Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-сентябрда өлкөбүздүн Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевди кабыл алды. Жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин өткөрүүнүн алкагында жана жазуучунун чыгармаларын жайылтуу боюнча институттун ишмердиги тууралуу сөз болду. Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу жаатында жүргүзүлүп жаткан ...
19.09.2018
19-сентябрда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында “Ботаникалык бактар: Өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүн сактоодогу ролу жана мааниси” аттуу Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын 80 жылдыгына арналган илимий конференция болуп өттү. Конференцияга УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчө О.А.Тогусаков, К.И. Скрябин атындагы КУАУнин токой чарба жана Агрономия факультетинин мөмө-жемиш жана токой чарба бөлүмүнүн ...
19.09.2018
Аталган библиографияны УИА Сикоку университети менен биргелешип чыгарган. Аталган китеп УИАнын Дуңган таануу жана кытай таануу борборунун, Сикоку университетинин жана Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин биргелешкен “Кыргызстандагы япон таануу боюнча библиография” долбоору болуп эсептелет. Китепте кыргыз япон таануусу боюнча теориянын жана практикасынын илимий изилдөөсү сунушталган. ...
18.09.2018
КР УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчө, философия илимдеринин доктору О.А.Тогусаков жана философия илимдеринин кандидаты, “Биом” экологиялык кыймылдын төрагасы, УИАнын докторанты В.А.Коротенко “Адам болууга үйрөнүү” аталыштагы XXIV Бүткүл дүйнөлүк философиялык конгресске катышып келди. Кыргызстандын окумуштуулары: О.А.Тогусаков «Илимдин философиясы» секциясында «Таануу системасындагы философияны жана илимди салыштыруу» жана В.А.Коротенко «Өнүгүү философиясы» секциясында Туруктуу «Өнүгүүдөгү өзөктүү ...
18.09.2018