Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Сейсмология институту

Институттун түзүлүү тарыхы

1952-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунда Геофизика сектору түзүлгөн (кызматкерлердин үч бирдигинен турган штат менен). Ал 1956-ж. кайра Сейсмология бөлүмү болуп аталат. Аны ф.-м. и.д. Е.А. Розова жетектеген (кийинчерээк академик болгон).

1960-ж. Кристаллография бөлүмүнүн жана лабораториясынын базасында жаңы Математика, физика жана механика институту түзүлгөн. Аны ф.-м.и.д., академик С.М. Попов жетектейт. Сейсмология бөлүмүндө үч лаборатория түзүлөт: теоретикалык сейсмология (башчысы Е.А. Розова), сейсмикалык райондоштуруу (башчысы К.Д. Жанузаков) жана сейсмикалык микрорайондоштуруу (башчысы З.Ф. Репина). 1963-ж. сейсмология бөлүмү Кырг. ССРдин ИА Геология институтуна берилген. 1952-ж. тартып 1975-ж. чейинки мезгил ичинде бөлүм 3 кишиден 90 адамга чейин көбөйгөн, мында 8 кандидаттык диссертация корголгон.

Бөлүмдүн кызматкерлери Ортотокой (Чу д.), Киров (Талас д.) жана Папан (Ак-Буура д.) суу сактагычтардын райондорунда экспедициялык сейсмологиялык байкоолорду жүргүзүшкөн; долбоорлонуп жаткан Токтогул ГЭСинин районунун сейсмикалык коркунучунун даражасын аныктоо боюнча иштерди аткарышкан, Фрунзе, Кант, Токмок, Рыбачье, Кара-Балта шаарларынын сейсмикалык микрорайондоштуруусунун (СМР) алгачкы карталарын түзүшкөн; Тянь-Шандын 1925-ж. тартып 1955-ж. чейинки жер титирөөлөрүнүн каталогун чыгарышкан; «СССРдеги жер титирөөлөрдүн атласын» жана монографии «СССРдеги жер титирөөлөр» монографиясын түзүүгө катышышкан, алар Ленин сыйлыгын изденип алууга көрсөтүлүшкөн.

1968-ж. Кыргызстандын аймагын 1:2500 000 масштабындагы сейсмикалык райондоштуруунун алгачкы картасы басылып чыгарылат (авторлору: Е.А. Розова, К. Джанузаков, В.Г. Королев), ал бүткүл союздук картанын курамына кирет.

1967-ж. тартып 1969-ж. чейин Чүй ойдуңунун жана анын тоо курчоосунун сейсмикалык режимин жана сейсмотеконикасын комплекстүү изилдөө жүргүзүлөт, аларда сейсмологдордон тышкары геолог-тектонисттер дагы катышат. Булиштердин жыйынтыгы болуп ушул аймактын сейсмикалык райондоштуруусунун комплекстүү картасын жана «Чүй ойдуңунун мисалында комплекстүү сейсмикалык райондоштуруу тажрыйбасы» монографиясын (авторлору: К. Джанузаков, Б. Ильясов, В.И. Кнауф, О.К. Чедия, Т.М. Сабитова ж.б.лар) чыгаруу эсептелет.

1958-ж. Кырг. ССРинин ИА Сейсмология бөлүмүндө алгачкы аймактык сейсмикалык «Арал» станциясы ачылат. 1960-ж. тартып 1973-ж. чейин мындай станциялар саны 9га жетет – «Кажы-Сай», «Аркит», «Ананьево», «Эркин-Сай», «Боом», «Кировка», «Манас», «Суфи-Курган». Мониторинг түйүнүн уюштуруудагы ири сиңирилген эмгек т.и.к. К.Д. Жанузаковго жана инж. Д.Р. Рыскуловго тиешелүү. Андан тышкары, 13 көчмө станциялар мезгилдүү төрдө Кыргызстандын ар башка райондорунда иштеп турган.

1970-ж. катастрофалуу Сарыкамыш жер титирөөсүнөн кийин өлкөнүн Өкмөтүнүн алдында республикада Сейсмология институтун түзүү тууралуу маселе көтөрүлөт, анын демилгечилери болуп ф.-м.и.к. В.П. Грин, г.-м.и.к. В.П. Королев жана г.-м.и.д. В.И. Кнауф чыгышкан. 1975-ж. Кырг.ССРинин Министрлер кеңешинин 20-январдагы №21 токтомунун негизинде (КР Юстиция министрлигинде 1998-ж. 30-июлундагы 7587-3301-У-е каттоо №) Улуттук илимдер академиясында Сейсмология бөлүмүнүн жана эки лабораториянын – Геология институтунун неотектоника жана тереңдик тектоника лабораторияларынын базасында Сейсмология институту түзүлгөн, аны г-м.и.д. К.Е.Калмурзаев жетектейт. 1983-ж. тартып институтту г.-м.и.д. В.И.Кнауф, 1985-ж. тартып – г.-м.и.д. Ф.Н.Юдахин, 1994-ж. тартып – КР УИАнын мүчө-корреспонденти, г.-м.и.д. А.Т.Турдукулов, 2007-ж. тартып – г.-м.и.д. К.Е.Абдрахматов жетектешет.

Институттун изилдөөлөрүнүн тематикасы илимий, эл чарбачылыгы жана социалдык мааниге ээ болгон милдеттерди чечүүгө багытталган: жер титирөөлөрдүн белгилерин издөө; деталдаштырылган сейсмикалык райондоштуруу жана микрорайондоштуруу; Кыргызстандын аймагынын жалпы сейсмикалуулугун изилдөө; суу сактагычтардын ири гидротехникалык курулуштар райондорундагы сейсмикалык режиминин өзгөрүшүнө тийгизген таасирин аныктоо; жер кыртышынын жана жогорку мантиясынын курулушун изилдөө.

1979-ж. Сейсмология нститутунун алдында Тажрыйба-методикалык сейсмологиялык экспедиция (ТМСЭ) уюштурулган – СИнин илимий-изилдөөчүлүк иштери үчүн эксперименталдык база жана сейсмологиялык, геофизикалык жана гидрогеохимиялык материалдарды берип туруучу. 2009-ж. тартып ТМСЭ Сейсмикалык мониторинг борборуна кайра өзгөртүп түзүлгөн, ал «KRNET» түйүнүнүн (кыргыз улуттук мониторинг түйүнү) 17 сейсмикалык станциясын, 5 геомагниттик, 4 гидрогеохимиялык жана 4 гидродинамикалык станцияларды камтып турат.

Бүгүн Сейсмология институту – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын курамындагы алдыңкы илимий уюм, ал өлкөнүн аймагындагы сейсмикалык кубулуштарды изилдейт жана сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо проблемалары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ал Улуттук сейсмологиялык кызматтын милдеттерин аткарат.

Сейсмотуруктуу курулуш боюнча ченемдик документтерди жана калкты жана аймактарды жаратылыш катастрофаларынан коргоого багытталган мыйзамдарды иштеп чыгууга катышат.

Институт сейсмологиялык байкоо жүргүзүүлөрдүн дүйнөлүк түйүнүнө кирет, Борбордук Азиядагы жер титирөөлөр боюнча материалдарды топтоо жана иштеп чыгуу, сейсмикалык райондоштуруу карталарын түзүү боюнча Координациялык борбор макамына ээ, Кыргыз Республикасынын Ядролук Сыноолорго Баарын камтый турган Тыюу салуу жөнүндө Келишим Уюму (ЯСБТКУ, БУУ) деңгээлиндеги өкүлү жана Эл аралык Геодинамикалык борбордун (IRC-GPG) – Бишкек божомолдоочу полигондун тең укуктуу уюштуруучусу болуп саналат.

КР Өкмөтүнүн чечими боюнча Институт ар түрдүү багыттагы объекттерди курууга бөлүштүрүлгөн аймактар жана аянтчалар боюнча Корутундуларды түзүү боюнча Уюмдар тизмесине киргизилген.

Институттун алдында сейсмология жана сейсмотектоника тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдай турган аспирантура иш алып барат, кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча Адистештирилген Кеңеш ачылган жана студенттер жана жаш адистер үчүн аска көчкүлөрүн изилдөө боюнча жыл сайын өтүүчү Эл аралык мектеп иш жүргүзөт, сейсмология жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча Көйгөйлүү Кеңеш түзүлгөн.

