Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Илимий уюмдардын жана окумуштуулардын/адистердин ишмердүүлүгүн рейтинг түрүндө баалоо жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим

министирлигинин

№____ “___” ____2019-ж.

буйругу менен бекитилген

 

 

Илимий уюмдардын жана окумуштуулардын

 /адистердин ишмердүүлүгүн рейтинг түрүндө

баалоо жөнүндө ЖОБО

     1. Жалпы жоболор

 

  1. 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 24-р тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасында илимди уюуштуруу тутумун реформалоо Концепциясын ишке ашыруу боюнча баскычтык аракет планынын 3-, 4- жана 10-пунктарыныны аткаруу максатында иштелип чыккан.
  2. 2. Илимий уюмдардын катарына Улуттук илимдер академиясы жана академиялык институттар, жогорку окуу жайлардын илимий бөлүмдөрү, тармактык жана тармак аралык илимий-изилдөө уюмдары, илимий борборлор жана технопарктар, технополистер, илимий-өндүрүштүк бирикмелер, тажрыйба станциялары, илимий базалар, илимий станциялар, лабораториялар кирет.
  3. 3.Илимий жана/же илимий-техникалык кызматкерлер жана мекемелер илимий-техникалык өндүрүштү жана технологияларды киргизүү жана иштеп чыгуу процессинде катышуучу илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүктүн незизги субъектиси эсептелинет.
  4. 4. Бул Жобонун таасири натыйжалуу илимий жана/же илимий-техникалык ишмердүүлүктү мамлекет тарабынын ар тараптуу мотивациялоого ( мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар, премиялар жана баалуу белектер, ардак грамоталар жана башкалар), ошондой эле жыл сайын мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу деп эсептелген илим-изилдөө иштеринен конкреттүү натыйжаларды алуу менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга бөлүнүп туруучу каражаттарды эффективдүү бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга багытталган.

Бул Жобону ишке ашыруу механизми алдын ала бекитилген ирилештирилген ченемдерди колдонуу аркылуу илимий уюмдардын, ошондой эле өз алдынча эмгектенген окумуштуулардын/адистердин илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжаларынын Кыргыз Республикасынын тигил же бул тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымдарына, башкача айтканда, атайын тартипте кабыл алынган улуттук жана тармактык стратегия, программа жана пландардын аткарылуусуна кошкон салымын аныктоонун негизинде түзүлгөн.

  1. 5. Илимий уюмдардын, өз алдынча эмгектенген окумуштуунун/адистин салымы ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана башка иштеп чыгуулар менен алектенген илимий уюмдар жана окумуштуулар/адистер үчүн мамлекеттик илим жаатындагы атайын дайындалган органы тарабынан упай коюу жолу менен жыл сайын бааланат.
  2. 6. Мамлекеттик илим жаатындагы атайын дайындалган орган жыл сайын өлкөнүн туруктуу өнүгүү жараянына илимий мекемелердин жана окумуштуулардын/адистердин ишмердүүлүктөрүнүннатыйжасында кошкон салымдарынын негизинде отчеттук жылга жана мүмкүнчүлүккө жараша кийинки 5 жыл ичиндеги рейтингтерин иштеп чыгат.
  3. 7.Илимий уюмдардынрейтингдери жана илимпоз/адисттердин рейтингдери мамлекеттик илим жаатындагы атайын дайындалган органдын расмий сайтында, тигил же бул илимий мекемелердин жана окумуштуулардын/адисттердин конкреттүү жетишкендиктери, ийгиликтүү окумуштуулардын/адистердин жеке жетишкендиктери мамлекет тарабынан чектелүү бөлүнгөн каражаттардын илимий изилдөөлөргө эффективдүү жана багыттуу жумшалгандыгын, мамлекеттик, тармактык жана башка сыйлыктардын илимий жамааттарга, окумуштуу адистерге туура берилгендигин, ошондой эле аудитордук текшерүүлөрдө мамлекеттик илимий уюмдардын ишмердиктеринин натыйжалуу болгондугунун эң башкы негиздөөчү факторлору катары колдонулуп чогуу жарыяланат.

