20-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгел Дугер баш болгон делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу илимий кызматташуу, тажрыйба алмашуу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана илимий мекемелер аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Академик Мурат Жуматаев илимдер академиянын биргелешип иштеше турган ...
21.06.2018
КР УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун Эл аралык экономика бөлүмүнүн жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты, КР УИАнын жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы Азык Орозонова 12-13-июнда Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда өткөн “Илим, техника жана инновациялык технология” аталышындагы эл аралык форумга катышты. фото4Аталган өлкөнүн илим күнүнө арналган форумда А.Орозонова “Туризмдин санариптешүүсү – экономикалык өнүктүрүүнүн ...
20.06.2018
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунда «Тянь-Шандын (U)HP террейндери» аталышындагы коллективдик монография жарык көрдү. Эмгекке Илий тоо кыркаларындагы Актүз, Кыргыз тоо кыркаларындагы Макбал, Атбашы тоо кыркаларындагы Чолоктөр жогорку жана өтө жогорку басымдагы (U)HP террейндеринин метаморфиялык породаларынын абсолюттук геохронологиясынан маалыматтар жана аталган террейндердин геологиялык түзүлүшү, петрографиясы, минералогиясы жана ...
18.06.2018
13-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болду. Иш-чара улуу жазуучунун чыгармаларынын таралышынын географиялык картасынын бет ачары менен башталып, кол өнөрчү жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолду. Кечени КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев ачып берип, ...
14.06.2018