолугушчу аянтчасы болуп, эртеңки кызматташууга жолдор ачылат.
Дүйнөлүк фестиваль ушул жылдын жай айында Чолпон-Атада, “Рух ордодо” болмокчу. Бул иш-чараны өткөрүүгө Министрлер Кабинетинен токтому чыгып, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги фестивалды өткөрүүгө чоң камылгаларды баштады.
Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.
Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…