Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Ардактуу академик» наамы жөнүндө жобосу

КР УИА Президиумунун

№ 13 токтому менен

2020-жылдын 25-мартында

бекитилген

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

 УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН

«АРДАКТУУ АКАДЕМИК» НААМЫ ЖӨНҮНДӨ

ЖОБОСУ

(2023-жылдын 25-октябрындагы редакциясы, Президиумдун № 53 токтому)

 

  1. Жалпы жоболор
    • “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Ардактуу академиги” наамы КР УИАнын мүчөсү болбогон окумуштууларга:

– илимди илимий маанидеги эң маанилүү эмгектер менен байыткан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын илиминин өнүгүшүнө жана калыптанышына зор салым кошкон ата мекендик жана чет өлкөлүк көрүнүктүү окумуштууларга;

– илимий даражасы жок, бирок Кыргыз Республикасынын илиминин, маданиятынын жана экономикасынын өнүгүшүнө салмактуу салым кошкон мамлекеттик жана коомдук көрүнүктүү ишмерлерге ыйгарылат.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Ардактуу академик» ардактуу наамына талапкерлерге коюлуучу талаптар

2.1. Талапкердин эл аралык илим чөйрөсү тарабынан таанылган илимий ачылышы, илимий гипотезасы, илимий идеясы бар.

2.2. Жакынкы же алыскы чет өлкөлөрдүн академияларынын биринин «корреспондент-мүчө» академиялык наамы бар.

2.3. «Профессор» окумуштуулук наамы бар. «Профессор» наамын алган убактысы менен «Ардактуу академикке» көрсөтүлгөн убактысынын ортосундагы аралык 10 жылдан кем болбошу керек.

2.4. Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн практикалык ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүндө «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» же «… эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган.

2.5. Эл аралык илимий конференцияларга жана симпозиумдарга баяндамалар менен катышкан (5тен кем эмес).

2.6. КР УАКтын кеңештеринде жана бөлүмдөрүндө же чет өлкөлөрдө окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча эксперттик иш (8 жылдан кем эмес) кылган.

2.7. Талапкер өзү иштеп чыккан илимий багыттын алкагында борборлорду, Илимий изилдөө институттарын (ИИИ), кафедраларды, лабораторияларды, бөлүмдөр түрүндөгү жаңы түзүмдөрдү уюштурган.

2.8. Ойлоп табуу боюнча патенттин(-тердин), автордук күбөлүктүн(-төрдүн), лекциялар, тренингдер (ишмердүүлүктүн тиешелүү чөйрөлөрүндө практика жүзүндө колдонулган, 3төн кем эмес) боюнча автордук курстун(-тардын) ээси. Талапкердин илимий жана педагогикалык коомчулук тарабынан жогору бааланган илимий эмгектери бар (КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлык, же илим жаатындагы эл аралык сыйлыктар, же билим берүүдөгү же илимий жетишкендиктери үчүн башка мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган). 10дон кем эмес монографиянын, окуу китебинин жана окуу куралынын автору (авторлош), анын ичинде чет өлкөдө; 100дөн кем эмес илимий макаланын (алардын 1/3 импакт-фактору 0,1ден кем эмес журналдарда жарыяланган) автору (авторлош), анын ичинде чет өлкөдө.

2.9. «Ардактуу академик» наамына талапкердин жетекчилиги астында ЖОЖдордо, илимий-изилдөө жана башка уюмдарда 2ден кем эмес алдыңкы окумуштуунун пикири менен ырасталган белгилүү бир багыт өнүгүп жатат. 7ден кем эмес илимдин кандидатын жана 3төн кем эмес илимдин докторун даярдаган.

2.10. Талапкердин илимий мектебинин багыты боюнча 3төн кем эмес илимий форум, конференция, илимий мектеп уюштурулган жана өткөрүлгөн.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Ардактуу академик» наамын ыйгаруу тартиби

3.1. Талапкер иштеген эмгек жамаатынын демилгеси менен берилген сунуштама КР УИАнын тиешелүү багыты боюнча бөлүмдүн бюросуна киргизилет.

 3.2. Сунуштамада төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:

– Талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы;

– Эмгек стажы жөнүндө маалымат;

– Докторлук диссертацияны коргогон убактысы жана орду;

 – «Профессор» окумуштуулук наамы ыйгарылган дата;

 – Иштөө мезгили ичинде ээлеген кызмат орундары жөнүндө маалымат;

– Эмгек ишмердүүлүгү, ошондой эле акыркы иштеген жеринде сиңирген эмгеги жөнүндө кеңири мүнөздөмө;

– Сыйлыктары жана шыктандыруу сыйлыктары жөнүндө маалымат.

3.3. Бөлүмдүн бюросу жашыруун добуш берүү менен талапкердин талапкерлигин кабыл алат (көпчүлүк добуш менен) же четке кагат. Талапкер өткөн учурда негизделген сунуш сунуштамасы жана жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен КР УИАнын Президиумуна жылына эки жолудан көп эмес (апрель, октябрь) берилет.. КР УИАнын уставына ылайык, КР УИАнын Президиуму талапкерди ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча КР УИАнын жалпы чогулушуна сунуштайт.

3.4. «КР УИАнын Ардактуу академиги» наамы КР УИАнын Президиумунун жалпы чогулушунун сунушу менен, КР УИАнын добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсү жана алардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ыйгарылат.

3.5. КР УИАнын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде КР УИАнын Президентинин ардактуу наамды ыйгаруу жөнүндө буйругу чыгарылат.

3.6. Ардактуу наамды ыйгаруу жөнүндө маалымат КР УИАнын сайтына жайгаштырылат жана «КР УИАнын кабарлары» академиялык журналына жарыяланат.

3.7. «КР УИАнын Ардактуу академиги» дипломун жана күбөлүгүн КР УИА Президенти салтанаттуу кырдаалда тапшырат.

3.8. КР УИАнын чет өлкөлүк Ардактуу академиги диплом жана күбөлүк алуу үчүн КР УИАнын мейманы катары Кыргызстанга чакырылат. Ага КР УИАнын Президиумунун жыйынында илимий билдирүү жасоо укугу берилет. КР УИАнын Ардактуу академиги Кыргызстанга келе албаган учурда диплом жана күбөлүк Кыргыз Республикасынын тиешелүү өлкөдөгү элчилиги аркылуу тапшырылат.

3.9. КР УИАнын Ардактуу академиктеринин саны КР УИАнын анык мүчөлөрүнүн санынын 1/3 бөлүгүнөн ашпоого тийиш.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын

Ардактуу академиктеринин укуктары

4.1. КР УИАнын Ардактуу академиктери бардык иш-чараларга катышууга, КР УИАнын жалпы чогулушунун сессияларына катышууга жана сөз сүйлөөгө укуктуу, ошону менен бирге Ардактуу академиктер кеңеш берүүчү добуш укугуна ээ.

4.2. КР УИАнын Ардактуу академиктери Кыргызстандын илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө, КР УИАнын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган өз сунуштарын киргизүүгө укуктуу.

4.3. КР УИАнын Ардактуу академиктери илимдин ар кыл тармактарын өнүктүрүү божомолун түзүү ишине катышууга жана эксперт катары ар кандай конкурстарга чакырылышы мүмкүн.

4.4. КР УИАнын Ардактуу академиктери илимий изилдөөлөрдүн тийиштүү тармактарын өнүктүрүүгө жана окумуштуулардын эл аралык илимий кызматташтыгын кеңейтүүгө байланыштуу маселелерди КР УИАнын Президиумунун кароосуна коюуга укуктуу.

4.5. КР УИАнын Президиумунун чакыруусу менен илимий иш-чараларга келген КР УИАнын чет өлкөлүк Ардактуу академиктери Улуттук илимдер академиясынын меймандары катары кабыл алынат.

4.6. КР УИАнын институттары өздөрү тарабынан өткөрүлүүчү эл аралык конференциялар жана башка илимий иш-чаралар жөнүндө өздөрүнүн кароосу боюнча КР УИАнын Ардактуу академиктерине маалымдашат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер