2018-жылдын 27-сентябрында УИАнын Жалпы чогулушунун отуруму өттү. Отурум быйылкы жылы көзү өткөн УИАнын академиги, элге билим берүүнүн отличниги, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, медицина илимдеринин доктору Какиш Рыскулованы жана УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү окумуштуу, азыркы кыргыз филологиясын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Аскар Турсуновду бир ...
28.09.2018
УИАнын президенти, академик М.С.Жуматаев Минск шаарындагы Илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын (ИАЭА) Мааракелик сессиясына катышып келди. Аталган иш-чара ИАЭАнын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналып, 20-21-сентябрь күндөрү салтанаттуу белгиленди. Академик М.С.Жуматаев катышуучуларга КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун куттуктоо сөзүн окуп берип, “КР Улуттук илимдер академиясынын жана ИАЭАнын кызматташуусу” аталышындагы билдирүү жасады. Салтанаттуу иш-чарада өткөн ...
25.09.2018
20-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында УИАнын академиги, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин туулгандыгынын 65 жылдыгына арналган “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат жана адабий-чыгармачылык иш-чара өткөрүлдү. Көргөзмө “Көрүнүктүү адабиятчы жана окумуштуу”, “Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер”, “Сыймык жана сыйлык ээси” аттуу 3 бөлүмдөн турган. ...
24.09.2018
“Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – КМШ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү” деген аталыштагы, жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференциянын ачылышында УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун директору э.и.д. Токтобүбү Саякбаевна Дыйканбаева окумуштуулардын келгендигине терең ыраазычылык билдирип: «Экономика институту Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, ааламдашуу жана санариптешүү ...
24.09.2018