Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАсы жөнүндөгү мыйзам

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2002-жылдын 25-июлу N 132

(КР 2016-жылдын 14-июнундагы N 80<, 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишинин укуктук негиздерин жана кепилдиктерин, анын мамлекеттик бийликтин органдары менен башка илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер менен болгон өз ара аракеттеринин негизги принциптерин аныктайт.

Ушул Мыйзам илимий-техникалык прогресстин, Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнүн негизи катары фундаменталдык жана прикладдык илимдерди өнүктүрүүгө, республиканын илимий дареметинин эң маанилүү тутумдук бөлүгү катары академиялык илимдин сакталып калышынын жана андан ары өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого багытталган.

1-Глава. Жалпы жоболор

1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын статусу

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары – УИА) – УИАнын мүчөлөрүн, УИАнын илимий изилдөө институттарын, илимий кызматкерлерин, адистерин, тейлөөчү жана башка кызматкерлерин бириктирген мамлекеттик жогорку илимий мекеме.

УИА өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана УИАнын уставына ылайык жүзөгө ашырат.

УИАнын иши республиканын өндүргүч күчтөрүн, анын илимий-техникалык дареметинин, маданиятынын, эл агартуусунун, адабиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө көмөктөшүүчү фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөргө, укуктук мамлекетти түзүүгө жана калыптандырууга багытталып, улуттар аралык тынчтыкты жана достукту чыңдоого көмөк көрсөтөт.

Улуттук илимдер академиясы юридикалык жактын статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УИАнын уюштуруучусу болуп саналат. УИА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.(КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. УИАнын уставы

УИАнын уставы анын жалпы чогулушунда кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана белгиленген тартипте катталат. УИАнын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш.

УИАнын уставында:

  • УИАнын аталышы, жайгашкан жери жана статусу;
  • УИАнын ишинин негизги максаты, милдети, багыты жана принциптери;
  • УИАнын укуктары;
  • УИАны, анын түзүмдүк бөлүктөрүн башкаруунун тартиби жана алардын ишине контроль жүргүзүү;
  • УИАнын жетектөөчү органдарынын компетенциясы, аларды түзүүнүн тартиби жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү;
  • УИАнын мүчөлүгүнө шайлоонун, анын тутумунан чыгаруунун шарттары жана тартиби;
  • УИАнын түзүмү, анын уюштуруу түзүмдөрүн түзүүнүн, ишинин жана жоюунун тартиби;
  • УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, алардын башка юридикалык жана жеке жактар менен болгон өз ара мамилесинин шарттары;
  • УИАнын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби каралат.

Уставда УИАнын ишинин жана статусунун өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболор да каралышы мүмкүн.

3-статья. УИАнын ишинин максаты

УИАнын иши илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырууга багытталган:

  • Кыргыз Республикасында табигый, техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдер жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • республиканын социалдык-экономикалык, саясий, илимий-техникалык, инновациялык жана маданий жактан өнүгүшүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;
  • илимий иштеп чыгууларды жана жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • Кыргызстандын элинин билим алуусунун, рухий маданиятынын өнүгүшүнө жана анын интеллектуалдык дареметин жогорулатууга илимдин таасирин тийгизүү. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. УИАнын негизги милдеттери

УИАнын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу алкактарындагы негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык, инновациялык илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу;
  • эң маанилүү илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий экспертизадан өткөрүүнү уюштуруу жана катышуу;
  • жогорку квалификациядагы илимий кызматкерлерди аспирантура жана докторантура аркылуу даярдоо; окумуштуулардын жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде чет өлкөлүк илимий борборлордо жогорулатуу;
  • өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий өнүгүүсүн, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону илимий камсыз кылуу;
  • илимди өнүктүрүүнүн принципиалдуу жаңы жолдорун табуу; ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштамаларды жана механизмдерди иштеп чыгууга катышуу.(КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. УИАнын функциялары

УИАнын функцияларына төмөнкүлөр кирет:

  • Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик бирдиктүү саясатын, илимий-техникалык өнүгүшүнүн комплекстүү божомолун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, республикадагы илимдин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө жылдык баяндаманы даярдоого катышуу;
  • илимий-техникалык программалардын, изилдөө иштеринин келечектүү пландарынын алкактарында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • инновациялардын жана жогорку технологиялардын үлгүлөрүн түзүү боюнча тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык иштеп чыгууларды жүргүзүү;
  • эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын алкактарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, илимий билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу;
  • илимий-техникалык саясат жана прогресс маселелери боюнча, ошондой эле улуттук билим берүү тутумунун илимий деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүү;
  • илимий техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүгө катышуу. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Мамлекеттик органдардын жана УИАнын илимий-техникалык саясатты ишке ашыруудагы өз ара мамилелери

УИА Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий-техникалык саясатынын субъекти болуп саналат. Кыргыз Республикасындагы илимдин өнүгүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу УИАнын тике катышуусу менен жүзөгө ашырылат.

Мамлекет УИАга жүктөлгөн милдеттер аткарылышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт, УИАнын кадыр-баркынын жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык, саясий өнүгүшүндөгү орду менен ролунун жогорулашына ар тараптан көмөктөшөт, анын ишин камсыз кылуу үчүн каржы каражаттарын белгиленген тартипте бөлүп берет.

Өз ишинде УИА Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик башкаруу органдары менен активдүү өз ара аракеттенет. УИАнын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча ал аталган органдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка уюмдарына жана мекемелерине тике кайрылууга, алардан өз суроолоруна жооп алууга укуктуу. УИАнын компетенциясына кирген маселелерди кароодо УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу органдарынын коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештеринин заседаниелерине жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу.

УИАнын иши өзүнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыз кылууга, окумуштуулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү эркин жүргүзүүгө багытталган илимий ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана өз алдынча башкаруу принциптерин айкалыштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат. УИАдагы башкаруунун тариздери жана тартиби анын уставы менен аныкталат.

7-статья. УИАнын башка илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин субъекттери менен болгон өз ара мамилелери

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана өз уставына ылайык, УИА иштин түрлөрүн жана усулдарын өз алдынча аныктайт, илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүнү, аларга колдоо көрсөтүүнү же практикада ишке ашырууну жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жана жеке жактар, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен, анын ичинде башка мекемелерде иштеген УИАнын мүчөлөрүнүн ишине таянып өз ара пайдалуулуктун жана тең укуктуулуктун негизинде кызматташат.

УИАнын илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин башка субъекттери менен кызматташуусунун негизги түрлөрү:

  • биргелешкен программалардын, пландардын жана долбоорлордун алкагында илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткаруу;
  • Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелеринин окумуштуулары менен адистерин УИАнын илимий мекемелериндеги изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарууга тартуу;
  • УИАнын окумуштууларынын жана адистеринин республикадагы жогорку окуу жайлар менен илимий мекемелерде жүргүзүлүп жаткан иштеп чыгууларга жана изилдөөлөргө катышуусу;
  • УИАнын окумуштууларынын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен илимий мекемелеринде жогорку квалификациялуу илимий кызматкерлерди жана адистерди даярдоого катышуусу;
  • биргелешкен илимий жана илимий-практикалык сессияларды, конференцияларды, кеңешмелерди, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү;
  • УИАнын мезгилдүү басма сөз басылмаларында окумуштуулардын жана илимий мекемелердин илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жарыялоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелери илимий иштин багыттары боюнча УИА тарабынан жарыяланган адисттиктер боюнча УИАнын академиктигине жана корреспондент мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. Жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелер тарабынан талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби УИАнын уставы менен аныкталат.

УИА республикалык бюджеттин эсебинен фундаменталдык изилдөөлөрдү аткаруучу Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларынан жана илимий мекемелерден фундаменталдык изилдөөлөрдүн натыйжалары жана абалы жөнүндө маалыматтарды суратууга жана алууга, аткарылып жаткан фундаменталдык изилдөөлөрдүн абалына жана деңгээлине баа берүүгө укуктуу.

2-Глава. УИАнын мүчөлөрү, алардын укуктары жана милдеттери

8-статья. УИАнын мүчөлөрү

Анык мүчөлөр (академиктер), корреспондент мүчөлөр, УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрү УИАнын мүчөлөрү болуп саналат.

Илимди зор илимий эмгектер менен байыткан Кыргыз Республикасынын окумуштуу атуулдары академик, корреспондент мүчө болуп шайланышы мүмкүн.

УИАнын мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейинкиге шайланат.

УИАнын мүчөлөрүнүн жалпы саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен аныкталат.

Чет өлкөлүк мүчөлөр болуп чет элдик окумуштуулар шайланышы мүмкүн.

Академиктерди, корреспондент мүчөлөрдү, УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн шайлоонун тартиби жана шарттары анын уставы жана УИАнын президиуму тарабынан бекитилүүчү шайлоо жөнүндө жобо менен аныкталат.

9-статья. УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

УИАнын анык мүчөлөрү (академиктери) жана корреспондент мүчөлөрү:

  • жеке өздөрү жүзөгө ашыруучу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аны уюштуруу үчүн зарыл болгон шарттардын түзүлүшүнө;
  • өзүнөн УИАнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга жана анын тутумунан чыгып кетүүгө;
  • УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга укуктуу;

УИАнын анык мүчөлөрү (академиктери) жана корреспондент мүчөлөрү:

  • УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга активдүү катышууга;
  • илимдин жетишкендиктерин практика жүзүндө ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүүгө;
  • илимий изилдөө иштерин жеке жүзөгө ашыруу, илимий көйгөйлөрдү жамааттык иштеп чыгууну уюштуруу жана ал иштеп чыгууга илимий жетекчилик кылуу жолу менен илимди байытууга;
  • илимий кызматкерлерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүгө;
  • УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга;
  • УИАнын тийиштүү бөлүмүнө өзүнүн илимий иштери жөнүндө жыл сайын жазуу түрүндө отчет берүүгө милдеттүү. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-Глава. УИАнын башкаруу органдары

10-статья. УИАнын жалпы чогулушу

УИАнын анык мүчөлөрүнөн (академиктеринен), мүчө-корреспонденттеринен, илимий мекемелердин жетекчилеринен жана жетектөөчү окумуштууларынан турган жалпы чогулушу УИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат.

УИАнын жалпы чогулушу:

  • УИАнын уставын жана ага түзөтүүлөрдү кабыл алат;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын алкактарында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;
  • УИАнын президиумунун, УИАнын бөлүмдөрүнүн, илимий мекемелеринин, анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин отчетторун угат жана бекитет;
  • УИА анык мүчөлөрүн (академиктерин), мүчө-корреспондеттерин, чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын президентин жана президиумунун мүчөлөрүн УИАнын уставында аныкталуучу тартипте шайлайт;
  • илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди карайт.

УИАнын жалпы чогулушунун сессиясы зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат.(КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. УИАнын президиуму

УИАнын жалпы чогулушунун сессияларынын аралыгында УИАнын президиуму туруктуу иштөөчү коллегиялуу аткаруучу орган болуп саналат. УИАнын президенти УИАнын президиумунун төрагасы болуп саналат.

УИАнын президиуму УИАнын президентинин, вице-президентинин, башкы окумуштуу катчысынын, бөлүмдөрүнүн төрагаларынын, УИАнын уставында аныкталган санда УИАнын президиумунун мүчөлөрүнүн, ошондой эле кеңеш берүүчү добушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүнүн курамында УИАнын жалпы чогулушунда шайланат.

Президиумдун мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. УИАнын президиумунун мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби, алардын функциялары жана ыйгарым укуктары УИАнын уставында аныкталат.

УИАнын президиуму:

  • УИАнын жалпы чогулушунун сессияларын чакырат;
  • илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерди түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте карайт;
  • УИАнын бардык түзүмдүк мекемелери жана кызмат адамдары тарабынан УИАнын уставынын сакталышы үчүн контролдоону жүзөгө ашырат;
  • УИАнын уставына ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.(КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. УИАнын президенти

УИАнын президенти УИАнын жалпы чогулушунда УИАнын 70 жаштан улуу эмес анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин ичинен жашыруун добуш берүү менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам УИАнын президентинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайлана алат.

УИАнын жаппы чогулушунун шайлоосунун натыйжалары боюнча УИАнын президентинин кызмат ордуна шайланган талапкер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бир айдын ичинде бекитилет. УИАнын президентин шайлоо жөнүндө жалпы чогулуштун чечими Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилбеген учурда шайлоо жараксыз деп эсептелет.

УИАнын президенти:

  • УИАнын жалпы чогулушунун жана УИАнын президиумунун ишине жетекчилик кылат;
  • УИАга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомдоштуктарда, ассоциацияларда УИАнын атынан чыгат;
  • өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана УИАнын жалпы чогулушуна отчет берет.

УИАнын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

  • өз арызы боюнча;
  • УИАнын жалпы чогулушунун мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмеси тарабынан демилгеленген чакыртып алуусу боюнча;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган учурларда;
  • жазык жана администрациялык мыйзамдарды бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча.

УИАнын президентинин орду бош болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри УИАнын жалпы чогулушунун сунушу боюнча УИАнын президентинин милдетин аткаруучуну бир жылга чейинки мөөнөткө дайындайт. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. УИАнын бөлүмдөрү

УИАнын бөлүмдөрү илимдин бир же бир нече тармагы боюнча ошол бөлүмгө шайланган УИАнын мүчөлөрүн, ошондой эле ал бөлүмгө кирген институттардын жана башка мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирип турган илимий жана илимий-уюштуруучулук борборлор болуп саналат.

Бөлүмдөрүн тутумунда илим-изилдөө институттары, илимий, илимий-өндүрүштүк борборлор жана башка илимий кичи бөлүмдөр болот.

Комплекстүү көйгөйлөрдү иштеп чыгуу үчүн УИАнын бөлүмдөрү өз тутумуна кирген, ошондой эле кирбеген илимий мекемелерден ассоциацияларды түзүшү мүмкүн.

УИАнын бөлүмдөрүнүн иши УИАнын жалпы чогулушу тарабынан бекитилүүчү УИАнын уставы жана УИАнын бөлүмдөрү жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

14-статья. УИАнын региондук бөлүмдөрү

УИАнын региондук бөлүмдөрү ошол региондун илимий мекемелеринде иштеген УИАнын мүчөлөрүн жана ошол региондо жайгашкан институттардын жана башка илимий мекемелердин кызматкерлерин бириктирип турат.

УИАнын региондук бөлүмдөрүнүн тутумунда илимий борборлор, илим-изилдөө институттары, башка илимий жана илимий-көмөкчү мекемелер болушу, региондо жайгашкан жогорку жана башка билим берүү мекемелери менен илим-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн биригиши мүмкүн.

4-Глава
УИАнын мекемелери

15-статья. УИАнын илимий мекемелери

УИАнын курамында илимий мекемелери, илим-изилдөө институттары, илимий-өндүрүштүк борборлору жана башка түзүмдүк кичи бөлүмдөрү болуп, алар юридикалык жак болуп саналуу менен УИАнын президиуму тарабынан бекитилүүчү уставдардын негизинде иш жүргүзөт. Илимий мекемелердин уставдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана УИАнын уставына каршы келбөөгө тийиш.

16-статья. УИАнын башка мекемелери

Илимий, илимий-техникалык, инновациялык, илимий-уюштуруучулук, маалыматтык, патенттик-лицензиялык, метрологиялык, редакциялык-басма, чарбалык жана башка иш менен камсыз кылуу үчүн УИАнын тутумунда эксперименттик, тажрыйба-конструктордук, өндүрүшкө киргизүү уюмдары жана мекемелери, илимий кызмат көрсөтүүнүн жана социалдык чөйрөнүн уюмдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, УИАнын уставына жана өз уставдарына ылайык иштөөчү башка уюмдар, мекемелер жана ишканалар түзүлүшү мүмкүн.

5-Глава
УИАны каржылоо жана анын мүлкү. УИАны материалдык жана социалдык-тиричиликтик жактан камсыз кылуу

17-статья. УИАны каржылоо

УИАнын илимий мекемелерин каржылоо формалары (базалык, максаттуу-программалык жана гранттык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

УИАнын илимий мекемелеринин каржылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

  • республикалык бюджеттин каражаттарынын;
  • атайын арналыштагы фонддордун каражаттарынын;
  • жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган чет өлкөлүк жана башка булактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулуктарынын.

УИАнын илимий мекемелерин каржылоо илимий мекемелерди, фундаменталдык жана прикладдык программаларды базалык каржылоону, ошондой эле академиялык илимий инфратүзүмдү каржылык камсыз кылууну кошуп алганда, Илимдин улуттук фондунан өзүнчө сап менен жүзөгө ашырылат.

Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн УИАнын илимий мекемелери, айрым окумуштуулары жана окумуштуулардын тобу Илимдин улуттук фондунун гранттарын алуу үчүн конкурстарга катыша алышат.

Учурдагы жылдын аягына чейин сарпталбаган атайын каражаттар кийинки жылда пайдалануу үчүн сакталып калат.

Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алынган каржылык каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн каржылоо булактарына (бюджеттик каражаттар, гранттар, насыялар) карабастан, мекеменин жетекчиси, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. УИАнын мүлкү

УИАнын мүлкү УИАнын оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат.

Мамлекет УИАга анын уставы менен каралган иш үчүн пайдаланылуучу негизги жана жүгүртүлүүчү фонддорду, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү пайдаланууга мөөнөтсүз жана акысыз берет.

УИАга берилген негизги жана жүгүртүлүүчү фонддор менен мамлекеттик башка мүлктөр бөлөк уюмдарга берилбейт жана алынып коюлбайт.

УИА өзүнө берилген мүлктү УИАсынын уставы менен көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин бардык түрлөрүн, анын ичинде материалдык-техникалык базаны чыңдоо, инфраструктураны күтүү жана өз кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн алынуучу пайданы пайдалануу менен тажрыйба-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык ишкердүүлүктүн булактарынан түшкөн каражаттарды пайдаланат.

19-статья. Эмгекке акы төлөө, социалдык-тиричиликтик маселелерди чечүү

УИАнын анык мүчөлөрүн (академиктерин) жана мүчө-корреспонденттерин кошуп алганда, УИАнын кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

УИАнын мүчөлөрүнүн, илимий кызматкерлеринин, адистеринин, тейлөөчү персоналынын социалдык-тиричиликтик маселелерин чечүү үчүн УИА тартылган каражаттардын чектеринде кызматтык маяналарга дифференцияланган үстөктөрдү белгилейт жана аларга материалдык жардам көрсөтөт. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. УИАнын кызматкерлеринин социалдык кепилдиктери

УИАнын кызматкерлери жана алар менен кошо жашаган үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык тейлөөдөн пайдаланат.

УИАнын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү УИАнын санаторийлеринде, пансионаттарында, дем алуу үйлөрүндө жана туристтик базаларында санаторийдик-курорттук дарыланууга укуктуу.

21-статья. УИАнын илимий архивдери

УИА окумуштуулардын, адабият, маданият жана искусство ишмерлеринин кол жазмаларын, ошондой эле УИАнын архивдик материалдарын жана илим менен анын тарыхы үчүн баалуу болгон башка архивдик материалдарды өз архивинде сактоого укуктуу.

22-статья. УИАнын басып чыгаруу иши жана басма сөз басылмалары

УИА басып чыгаруу ишине, анын ичинде расмий илимий мезгилдүү басылмаларды бастырып чыгарууга, ошондой эле башка өлкөлөрдүн илимий мекемелеринин, жогорку окуу жайларынын жана китепканаларынын басма сөз басылмалары менен алмашууга укуктуу.

6-Глава
Корутунду жоболор

23-статья. УИАнын эл аралык байланыштары

УИА эл аралык практикада кабыл алынган эл аралык илимий алмашуулардын түрлөрү менен каражаттарын практикада колдонуп: илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн кызыккан чет өлкөлүк уюмдарды, ишканаларды жана фирмаларды ишке тартат, алар менен белгиленген тартипте илимий жана техникалык проблемаларды чечүү үчүн биргелешкен ишканаларды, илимий-окуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт.

УИА эл аралык илимий мекемелерди жана уюмдарды түзүүгө катышат, эл аралык уюмдарга кирет; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин илимдер академиялары, башка илимий мекемелери жана жогорку окуу жайлары менен байланыш түзөт жана тыгыз өз ара аракеттенет, өз ара пайдалуу негизде илимий программаларды биргелешип аткаруу менен илим-изилдөө иштеринин натыйжаларын, илимий маалыматтарды, басма сөз басылмалары, илим-изилдөө ишинин деңгээли менен натыйжалуулугун жогорулатуунун усулдары менен алмашат.

Эл аралык байланыштарды жүзөгө ашыруу максатында УИА чет өлкөлөрдүн компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдар менен белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзөт, аткарат жана жокко чыгарат.

24-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин Тоо” газетасынын 2002-жылдын 7-августунда N 59-60 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
2002-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер