Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Ж. Жеенбаев атындагы Физика институту

Кыргыз Республикасынын курамындагы физика институту илимий изилдөө мекемеси катары 1984-жылы уюшулган. Институттун курамындагы 10 лабораторияда 21 илимдин докторлору, анын ичинен 4 академик жана 2 мүчөө-корреспонденти, 28 илимдин кандидаттары эмгектенишет.

Негизги илимий – изилдөө багыттары

Институттун ишмердүүлүгү:

  • Атомдук жана молекулалык спектроскопия;
  • Конденсирленген абалдын физикасы;
  • Төмөнкү температурадагы плазма;
  • Оптика, радиофизика жана атмосферанын физикасы;
  • Нурлануунун зат менен аракеттениши;
  • Экологиялык коопсуздук багытындагы актуалдык физикалык көйгөйлөрдү чечүү менен байланышкан.

Изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча жаралган ийгиликтер жана жетишкендиктер:

  • Ядролук геофизика аймагындагы илимий ачылыш «уран-234 жана уран-238 табигый бөлүнүү кублушу» – (ачылыштын автору КР УИА сынын академиги, КР УИА Физика институтунун лаборатория башчысы П. И. Чалов) 1986-жылы катталган.

Институттун ИИШтери Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттин сыйлыктарына татыктуу болушкан.

  • Төмөнкү температурадагы плазма (1992-жыл), ядролук геофизика (1994-жыл), конденсирленген абалдын физикасы (2000-жыл), астрофизика (2002-жыл), радиофизика (2004-жыл), санариптик радиорелейлик байланыш (2004-жыл), базальт булаларынын технологиясы (2010-жыл).
  • СССрдин мамлекеттик сыйлыгы – радиофизика багытында «радиотолкундардын тоо шартында таралышы» (КРУИАсынын мүчө-корр Т.О. Орозобаков 1984-жыл).
  • Иштелип чыккан жана патенттелген ойлоп табуучулуктар – ойлоп табуучулуктар СССРдын, Кыргызстандын, Россиянын, Евразиялык союздун 100дөн ашык автордук күбөлүктөрүнө жана патенттерине татыктуу болушкан.
  • Аткарылган долбоорлор – Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен 1985-2018жж 2 млн АКШ доллар көлөмүндөгү 19 эл аралык илимий-изилдөө долбоорлору аткарылган.

Институтта – радиофизикалык коопсуздук боюнча Ысык-Көл илимий изилдөө борбору (Барскоон а.) Ысык-Көл жана Борбордук Азия региондорунун озон катмарын мониторлоо боюнча Т.О. Орозобаков атындагы Радиофизикалык обсерватория (Кара-Ой а.)

Институт басылмалары – Кыргыз Республикасынын Акыйкат министирлигинде катталган «Физика» жана «Материал таануу» илимий журналдары.

Институттун курамындагы илимий лабораториялар

ТЕОРИЯЛЫК ФИЗИКА ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Лабораторияны КР УИАнын академиги, ф.м.и.д., профессор А.Ж.Жайнаков жетектейт, курамы … кызматкерден турат, анын ичинен ф.м. илимдин доктору 7, кандидаты.

Изилдөөлөр багыты:

  • Төмөнкү температурадагы плазма, ар кандай технологиялык процесстердеги плазмалык жааларды жана тиричиликтик катуу калдыктарды плазмалык утилдөөлөрдүн технологиясын моделдөө.
  • Заманбап жана алгачкы Ааламдын ар-кандай космологиялык жана астрофизикалык моделдерин астрономиялык заманбап байкоолордун маалыматтарын жана тажрыйбалык жыйынтыктарын колдонуу менен изилдөө.

Иштелип чыккандары: Кванттык хромодинамикадагы пертурбативдик эмес кванттоо жакындаштыруусу аткарылууда. Суперсимметриялык кванттык механиканын ассоциативдик эмес жалпылоосу алынган. Изилдөөлөрдү аткарууда сунушталган теориялык моделдердин байкалуучу натыйжаларын аныктоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул жакында эле тажрыйба жүзүндө ачылган гравитациялык толкундардын алкагында өтө актуалдуу болуп эсептелет.

ЛАЗЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Лабораторияны КР УИАнын академиги, ф.м.и.д., профессор А. К. Кутанов жетектейт.

Изилдөөлөр багыты: микротүзүлүштөрдү жана дифракциялык элементтерди аморфтук кремнийге тикелей жазуу, аморфтук кремний/алюминийдин эки катмарлуу түзүлүшүнө үч өлчөмдүү лазердик жазуу, аморфтук кремнийдин нано-өлчөмдүү кабыкчаларын жогрку жыштыктагы талааны колдонуу менен магнетрондук чачуу ыкмасы аркылуу алуунун өркүндөтүлгөн технологиясы, а-Siкатмарлуу интерференциялык чыпкаларды алуу, материалдарды лазердик иштетүү.

