7-декабрда УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Эл аралык Кувейт университетинде ректор Асан Сулейманович Ормушев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Келишимде эки тараптын биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, иш-чараларды өткөрүүсү жана тажрыйба алмашуусу боюнча иштер камтылган. Ошондой эле окумуштуулар кеңеши өтүп, жыйынга университеттин жалпы окумуштуулар курамы ...
7.12.2018
6-декабрда УИАда улуу жазуучу, даанышман ойчул Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Айтматовдун замандаштары: “Мен билген Айтматов” аттуу эскерүү жана “Айтматов окуулары – 2018” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү. Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан, Министрликтердин, Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, чыгармачыл инсандар, ЖОЖдордун окутуучулары, коомдук ...
6.12.2018
28-ноябрда УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Файсал Нияз Тирмизини кабыл алды. Жолугушууда М.С.Джуматаев УИАнын илимий-изилдөөчү мекемелери жана анда аткарылып жаткан иштер жөнүндө тааныштырды. Эки тарап Пакистандын жана Кыргызстандын илимдеги жетишкендиктери, алдыдагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдорунда эми мамлекеттин илимпоздорунун иштешсе боло турган мүмкүнчүлүктөрү, жаш окумуштууларды тарбиялоо жөнүндө ой бөлүштү. ...
29.11.2018
Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев Түркстан шаарында өткөн “Ыйык Түркстан жана түрк дүйнөсүнүн руханий модернизациясы” илимий-теориялык конференциясынын жүрүшүндө түркология илимине кошкон зор салымы үчүн Вильгельм Томсен атындагы медалы менен сыйланды. Айта кетсек, быйыл Вильгельм Томсендун орхон-энисей жазууларын чечмелегенине 125 жыл болгондугуна байланыштуу, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы ...
29.11.2018