Институттун курамында 8 лаборатория, Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору, Сейсмикалык мониторинг борбору жана «СЕЙСМОСЕРВИС» илимий-изилдөөчүлүк борбору бар.

Институт тарабынан 11 илимдин доктору, алардын ичинен – 5 КР УИАнын мүчө-корреспонденттери, жана 32 илимдин кандидаттары даярдалышкан; эл чарбачылыгына 72 илимий иштеп чыгуулар киргизилген, 38 Патент жана Күбөлүк алынган, «Жер титирөөгө чейин, анын маалында жана андан кийин эмне кылуу керек?» эскертмеси кыргыз жана орус тилдеринде жалпы калк жана мектеп окуучулары үчүн чыгарылып жана таркатылган.

Институттун өзүнүн веб-сайты (www.seismo.kg) бар, ал жакта дайыма жанаыкчам түрдө болуп өткөн жер титирөөлөр жөнүндө кеңири маалыматтар билдирилет, сейсмология маселелери боюнча материалдар берилет, 2013-жылдан тартып «КР УИАнын Сейсмология институтунун Жарчысы» интернет-журналы жарык көрөт (3 номери басып чыгарылган).

Институттун окумуштууларынын илимий жана практикалык иштеринин жыйынтыктары республикалык жана чет элдик басылмалардан чыгарылган фундаменталдык эмгектерде, макалаларда жана докладдардын тезистеринде жалпыланышкан. Алардын ичинде 83 монография бар, алардын айрымдары: «Тянь-Шань литосферасы» (автор.жамааты), «Жогорку Азиянын неотектоникасы» (авт. И. Садыбакасов), «Тянь-Шандын геофизикалык талаалары, тереңдик түзүлүшү жана сейсмикалуулугу» (авт. Ф.Н. Юдахин), «Сейсмо-тектоникалык түзүлүштөрдүн жана инженердик-геологиялык шарттардын жер титирөөлөрдүн көрүнүү мүнөзүнө тийгизген таасири» (автор.жамааты), «Чыгыш Кыргызстандын деталдаштырылган сейсмикалык райондоштурулушу» (автор.жамааты), «Тянь-Шандын морфоструктурасы жана жаңы тектогенези» (авт. О.К. Чедия), «Тянь-Шандын жер титирөөлөрү: магнитудасы, сейсмикалык моменти жана энергетикалык классы» (авт. Э. Мамыров), «Тянь-Шандын жер кыртышы жана сырткы мантиясы геодинамика жана сейсмикалуулук менен байланышта» (автор.жамааты), «Ысык-Көл ойдуңунун сейсмикалык райондоштурулушунун геологиялык негиздери» (автор.жамааты), «Күчтүү жер титирөөлөрдүн жогорку ылдамдоо атласы жана сейсмогендүү зоналардын пик ылдамдоолорунун өчүү закондору» (автор.жамааты), «Тянь-Шандын сейсмологиясы» (авт. Корженков А.М.), «Түштүк-батыш Кыргызстандын жана ага чектеш аймактардын сейсмикалуулугу жана сейсмотектоникалык деформациялануусу» (авт. А.М. Муралиев), «Тянь-Шандын Талас-Фергана жараңкасынын геодинамикасы жана Борбордук Азиянын аймагындагы жаратылыш кырсыктары» (автор.жамааты), «Континент ичиндеги тоо түзүлүшү жана сейсмикалык коркунуч Тянь-Шандын мисалында» (К.Е. Абдрахматов) ж.б.лар.

Институт «Тоо жылы», «Туруктуу адамзат өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясы», «Кыргыз Республикасындагы 2012-2015-жж. каралган сейсмикалык коопсуздук» сыяктуу мамлекеттик программаларга катышкан жана катышып жатат.

Маанилүү илимий-техникалык көйгөй маселелер боюнча фундаменталдык изилдөөлөрдүн ири көлөмү менен катар Институт тарабынан жыл сайын КР ӨЧМинин, КР курулуш министрликтеринин, Башкы арзитектуралык башкармалык жана ар түрдүү өлкө уюмдарынын заказдары боюнча чарбалык келишимдик иштер аткарылышат. 1995-ж. тартып, Институттун кызматкерлери Сорос фонду, МНТЦ, НАТО, INTAS, COMEUP, INCO, CRDF фонддорунан жана эл аралык долбоорлордон: «Континенттер ичиндеги орогендердин геодинамикасы жана геоэкологиялык көйгөй маселелер» (Россия, АКШ, Казакстан, Кыргызстан), «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн сейсмикалык коркунучуна баа берүү» (КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык макулдашууларынын алкактарында), «Жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин төмөндөтүү» Эл аралык кырсыктардын коркунучун төмөндөтү боюнча стратегиянын жана Хиот алкактык аракеттер программасынын контекстинде.

Институттун базасында «Сейсмокоркунучтуу зоналардагы изилдөөнүн геологиялык-геофизикалык методдору» (1984-ж.) жана «Сейсмикалык жана асейсмикалык зоналардын геотермиясы» (1991-ж.) Бүткүл союздук конференциялары; ЮНДРО ПРООНдун алкактарында сейсмикалык коркунучту изилдөө боюнча эл аралык семинар (1988-ж.); Эл аралык аэрокосмостук «Тянь-Шань-Интеркосмос-88» эксперименти, Эл аралык Кемин катастрофалуу жер титирөөсүнүн 100 жылдыгына арналган «Ички континенталдык орогендердин геодинамикасынын жана геоэкологиясынын заманбап көйгөй маселелери» (2011-ж.) симпозиуму.

Топтолгон тажрыйбасы жана илимий-изилдөө иштеринин жогорку натыйжалуу жыйынтыктары Институтка өзүнүн артыктчылыктуу багыттарын төмөнкүлөргө басым кылууга шарт түзгөн:

  • Кыргыз Республикасынын аймагынын жана анын айрым жерлеринин сейсмикалык коркунучуна баа берүү (максаты – сейсмикалык райондоштуруу карталарын түзүү);
  • күчтүү жер титирөөлөрдү божомолдоо методдорунун рационалдуу комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу (максаты – КР аймагынын мүмкүн болгон сейсмикалык коркунучунун карталарын убакыттын белгилүү мезгилдерине карата түзүү жана эң сейсмокоркунучтуу райондорду жана участкаларды бөлүштүрүү);
  • шаарлардын, калктуу пункттардын жана ар түрдүү багыттагы объекттерди куруу аянтчаларынынсейсмикалык коркунучуна жана сейсмикалык тобокелдигине мүмкүндүк баа берүү; топурактарга жана курулуштарга сейсмикалык таасирлердин параметрлерин аныктоо (максаты – сейсмикалык микрорайондоштуруу, сейсмикалык тобокелдик карталарын түзүү, СМжЭлерди иштеп чыгуу);
  • жер титлөрдөн келтириле турган социалдык, экономикалык жана экологиялык зыяндарды төмөндөтүү боюна практикалык сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

Институттун маанилүү жетишкендиги – бул жогорку деңгээлдеги окумуштуулардын топтоп турган активдүү иш алып барып жаткан илимий мектептер, фундаменталдык жана коллдонмо изилдөөлөрдүн комплекттүүлүгү.

Кыргызстандын илимий сейсмологиялык мектеби Е.А. Розова тарабынан түптөлүп, алардын катарында КР УИАнын мүчө-корр. Т.М. Сабитова, ф-м.и.к. Б.И. Ильясов, т.и.к. К.Д. Джанузаков, ф-м.и.к. В.П. Грин, т.и.к. Ш.Д. Дуйшеналиев, ф-м.и.д. Т.Я. Беленович, ф-м.и.к. А.Г. Фролова, Т.А. Лопатина, З.А. Меджитова жана башка сыяктуу көптөгөн окуучулары тарабынан улантылган. Алар тараптан Кыргызстандын аймагынын сейсмикалык режимин жана Тянь-Шандын литосферасын изилдөө, каталогдорду, шаарлардын жана гидрокурулуштардын сейсмикалык райондоштуруу карталарын, өз алдынча алынган райондордун аймактык жана локалдык годографтарын, түзүү мониторинг жүргүзүүнүн сейсмологиялык түйүнүн жаратуу боюнча «пионердик» иштер аткарылышкан.

2003-ж. курал-жарак менен алынган жана макросейсмикалык маалыматтарды иштеп чыгуунун негизинде Кыргызстандын жана ага чектеш аймактардын байыркы замандардан (б.э. 250-ж.) тартып 2002-жылга чейинки күчтүү жер титирөөлөрүнүн (М ≥ 4.8) каталогун түзүү боюнча эбегейсиз иштер аякталган. Каталогдун уникалдуулугу ага жер титирөөлөр боюнча такталган (жаңыртылган) маалыматтардын киргизилгендигинде, талкалоочу сейсмоокуялардын кесепеттерин макросейсмикалык сүрөттөөлөр жана ушул жаратылыш кубулуштарынын пункттардагы баллдуулук тизмеси менен мейкиндик сандык модели келтирилгендигинде турат.

Институтта сейсмикалык райондоштуруунун геологиялык-геофизикалык негизин жана сейсмикалык коркунучуна баа берүүнү аныктоону камсыздоочу Борбордук Азиянын сейсмотектоникасынын күчтүү мектептеринин бири калыптанган. Анын башатында КР УИАнын мүчө-корр. В.И. Кнауф, КР УИАнын мүчө-корр. Ф.Н. Юдахин, г-м.и.д. О.К. Чедия, г-м.и.к. А.К. Трофимов, г-м.и.к. Е.В. Христовдор турушкан. Азыр бул илимий багытты г-м.и.д., проф. К.Е. Абдрахматов жетектейт. Колдо бар тажрыйбанын жана факт жүзүндөгү маалыматтардын негизинде ушул багыттын авторлору тарабынан биздин Республикабыз үчүн өзгөчөлүү сейсмикалуулукту жана сейсмотектониканы эске алуучу илимий-методикалык иштелмелер сунушталган, бул көп сандаган макалаларда жана «Тоолуу областтардагы деталдаштырылган сейсмикалык райондоштуруу» атайын монографиясында (1984-ж.) чагылдырылган. Тянь-Шань орогенинин жаңы жана жаңыга чейинки түзүмдөрүнүн кинематикасын жана динамикасын, жер титирөө очокторунун пайда болуу чөйрөлөрүнүн түзүмдүк-буюмдук курамын (сейсмологиялык катмарларын) изилдөөлөр күтүлүүчү жер титирөөлөрдүн пайда болуу зоналарын (КЖП зоналары) бөлүүнү илимий негиздөөгө жана сейсмикалык райондоштуруу методикасын өркүндөтүүгө шарт түзүштү. Бул мектептин окумуштууларынын көпчүлүк көңүлү алар боюнча тирүү адамдардын арасында күбөлөрү болбогон жана алар тууралуу эч кандай сүрөттөөлөр сакталып калбаган байыркы жер титирөөлөрдүн күчү, орду жана убактысы тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк бере турган изилдөөнүн палеосейсмологиялык методуна (А.М. Корженков, Т.А. Чаримов, А. Джумабаева) бурулат. Сейсмотектоникалык мектептин акыркы жетишкендиктеринин бири – Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык райондоштурулушунун масштабы 1:1000 000 болгон жаңы Картасын түзүү жана басып чыгаруу (2011-ж.), ал КР ӨКМинин кызматтары тарабынан сейсмотуруктуу долбоорлоштуруу, курулуш жана превентивдүү иш-чараларды өткөрүү практикасына киргизилген.

Акыркы жылдарда Институтта жер кыртышын жана тышкы мантиясын заманбап компьютердик программаларды колдонуу менен сейсмотомографиялык изилдөөлөр кеңири өнүктүрүлдү (Т.М. Сабитова, Н.Х. Багманова). Бул Тянь-Шандын геодинамика процесстерин түшүнүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга жана күчтүү жер титирөөлөрдүн (М ≥ 6) ылдамдыктын эң жогорку градиенттери бар зоналарга – узакка созулушкан төмөнкү кабыктык суу толкундарына туш келе тургандыгы тууралуу корутунду чыгарууга мүмкүндүк берген.

Г-м.и.д. Э.Мамыровдун жетекчилиги алдында жер титирөөлө-рдүн статистикасынын жана кабыктын жер титирөөлөрдүн очокторунун негизги параметрлеринин өз ара байланышынын теоретикалык негиздерин иштеп чыгуу боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул багыттын өкүлдөрү алгачкы жолу, жер титирөөлөрдүн статистикасы статистикалык физиканын негизги мыйзамына – Максвелл-Больцман бөлүштүрүүсүнө баш ийе тургандыгын негиздешкен, бул жер титирөөлөрдү божомолдоо методдорун иштеп чыгуу үчүн фундаменталдык негизди түзөт. Бул мектептин эмгектеринин практикалык чыгарылышы болуп Кыргызстандын аймагынын мүмкүн болгон сейсмикалык коркунучунун карталарын түзүү эсептелген, аларда эң сейсмокоркунучтуу зоналар жана райондор убакыттын ар түрдүү мезгилдеринде бөлүштүрүлүшкөн.

Ири колдонмо мааниге инженердик сейсмология жана сейсмикалык микрорайондоштуруу тармагындагы фундаменталдык изилдөөлөр ээ (А.Т. Турдукулов, Ш.Д. Дуйшеналиев, М.П. Камчыбеков). Иштердин негизги багыты – топуракка жана курулуштарга сейсмикалык таасирлердин сандык параметрлеринин тийгизген таасирин аныктоо, реалдуу чөйрөнүн геологиялык жана инженердик-геологиялык материалдарынын негизинде реалдуу чөйрөнүн сейсмикалык моделин түзүү, сейсмикалык тобокелдикке баа берүүгө өтүү менен сейсмикалык микрорайондоштуруу (СМР) карталарын түзүү методикаларын өркүндөтүү. Бул багыттын окумуштуулары тарабынан Бишкек, Ош, Нарын, Каракол, Токмок, Жалал-Абад, Талас шаарларынын жана башка калктуу пункттардын, гидротехникалык курулуштарды куруу аянттарынын (Папан, Киров, Ортотокой, Токтогул суу сактагычтарынын) аймактарынын СМР карталары түзүлгөн жана колдонууга киргизилишкен.

Институтта божомолдоочу геомагниттик жана электрметрикалык изилдөөлөр өнүктүрүлүшкөн (Э.Ш. Шакиров, В.Н. Погребной, В.В. Гребенникова), алар 12-13-энергетикалык класстардагы жер титирөөлөр даярдалып жаткан мезгилдерде магниттик талаанын жана тоо тектеринин электр өткөрүмдүүлүгүнүн аномалияларынын өзгөрүүсү жүрө тургандыгын көрсөтүшкөн. Аномалдуу магниттик талаалар (ΔТ)а жана гравитациялык талаалардын (Δg)а маалыматтары боюнча Кыргыз Тянь-Шанынын КЖП зоналарынын карталары түзүлгөн жана геофизикалык маалыматтарды комплекстүү интерпретациялоонун негизинде ири сейсмикалык сыныктардын кулоо бурчтарын жана сүңгүп кирүү тереңдиги аныкталышкан.

Продуктивдүү болуп жер титирөөлөрдү божомолдоонун геохимиялык жана гидродинамикалык методдору боюнча эмгектер эсептелишет (Э. Мамыров, Дж. Кендирбаева), алардын негизинде, жер алдындагы суулардын химиялык курамынын, температурасынын, дебитинин жана деңгээлинин вариацияларында туруктуу гармониялуу олку-солкулуктар байкала тургандыгы тууралуу корутундулар жасалган; жер титирөөлөр даярдалып жаткан мезгилдерде (байкоо жүргүзүү чекиттеринен 10-200 км радиуста) туруктуу гармоникалардын амплитудаларынын өзгөрүүсү жүрөт жана белгилер окуяга чейинки 1-60 күн мурун пайда болушат.

Институттун божомолдоо изилдөөлөрүндө олуттуу орунду сейсмологиялык материалдарга талдоо жүргүзүүгө негизделген изилдөөлөр ээлеп турушат (Б.И. Ильясов, М. Омуралиев, А.М. Муралиев). Сейсмикалык тынч кездер («тешиктер») очок зонасында сезилээрлик жер титирөөлөрдүн басымдуу көпүлүгүнүн алдында пайда болушат, алардын маалында Vp/Vs мамилелеринин критикалык маанилери байкалышат – бул параметрдин маанилеринин жогорулоосу М ≥ 4.5 менен алдыда боло турган окуянын алдын ала маалымдоочу натыйжасы болуп саналат; алсыз жер титирөөлөрдүн эпиборборлорунун жыштыгы сейсмогенерациялануучу зоналардын чектерин чагылдыра турган мейкиндик туруктуулугу тенденциясына ээ. Жер титирөөлөрдүн фокалдык механизмдерин изилдөө аракеттердин багыттарын жана очоктордогу жылышуулардын типтерин аныктоого, Кыргыз Тянь-Шанынын жер кыртышынын ыңалган абалына байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Сейсмология институтунун негизги илимий жана колдонмо иштелмелери

  • Бишкек, Ош, Токмок, Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Кара-Балта, Талас, Баткен, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Таш-Көмүр шаарларынын аймактарын комплекстүү сейсмикалык микрорайондоштуруу карталары (1975-2003-жж.).
  • Фергана, Чүй, Ысык-Көл ойдуңдарынын жана алардын тоо курчоолорунун түндүк-чыгыш бөлүгүнүн деталдаштырылыган сейсмикалык райондоштуруу карталары, масштабы 1:500 000 (1978-1994-жж.).
  • Кыргыз Республикасынын сейсмикалык райондоштуруукарталары, масштабы 1:1000 000 (1995-ж., 2011-ж.).
  • Тянь-Шанды сейсмикалык райондоштуруу картасы, масштабы 1:2500000 (Казакстандагы жана Кытайдагы кесиптештер менен биргеликте, 1998-ж.).
  • Жердин глобалдуу сейсмикалык коркунучунун карталары, масштабы 1:35 000 000 – GlobalSeismicHazardMap (1999-ж.; авторлоштукта).
  • Кыргызстандын аймагынын мүмкүн болгон сейсмикалык коркунучунун 2001-2015-жж., 2006-2010-ж.. жана 2011-2020-жж. карата карталары (масштабы 1:1000 000).
  • Бишкек ш. аймагынын жана турак-жай имараттарынын сценарийлик сейсмикалык тобокелдигине мүмкүн болгон баа берүү караталары (2005-ж.).
  • Каракол шаарынын аймагынын сейсмикалык коркунучу жана тобокелдиги (2014-ж.)
  • Токтогул суу сактагычынын районунун дүүлүккөн сейсмикалык коркунучунун картасы (2008.).
  • «Сейсмикалык райондордогу имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо» (1997-ж.).
  • КР 2.01.01-93 СЧжЭ «Бишкек ш. аймагын сейсмикалык микрорайондоштуруу жана топурак-геологиялык шарттарды эсепке алуу менен куруу».
  • КР 2.01.02-94 СЧжЭ«9 баллдан жогору сейсмикалуулуктагы Кыргыз Республикасынын райондорундагы курулуш».
  • КР 22-103 СЭ «Кыргыз Республикасынын аймагындагы сейсмикалык коркунуч деңгээлине узак мөөнөттүү баа берүү тартиби» ченемдик документи.
  • Тянь-Шандын сезилээрлик жер титирөөлөрүнүн Жылдык Каталогдору (1975-2016-жж.).
  • «SEISMICINTENSITY» маалыматтар базасы жана объекттеринин сейсмикалык силкинүүлөрүнүн интенсивдүүлүгүн ыкчам аныктоо программасы (2016-ж.)

Кыргызстан – дүйнөнүн аймактарынын сейсмикалык маанидеги эң активдүү өлкөлөрүнүн бири. Бул жакта жер титирөөлөр, анын ичинде катастрофалуулары болуп келген, болуп жатышат жана боло беришет. Ошондуктан КР УИА Сейсмология институтунун изилдөөлөрү турак-жай, өнөр-жай, ирригациялык, жол жана башка курулуштарынын объекттерин сейсмикалык жактан эң эле коопсузураак жерлерге жайгаштырууга мүмкүндүк берет жана, ошонусу менен, мүмкүн болгон адам курмандыктарын, жер титирөө учурунда бир нече жүздөгөн млн. сомго чыга турган экологиялык жана материалдык зыян тартууларды минимумга келтирүүгө мүмкүндүк түзөт.


720060, Кыргызстан, г.Бишкек, микрорайон Асанбай, 52/1
Тел/Факс: +996 (312) 52-38-26
Институттун директору: г.-м. и. д. Абдрахматов Канатбек Ермекович
тел.: +996 (312) 52-38-26
Окумуштуу катчы: г.-м. и. к. Фортуна Алла Борисовна
тел.: -996 (312) 52-38-58

www.seismo.kg


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер