Экономика илимдеринин доктору, профессор Жаркынай Мусаева жана экономика илимдеринин кандидаты Салима Бекболотованын “Ааламдашуу шартындагы туруктуу өнүгүүнүн парадигмасы” (“Парадигма устойчивого развития в условиях глобализации”) аттуу китебинин бет ачары болду. Материалдын бир кыйла бөлүгү жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы. Авторлор Кыргызстандын келечекте өнүгүүсүнүн экономикалык реформаларын өзүлөрүнүн түшүнүүлөрү боюнча ачып беришкен. Ошондой эле бул эмгекте ...
22.10.2018
18-октябрда “Ааламдашуу шартында Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнүн траекториясы 2018” аталыштагы Эл аралык конференция башталды. Конференцияга бир нече мамлекеттин окумуштуулары, экономика илими боюнча мыкты адистер катышууда. Иш-чараны ачкан УИАнын Дж.Алышбаев атындагы институттун директору, экономика илимдеринин доктору Токтобубу Дыйканбаева Борбор Азия мамлекеттеринин өнүгүүсүндөгү окшоштуктар жана өзгөчөлүктөр жөнүндө токтолду жана төмөнкүлөрдү айтты: ...
18.10.2018
13-октябрда Декоративдүү гүлдөрдүн лабораториясында экзотикалык гүлдөрдүн көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөдө шаардын тургундары жана коноктору, чет өлкөдөн келген көрүүчүлөр болушту. Көрүүчүлөр атайын дептерге өздөрүнүн ой пикир, каалоо-тилектерин жазып, тилектештигин билдиришти. Көргөзмөгө Дарак жана бадалдуу өсүмдүктөр лабораториясынын кызматкерлери, Эксперименталдык ботаника лабораториясы өздөрүнүн эмгектерин жана продукцияларын ала келишкен. Ошондой эле, шаардын гүл ...
15.10.2018
12-октябрда КР Башкы прокуратурасында “Мыйзамдуулукту чыңдоодо, прокуратура органдарынын системасын өнүктүрүүдө жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө кошкон зор салымы үчүн КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев КР Башкы прокурорунун 2018-жылдын 1-октябрындагы №931 Буйругу менен “Өз ара аракеттенишүү жана кызматташтык” медалы менен ...
15.10.2018