2018-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу Ж. Жээнбаев атындагы Физика-техникалык маселелер жана материал таануу институтунун базасында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) кезектеги филиалын ачты. ТИКБнын филиалын ачылышынын алкагында Кыргызпатент алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу менен Физика-техникалык маселелер ...
23.10.2018
Бүгүн, 23-октябрда Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун 75 жылдыгына арналган “XXI кылымдын босогосундагы инновациялык илим” аттуу Эл аралык илимий конференция өттү. Иш-чарада УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев куттуктоо сөзүн сүйлөп: “Институттун илимпоздорунун макалалары дүйнөлүк басылмаларга, илимий журналдарга көп жарыялангандыгын, бул да болсо илимдин жетишкендигинин жыйынтыктары экенин ...
23.10.2018
Экономика илимдеринин доктору, профессор Жаркынай Мусаева жана экономика илимдеринин кандидаты Салима Бекболотованын “Ааламдашуу шартындагы туруктуу өнүгүүнүн парадигмасы” (“Парадигма устойчивого развития в условиях глобализации”) аттуу китебинин бет ачары болду. Материалдын бир кыйла бөлүгү жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы. Авторлор Кыргызстандын келечекте өнүгүүсүнүн экономикалык реформаларын өзүлөрүнүн түшүнүүлөрү боюнча ачып беришкен. Ошондой эле бул эмгекте ...
22.10.2018
18-октябрда “Ааламдашуу шартында Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнүн траекториясы 2018” аталыштагы Эл аралык конференция башталды. Конференцияга бир нече мамлекеттин окумуштуулары, экономика илими боюнча мыкты адистер катышууда. Иш-чараны ачкан УИАнын Дж.Алышбаев атындагы институттун директору, экономика илимдеринин доктору Токтобубу Дыйканбаева Борбор Азия мамлекеттеринин өнүгүүсүндөгү окшоштуктар жана өзгөчөлүктөр жөнүндө токтолду жана төмөнкүлөрдү айтты: ...
18.10.2018