Иштелип чыккандар: аморфтук кремнийге тикелей жазуусу менен интерференциялык литография системасы;

  • Аморфтук кремний/алюминийдин эки катмарлуу түзүлүшүнө үч өлчөмдүү лазердик жазуу;
  • Материалдарды лазердик иштетүү технологиясын иштеп чыгууга жана ойлоп табуучулука №007874 Евразиялык патент алынган.

КРИСТАЛЛОФИЗИКА ЖАНА РАДИОМЕТРИЯ ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Лабораторияны КР УИАнын мүчө-корреспонденти, ф.м.и.д., профессор М. М. Кидибаев жетектейт, курам кызматкерден турат, анын ичинен илимдин докторлору 3, кандидаттары 3.

Изилдөөлөр багыты: Иондук кристаллдардын негизинде жаңы материалдарды синтездөө жана алардын радиация-оптикалык, люминесценттик касиеттерин жаңы муундагы каттагыч заттарды алуу үчүн изилдөө,  Кыргызстандын табигый радиациялык көйгөйлүү аймактарында радиоэкологиялык мониторлоону жүргүзүү.

Иштелип чыккандар. Жегич металлдардын негизинде жаңы материалдарды синтездөө.

  • Синтезделген материалдардын ченемин өлчөгүч касиеттерин изилдөө, толук өлчөмдүү, була-оптикалык жана наноматериалдарды алуу, аларды синтездөөнүн технологиясын иштеп чыгуу.
  • Синтезделген оптикалык материалдарды экологиялык коопсуздук жана саламаттыкты сактоо жаатында колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө.
  • Лабораторияда СССРдин ойлоп табуучулук күбөлүгү, КРнын жана РФнын патенти алынган.

АТОМДУК СПЕКТРОСКОПИЯ ЖАНА ХИМИЯЛЫК ТАЛДОО ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Лабораторияны ф.м.и.д., Н.Ж. Жеенбаев жетектейт.

Изилдөөлөр багыты: атомдук жана молекулалык спектроскопия, төмөнкү температурадагы плазманы диагноздоо, эмиссиялык спектрдик талдоо, плазмалык технологияларды колдонуу.

Иштелип чыккандар: эки агымдуу ЭАП-50 жана ЭАП-50м плазматрону, тоо кендерин спектрдик талдоонун сертификацияланган ыкмасы (ГОСТ 8.010-99; КМС 8.011:2003кө ылайык аттестацияланганы жөнүндө ЦСМ МАЭПтин мамлекеттик күбөлүгү), алтынды жана башка асыл металлдарды сцинтиляциялык талдоо, спектрлерди көп каналдуу каттоочу жогорку сезгичтиктеги эмиссиялык спектрометр.

  • Ар кандай заттарды жана беттерди концентрленген энергиянын агымы (электр жаалык плазма) менен тазалоонун; плазматрондун мүнөздөмөлөрү жана түзүүчү бөлүктөрү жөнүндө маалыматтар; пдазма пайда кылуучу чөйрөлөр жана иштелүүчү электрөткөргүч материалдар боюнча маалыматтар базасы иштелип чыккан.

КУМАЙ МАТЕРИАЛДАР ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Лабораторияны ф.м.и.д., Н.К. Касмамытов жетектейт, курамы кызматкерден турат, анын ичинен илимдин доктору 1, кандитаты.

Изилдөөлөр багыты:

  • Керамикалык жана кумай материалдары, аларды алуунун технологиясы, түзүлүштөрүнүн жана касиеттеринин калыптанышынын мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөөдө
  • Кыргыз Республикасындагы кендүү жерлердин сырьесунун базасында жогорку вольттуу керамикалык фарфор материалдары боюнча 5 патент алынган.

ЖОГРКУ КАТУУЛУКТАГЫ МАТЕРИАЛДАР ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Лабораторияны ф.м.и.к., К.Х. Хайдаров жетектейт.

Изилдөөлөр багыты: Синтетикалык алмаздын моно жана поли кристаллдарынын жана аспаптарда колдонулуучу курамына алмазды камтыган композициялык материалдардын ар –кандай тышкы таасирлерден кийинки түзүлүштөрүнүн жана физика- механикалык касиеттеринин өзгөрүүсүнүн мыйзамченемдүүлүктөрүн аныктоо.

Иштелип чыккандар: Жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен алмаздын моно жана поликристаллдарын синтездөөнүн технологиясы. Өндүрүштүн ар кайсы тармактарында колдонуу үчүн Cr2C3, WC, TiC, SiC, Fe2O3, TiH2, Ti, Siкошулмалуу Co, Ne, Fe, Cuдун негизинде эффективдүү КАМИНдерди, металлдык байланыштардын кеңири гаммасын даярдоонун технологиясы. Жаратылыш таштарын жогрку ылдамдыкта кесүү үчүн, кымбат кобальт кумайын колдонбостон жасалган жаңы байланыштагы катмарлуу, трапеция түрүндөгү алмаздык аспап. Синтетикалык алмазды чыңдоонун ыкмалары.

  • ЖКМ лабораториясынын иштеп чыккандары 6 патент менен корголгон.

РАДИОФИЗИКА ЖАНА АТМОСФЕРАЛЫК ПРОЦЕССТЕР ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Лабораторияны ф.т.и.к. К.Ш. Ашымканов жетектейт.

Изилдөө багыты: Миллиметрдик толкундардын тоолу жерлерде таралышы, ортоңку атмосферанын көп катмарлуу моделин иштеп чыгуу, техногендик жана жаратылыш катастрофаларын эске алуу менен жердин жанындагы температуранын климаттык өзгөрүүлөрүн эмпирикалык моделдөөнү жүргүзүү, озондун бийиктиктин бөлүштүрүлүшүнүн өзгөрүүчүлүгүн микротолкундун радиоөлчөө ыкмалары менен изилдөө.

Иштелип чыккандар:

  • Кескин адыр-будур жерлердеги радионурлануунун жана тропосферанын жутуусунун моделдери;
  • Ортоңку атмосферанын модели;
  • Озонду сутка бою өлчөө үчүн өлчөөчү куралдын комплекси;
  • Борбордук Азия аймагында озондун бийиктиктик бөлүнүшүн башкаруунун жана өлчөөнүн программалары.

ЭНЕРГИЯ ҮНӨМДӨӨЧҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Лабораторияны ф.м.и.д. Н. К. Жаманкызов жетектейт.

Изилдөөлөр багыты: Альтернативдик негизде мини- энергиягенерациялоочу кубаттуулуктарды иштеп чыгуу жана түзүү.

Иштелип чыккандар: мини ГЭСтер, бууагымдуу генератор, магниттик генератор, АСКУЭ.

Жайылтуу 200 кВт чакан ГЭСтердин гидроагрегаттары жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата суусунун ачылмасы (Шаркыратма бөлүгү)

  • Аламүдүн районунун Лебединовка а. 20кВт кубаттуулуктагы микро-ГЭС
  • Чычкан капчыгайындагы 10 кВт кубаттуулугундагы микро-ГЭС
  • Кемин районунун Бүркүт капчыгайындагы 4кВт кубаттуулуктагы шамал генератордук установка
  • Гидроэлектр станцияларынын ири өлчөмдүү түзүлүштөрүн механикалык иштетүү үчүн атайын универсалдуу – көчмө станок.

Энергиянын жаңыланып туруучу булактарынын технологиясы менен байланышкан 3 патент алынды.

КОСМОСТУК ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Изилдөөлөр багыты: Аэрокосмостук сүрөттөлүштөрдү санариптик иштеп чыгуу жана сактоо.

Иштелип чыккандар: Лабораториянын ИИШ жыйынтыктары төмөндөгүдөй тармактарда пайдаланылат:

  1. Кыргызгидромет борбору жана ӨКМ: кыргызстандагы көчкү коркунучун алдын ала айтуунун заманбап ыкмаларын иштепчыгуучу; көчкүлөрдүн жана карлуу жерлердин аянтын эсептөө үчүн моделдерди түзүү.
  2. Мерия жана МСУ: Мейкиндиктик маалыматтардын инфра түзүлүшүнө кирүү мүмкүндүгүн камсыз үчүн шардын порталын түзүү.
  3. Айыл чарба министрлиги, геология боюнча мамкомитети жана жаратылыш мамкомитети: көп спектрдик тартуу мүмкүнчүлүгү БПЛАны айыл чарбалык алдын ала айтууга жана башка ар кандай маселелерди чечүү үчүн колдонууга мүмкүндүк берет.

БАЗАЛЬТ БУЛАСЫ ЖАНА КОМПОЗИЦИЯЛЫК МАТЕРИАЛДАР ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Изилдөөлөр багыты: Айнек – жана базальттык даярдалган армирлөөчү торду чыгаруунун технологиясын, жабдууларын жана ар-кандай колдонуудагы арматураларды иштеп чыгуу. Жергиликтүү сырье жана КРнын өндүрүшүнүн ар кандай калдыктарынын негизинде копмозициялык материалдар.

Иштеп чыккандар: Базальт пластикалык арматураларды жана армирлөөчү торду чыгаруу үчүн жабдыктардын жумушчу чиймелерин иштеп чыгарылды.

Ысыка чыдамдуу цемент – бетондордун жана жергиликтүү сырьенун негизинде атайын цементтерди өндүрүүнү өркүндөтүүжолдору иштелип чыкты.

Инд. 720071, Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш.,Чуй саябаны 265-А,
Институттун директору, д. ф. м-н. Жеенбаев Нурбек Жаныбекович тел.:+ 996 -312- 39-18-67, Е-mail: las.if-2011@mail.ru
Окумуштуу катчы: Л. К. Меренкова  тел.: +996- 312- 39-20-35, Е-mail: merenkova@inbox.ru

«Физика» илимий журналына жооптуу катчы: У. К. Мамытбеков  Е-mail: ulan-mk@bk.ru

www.ihftnaskr.gov.kg


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер