Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунда «Тянь-Шандын (U)HP террейндери» аталышындагы коллективдик монография жарык көрдү. Эмгекке Илий тоо кыркаларындагы Актүз, Кыргыз тоо кыркаларындагы Макбал, Атбашы тоо кыркаларындагы Чолоктөр жогорку жана өтө жогорку басымдагы (U)HP террейндеринин метаморфиялык породаларынын абсолюттук геохронологиясынан маалыматтар жана аталган террейндердин геологиялык түзүлүшү, петрографиясы, минералогиясы жана ...
18.06.2018
13-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болду. Иш-чара улуу жазуучунун чыгармаларынын таралышынын географиялык картасынын бет ачары менен башталып, кол өнөрчү жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолду. Кечени КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев ачып берип, ...
14.06.2018
9-июнда, КР УИАнын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багындагы декоративдик гүлдөр бөлүгүндө шаардын жашоочулары жана коноктору үчүн декоративдик гүлдөрдүн көргөзмөсү болду. Көргөзмөдө келген коноктор гүлдөрдү кантип күтүү керектиги, кантип көбөйтүп, кантип дарылаш керектиги жөнүндө маалымат алышты. Көргөзмө жөнүндө декоративдик гүлдөрдүн лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты Ирина Петровна Бондарцова төмөнкүлөрдү айтып берди: – ...
11.06.2018
Бул тууралуу коомдук ишмер Роза Акназарова 7-июнда УИАда өткөн Академиялык инвестициялык форумда айтты. “Илимдер академиясында ушундай жаңыча иш башталып жатканын мен кубануу менен кабыл алдым. Бул чоң жетишкендик. Бүгүнкү Форумда айтылгандар Президентке, парламентке жетсе жакшы болмок, анан да Форумдун кеңейтилген форматта өтө турган жөнү бар. Анткени бул жерде инновациялык эмгектер ...
7.06.2018