 

  1. 2.Рейтингди түзүүнүн негизги принциптери

2.1. Стратегиялык экономикалык, социалдык жана саясий ориентирлерди ишке ашыруу, улуттук экономиканын эффективдүүлүгүн жана анын өнүгүү темпин жогорулатуу максатында чектелген ресурстук потенциалды жана илимге бөлүнгөн (0,08% ИДК) бюджеттик каражаттардын жетишсиз көлөмүн эске алуу менен илимий изилдөө иштери өлкөнүн инновациялык талаптарына артыкчылыктуу тармактар боюнча жана башка ишмердүүлүктөр боюнча ата мекендик илимдин өнүгүүсүн, анын азыркы жашоонун чындыктарына жана перспективдүү тренддерге жооп берүүчү институттук жана жаратмандык потенциалын өнүгүүсүн алдыга сүрөө менен бирге максималдуу толук жооп берүүсү зарыл.

Бюджеттик каржылоого артыкчылыктуу түрдө азыркы рыноктук шарттардын талаптарына ылайык өлкөнүн стратегиялык багыттарына жооп берүүчү жана талап жогору болгон илимий фундаменталдык жана тажрыйбалык иштер татыктуу деп эсептелинет. Ушул эле учурда мамлекет тарабынан жеке сектордон артыкчылыктуу илимий изилдөөлөргө каржылоолор болуусуна керектүү шарттар түзүлмөкчү.

Рейтингдик механизмди колдонуу аркылуу мамлекеттин, анын тармактарынын жана аймактарынын өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ болгон илимий иштерди мамлекеттик максаттуу каржылоонун объективдүүлүгүн жогорулатуу максатка ылайык.

2.2.   Кайсы бир окумуштуунун/адистин же илимий уюмдун илимий эмгегинин баалуулугу мамлекет тарабына атайын дайындалган илимий тармак боюнча органы же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тарабынан атайын бекитилген экономикалык, социалдык жана саясий форматтардын негизинде аныкталат.

2.3. Рейтингдин сандык мааниси Тиркемеде көрсөтүлгөн илимий мекеме же окумуштуу/адис тарабынан жылдык баяндамаларга жана билдирүүлөргө ылайык топтолгон упайлардын кошулуусу менен аныкталат.

2.4. Рейтинг жыл сайын аныкталып турат. Мотивация боюнча маселелерди карап чыгууда, анын ичинде мамлекеттик бюджеттик каражаттардын илимий ишке бөлүүдө 5 жылга чейинки рейтингдеги көрсөткүчтөрдүн орточо мааниси эске алынат.

 

  1. 3.Илимий уюмдардынжана илимпоздордун/

       адистердинрейтингдик бааларынын түзүлүүсү

  1. 1.Илимий уюмдардын рейтингдик баалары алардын менчиктик формасы жана ведомстволук көз карандылыгына карабастан кыскача жылдык баяндамаларынын негизинде түзүлөт. Баяндаманын форматы 10 тексттик бетке чейин болуп, мамлекеттик илим жаатындагы атайын дайындалган орган тарабынан бекитилет.

Баяндама иштердин натыйжалары жөнүндө, өлкөнүн, тармактардын жана аймактардын өнүгүүсүнө кошкон конкреттүү салымдарды атайын тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү менен бирге болот.

  1. 2.Илимий уюмдардын кыска бир жылдык баяндамалары почта же электрондук почта аркылуу же тикелей Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин Илим департаментинин дарегине отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январынан кеч эмес жөнөтүлөт/тапшырылат.
  2. 3.Окумуштуулардын/адистердин илимий же илмий-техникалык ишмердүүлүгүнүн рейтингдик баасы илимий же илимий-тажрыйбалык иштер менен шугулданган жактар тарабынан берилген жылдык билдирүүнүн негизинде түзүлөт. Билдирүүнүн форматы илим жаатындагы атайын мамлекеттик орган тарабынан бекитилген 3 текстик беттен ашпайт. Билдирүү иштердин (же алар катышкан илимий иштердин) натыйжаларын камтыйт, өлкөнүн, тармактардын, аймактардын өнүгүүсүнө же башка ишмердик тармактарына кошкон конкреттүү салымдар көрсөтүлүп, ал атайын тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү менен берилет.
  3. 4.Кайсыл бир окумуштуунун/адистин жылдык билдирүүсү почта же электрондук почта аркылуу же тикелей Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин Илим департаментинин дарегине отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-февралынан кеч эмес жөнөтүлөт/тапшырылат.

Билдирүүнү тапшыруу кайсыл бир окумуштуу/адис тарабынан өз каалоосунун негизинде ишке ашырылат.

  1. 5.Илимий уюмдардын жана окумуштуулардын/адистердин илимий же илимий-техникалык ишмердүүлүгүнүн рейтингдери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин Илим департаменти тарабынын отчеттук жылдан кийинки жылдын биринчи кварталында түзүлөт.
  2. 6.Илимий уюмдарга же окумуштууларга/адистерге берилген упайлар жана алардын рейтингдери тууралуу жана илимий иштердин натыйжаларын рейтингдик баалоого тиешелүү башка маселелер боюнча акыркы чечимдер илимий уюмдардын жана окумуштуулардын/ адистердин рейтингдерин түзүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) тарабынан ачык добуш берүүнүн негизинде кабыл алынат. Комиссиянын курамына сөзсүз түрдө (макулдашуунун негизинде) эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү киришет. Комиссиянын иши, жетекчилиги, өздүк курамы тууралуу Жобо илим жаатындагы атайын мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
  3. 7.Илимий уюмдардын рейтингдери жана окумуштуулардын/ адистердин рейтингдери отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-апрелинен кеч эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин Илим департаментинин расмий сайтында жарыяланат жана керектүү учурда Кыргыз Рспубликасынын Билим берүү жана илим министирлигинин басма сөзүндө жарыяланат.
  4. 4.Илимий уюмдардынжана илимпоздордун/

адистердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасын сандык баалоо

  1. 1.Илимий уюмдардын же окумуштуулардын/адистердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы сапаттык мүнөздөмөлөрдөн сандык көрсөткүчтөргө которулат (упайлар менен). Бул иш Тиркемеде көрсөтүлгөн алардын баалуулугунун ирилештирилген ченемдеринин негизинде жүргүзүлөт.
  2. 2.Актуалдуу деп акыркы 5 жыл ичинде илимий уюм жана окумуштуу/адис тарабынан алынган упайлар, алардын ийгиликтүү ишмердүүлүктөрүнун стабилдүүлүгүн көрсөтүп тургандыктан эсептелет.

Упайлардын саны төмөндөгүдөй структуралык жазууну түзүүсү керек: “жыл-упайлардын орточо саны-упайлардын орточо санын эсептөө жылдарынын саны”. Мисалы: “2019-75-1”, бул эгер субъект 2019-жылы 75 упай алса, бир жылдын көрсөткүчү; эгер жазуу төмөндөгүдөй болсо: “2023-75-3”, бул рейтинг субъектиси 2023-жылдын жыйынтыгында акыркы 5 жылдык убакыт ченеминде 3 жыл рейтинг аныктоо өнөктүгүнө катышып, орто эсеп менен 75 упайга ээ болгон дегенди билдирет. Ал эми “2023-75-4” көрсөткүчүнө ээ болгон субъект артыкчылык алышы шарт, анткени бул 75 упай 4 жылды эсепке алгандагы орточо упай болгондуктан илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүк стабилдүү дегенди түшүндүрөт.

 

                                 ____________________

Тиркеме

КыргызРеспубликасынын

Билимберүүжанаилимминистрлигинин 2019-ж. «___»__________№_____

буйругумененбекитилди

 

 

   Илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүктүн

натыйжаларынын ирилештирилген салмак ченемдери

 

п/п

Илимий жана илимий-техникалык ишмердүүлүктүн

натыйжаларынын аталышы

Упайлар

ченеми

 

1

 

Укуктукченемдикактылардыиштепчыгуужанаалардыкабылалынгангачейинкитиешелүүмамлекеттиктүзүмдөрүндөжылдыруу:

               а) КыргызРеспубликасынынмыйзамдары:

– негизгииштепчыгуучу же жумушчу топтун жетекчиси

– авторлордунбирөөсү же жумушчу топтун мүчөсү

               б) стратегиялыкузакмөөнөттүү, ортомөөнөттүүжана башка

документтер (концепциялар, стратегиялар, программалар,

пландар):

– негизгииштепчыгуучу же жумушчу топтун жетекчиси

– авторлордунбирөөсү же жумушчу топтун мүчөсү

               в)   КРПрезидентининуказдарыжанабуйруктары,

                   КР Өкмөтүнүнтоктомдоружанабуйруктары:

– негизгииштепчыгуучу же жумушчу топтун жетекчиси

– авторлордунбирөөсү же жумушчу топтун мүчөсү

 

 

 

 

60

40

 

 

 

70

50

 

 

40

30

 

2

 

Тармактыкченемдик-нускоочудокументиништепчыгуужанаанытиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алуу менен бекитүү:

– жалгыз автор же жумушчу топтун жетекчиси

– авторлордунбирөөсү же жумушчу топтун мүчөсү

 

 

 

 

40

30

 

3

 

Патент же ойлоп табуучулардын күбөлүгүн алуу:

а) ойлоп табууга чет өлкөдөпатент алуу:

                           – жалгыз автор же авторлордун тизмесинде биринчи болуу

                           – авторлордун бирөөсү болуу

               б)ойлоп табууга КРде патент алуу:

                           – жалгыз автор же авторлордун тизмесинде биринчи болуу

                           – авторлордун бирөөсү болуу

               в) чет өлкөдө алынган ойлоп табуучулардын күбөлүгү:

                           – жалгыз автор же авторлордун тизмесинде биринчи болуу

                           – авторлордун бирөөсү болуу

               г) КРде алынган ойлоп табуучулардын кубөлүгү:

                           – жалгыз автор же авторлордун тизмесинде биринчи болуу

                           – авторлордун бирөөсүболуу

д) патент же укуккүбөлүгүналууүчүн:

                           -жаңы түрдүн ачылышы

                           – жанысорттуначылышы

                           – райондоштуруунуаныктоожанакартасынтүзүү

– карталыксхеманытүзүү

 

 

 

50

30

 

30

20

 

20

15

 

15

10

 

30

20

30

20

 

4

 

Жарыяланганмонографиялар, көлөмү 10 басма табактанөйдө:

а) алыскы чет өлкөлөрдө:

– жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

– авторлордунбирөөсүболуу

б) жакынкы чет өлкөлөрдө:

– жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

– авторлордунбирөөсүболуу

в)   КРдинаймагында:

– жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

– авторлордунбирөөсүболуу

Ошолэле,көлөмү 10 басма табактанкемболгондо:

а) алыскы чет өлкөлөрдө:

– жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

– авторлордунбирөөсуболуу

б) жакынкы чет өлкөлөрдө:

– жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

– авторлордунбирөөсүболуу

в)   КРдинаймагында:

           – жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

             – авторлордунбирөөсүболуу

 

 

 

55

45

 

45

35

 

35

30

 

 

50

30

 

40

20

 

30

10

 

5

 

Илимийжурналдардабасылганмакалалар:

а) Scopus, WebofScienceжанааларгабарабарболгон

басылмаларда:

– жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

               – авторлордунбирөөсүболуу

б) РИНЦ системасынданөлдөнжогоруимпакт-фактору менен:

               – жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

               – авторлордунбирөөсүболуу

в)   КРдинЖАКтынтизмесинекиргизилгенжурналдарда:

             – жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

             – авторлордунбирөөсүболуу

г) КРдин ЖАК сунушкылганжурналдартизмесинекирбеген

илимийжурналдарда:

             – жалгыз автор же авторлордунтизмесиндебиринчиболуу

                         – авторлордунбирөөсүболуу

             д) илимийэмгектердинтоптомдорунда

 

 

 

 

40

25

 

20

15

 

15

10

 

 

10

5

5

 

6

 

Далилденген экономикалык пайдасын тактооменен

изилдөөлөрдүн натыйжаларын ишке киргизүү:

а) жылына 50 млн. сомдонжогору

б) жылына 10млн.сомдон 50 млн. сомгочейин

в) жылына 10 млн.сомдон төмөн

 

 

 

90

70

50

 

7

 

Жаңы жумушорундарынтүзүүмененизилдөөлөрдүнжыйынтыктарынишкеашыруу:

а)   50жумушорунданжогору

               б) 50 жумушорундантөмөн

 

 

 

80

60

 

8

 

Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынматериалдык эмес сферада
ишкеашыруу:

а) бүтүндөйөлкөбоюнча оңтаасири

б)   жергиликтүүмаанидегиоңтаасир

 

 

 

60

40

 

9

 

Катышуулар:

а)   диссертациялыккенештерде:

– төрага\төраганын орун басары катары

               – мүчө\окумуштуукатчы катары

б) мамлекеттик илимжаатындагыатайын дайындалган органдын

эксперттиккенештеринде

в)   илимийжурналдынредколлегиясынынмүчөлүгүндө:

– Scopus, WebofScienceжанааларгабарабарболгон

басылмаларда

– РИНЦ системасынданөлдөнжогоруимпакт-фактору

менен

– КРдинЖАКтынтизмесинекиргизилгенжурналдарда

               – КРдинЖАКтынтизмесинекирбегенбасылмаларда

г) КРдин ЖАК сунушкылганжурналдартизмесинекирбеген

илимийжурналдарда

 

 

 

30

30

 

30

 

 

30

 

20

10

5

 

5

 

10

 

Илимийкадрлардыилимийдаражаыйгарууменендаярдоо:

а) илимдин доктору

б) илимдин кандидаты\философия доктору (РhD)

 

 

50

40

 

11

 

Илимийизилдөөлөрдужүргүзүүгө же анынжыйынтыктарынишкеашыруумаксатында чет жактан:

а) жумушорундарынтүзүүменен инвестиция тартуу

б) гранттыккаражаттардытартуу

 

 

 

80

50

 

12

 

Мамлекеттик илимжаатындагыатайын дайындалган органтарабынаналдын ала катталганконференция, симпозиум катарындаилимийфорумдардыуюштуруужанаөткөрүүдө:

а) уюштуруукомитетининтөрагасыболуу

             б) уюштуруукомитетининмүчөсүболуу

 

 

 

 

20

10

 

13

 

Чакыргантараптынэсебинентышкыилимийсапарлар:

а) илимий доклад менен

б) илимийишмердүүлүкбоюнчабайланышкан

башкамаксаттарменен

 

 

 

20

 

10

 

14

 

Баасы 1 млн.сомдонашкан ИИИ аткаруудакатышуу:

а) чарбалыккелишимдерде:

                           – долбоордун\теманынжетекчисикатарында

                           – аткаруучукатарында

             б) мамлекеттик бюджет боюнчаконкурстукнегизде:

                           – долбоордун\теманынжетекчисикатарында

                           – аткаруучукатарында

 

 

 

30

20

 

30

20

 

15

 

Сыйлыктардыалуубоюнча:

а)   эларалыкпремиялар, наамдар, илимийжетишкендикүчүн

сыйлыктар

б) ийгиликтүүилимийишмердүүлүгүүчүнКРдинмамлекеттик

сыйлыктары

в)   ийгиликтүүилимийишмердүүлүгүүчүнтармактыксыйлыктар

 

 

 

 

60

 

50

40

 

 

* Илимий ишмердүүлүктүн кандайдыр бир натыйжасы бул Тиркемеде камтылган натыйжаларга толук дал келбей калган учурларда илимий уюмдардын жана окумуштуулардын/адистердинрейтингдерин түзүү боюнча комиссия тарабынан ал натыйжага тиркемедеги натыйжалардын мааниси боюнча эң жакынынын ирилештирилген салмак ченеми ыйгарылат.

 

** Илимий ишмердүүлүктун натыйжаларынын ирилештирилген салмак ченемдери шарттуу көрсөткүч катары илим-изилдөө иштеринин тигил же бул конкреттүү аткаруучусуна ылайыкталбастан алдын ала расмий бекитилгендиги үчүн рейтингдик сандык мүнөздөмөлөрдү аныктоо процессинде коррупциялык иш-аракеттер толугу менен жок кылынганы анык.

 

________________________________


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер