Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин илимий, илимий-уюштуруучулук жана инновациялык ишмердигинин натыйжалуулугун баалоо боюнча рейтингдик система жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Улуттук илимдер академиясынын

президиуму тарабынан

28.03.2018 №26

«БЕКИТИЛГЕН».

Жаңы редакциясы: 25.10.2023-ж. №54

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин илимий, илимий-уюштуруучулук жана инновациялык ишмердигинин натыйжалуулугун баалоо боюнча рейтингдик система жөнүндө

ЖОБО

 

Жобо төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:

 

  1. Илимий-изилдөө мекемелеринин (ИИМ) ишинин натыйжалуулугунун критерийлери жана аларды балл менен эксперттик баалоо.
  2. ИИМ ишмердүүлүгүн баалоо мөөнөттөрү.
  • ИИМ рейтингин түзүү тартиби жана лидерлерге сыйлык берүү.

 

Жобо Кыргыз Республикасынын УИАнын илимий-изилдөө мекемелеринин илимий, уюштуруучулук жана инновациялык ишинин натыйжалуулугун баалоодо жетектөөчү документ болуп саналат.

 

  1. I. ИИМдин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугунун критерийлери жана аларды упай (балл) менен эксперттик баалоо.

Критерийлер ИИМдин негизги иш багыттары боюнча бөлүштүрүлдү.

 

 

Критерийдин аталышы

упайлардын

саны

I ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨлөрдүн ДЕҢГЭЭЛИ  
1.1. Басылмалар

 

 
1.1.1. Жеке монография, 5 б.т. кем эмес.

Көлөмү 5 б.т. кем эмес англис тилиндеги жеке монография

50

 

65

1.1.2. Жамааттык монография

а) бир авторго

б) негизги автор – институттун кызматкери – кошумча упай

50 упай/ авторлордун саны 15
1.1.3 КР басмаканаларында жарык көргөн монография

а) негизги автор – ИИМдин кызматкери

б) негизги автор – башка мекеменин кызматкери

 

50

25

1.1.4. КМШ мамлекеттеринин басмаканаларында жарык көргөн монография

а) бир авторго

б) негизги автор – институттун кызматкери – кошумча упай

 

60/авторлордун саны 15

1.1.5. Чет өлкөлөрдүн басмаканаларында жарык көргөн монография

Англис тилиндеги монография (кошумча)

70/ авторлордун саны

15

1.1.6. – КР УАКтын тизмесине киргизилген басылмаларда жарыяланган илимий макала (КР УАКтын Президиумунун №588 29.12.2022 токтому)

– КР УАКтын тизмесине кирбеген басылмаларда жарыяланган илимий макала

тизмеге ылайык

5

 

1.1.7. Конференциялардын, симпозиумдардын, мектеп-семинарлардын материалдары

 а) эл аралык конференциялардын, конгресстердин жана симпозиумдардын тезистери

 б) республикалык конференциялардын, мектеп-семинарлардын тезистери

 

 

5

 

3

1.1.8.  Чет өлкөлөрдөгү эл аралык конференцияда, конгрессте жана симпозиумда сүйлөгөн сөз

 а) пленардык баяндама

 б) секциялык

 в) стенддик

Кыргыз Республикасындагы Эл аралык конференцияда баяндама жасоо

 а) пленардык баяндама

 б) секциялык

 в) стенддик

 

 

15

10

5

 

 

10

5

2

1.1.9. ИИМдин жыл сайын жаңыланган электрондук басылмасы 15
1.2. Ачылыштар, патенттер, ойлоп табуулар  
1.2.1. Ачылыш сертификаттары:

 а) табигый-техникалык илимдер жаатында

 б) гуманитардык илимдер жаатында

 

150

75

1.2.2. Ойлоп табуу үчүн алынган патент:

а) алыскы чет өлкөлөрдө

б) КМШ өлкөлөрүндө

в) КРде

 

100

80

50

1.2.3. Пайдалуу моделдин патенти 30
1.2.4. Өнөр жай үлгүсүнүн патенти 20
1.2.5. ЭЭМ жана маалыматтар базалары үчүн программа 15
1.2.6. Автордук укук объектисинин патенти 15
1.2.7. Тиешелүү реестрлерге киргизилген химиялык, биологиялык ж.б. объекттердин жаңы түрүн ачуу 20
1.2.8. Карта жана карта-схема түзүү 20
1.2.9. Элдик мурастардын сейрек басылмаларын түзүү 20
1.3. Мамлекеттик жана эл аралык программаларды, долбоорлорду, концепцияларды иштеп чыгууга катышуу.

Бекитилген программаларды, долбоорлорду, концепцияларды иштеп чыгууга катышуу.

КР мыйзамдарынын, ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу.

 

20

 

20

 

25

1.3.1. Өкмөттүн, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын программаларын, документтерин экспертизалоо 20
1.4. Илимий форумдарды (конференцияларды, симпозиумдарды, мектеп-семинарларды ж. б.) уюштуруу

 а) эл аралык

 б) республикалык

 в) республикалык мектеп-семинарлар, тренингдер жана тегерек столдор

 

 

30

20

10

 

1.5. ИИМдин басма иши: журналдар же ар бир чыгарылыш үчүн эмгектердин жыйнагы 10
1.6. Илимий кадрларды даярдоо  
1.6.1.  Диссертацияларды коргоо:

– институттун кызматкери тарабынан докторлук

– башка уюмдар жана мекемелер үчүн докторлук

– институттун кызматкери тарабынан кандидаттык

– башка уюмдар жана мекемелер үчүн кандидаттык

 

50

10

30

5

1.6.2. – ИИМдин кызматкери тарабынан PhD дипломунун нострификацияланышы

– Кандидаттык диссертацияны чет өлкөдө жактоо

– Докторлук диссертацияны чет өлкөдө жактоо

 

20

20

30

1.6.3. Илимий кеңешчи, илимий жетекчи

– докторлук диссертацияга (5 жыл ичинде)

– кандидаттык диссертацияга (3 жыл ичинде)

 

15

10

1.6.4.

 

Ар бир коргоо үчүн ИИМдин алдындагы Диссертациялык кеңештин иши

Докторлук диссертацияга оппонент болуу

Кандидаттык диссертацияга оппонент болуу

Жетектөөчү уюмдун пикири

 

10

10

5

5

1.6.5. ИИМдин кызматкерлеринин илимий-билим берүү стажировкасы

– чет өлкөлөрдө

– республиканын ичинде

 

 

10

5

1.6.6. Тышкы уюмдар үчүн стажировка

– чет өлкөлүк

– республикалык

 

5

3

1.6.7. Окумуштуулук наам алуу:

– профессор

– улук илимий кызматкер, доцент

– квалификацияны жогорулатуу (сертификат менен тастыкталган болушу керек)

 

15

10

5

II. ИННОВАЦИЯЛЫК ЖАНА БЮДЖЕТТЕН ТЫШКАРКЫ ИШМЕРДҮҮЛҮК

 

5

2.1. Илимий-техникалык иштеп чыгууну киргизүү (тиешелүү документтер менен тастыкталган болушу керек):

– эл аралык маанидеги

– мамлекеттик маанидеги

– тармактык же региондук маанидеги

– жергиликтүү маанидегиРРР

 

 

50

40

30

20

2.2.

 

 

Жаңы билимдерди жана технологияларды окуу процессине өткөрүү (трансфер)

Окуу китептерин, окуу куралдарын, методикалык көрсөтмөлөрдү же колдонмолорду иштеп чыгуу:

 а) КР ББжИМ грифи менен КР мектептери жана ЖОЖдору үчүн окуу китеби

 б) КР ББжИМ грифи менен окуу куралы

 в) окуу-методикалык колдонмо

 г) студенттерге, окуучуларга жана чоңдорго экскурсия

 д) тренингдерди өткөрүү жана олимпиадаларга даярдоо

 ж) магистранттар жана бакалаврлар үчүн окуу-талаа, окуу-өндүрүштүк жана илимий-изилдөө практикаларын өткөрүү

 

 

 

30

20

 

15

10

3

10

10

2.3. Технологияларды өндүрүшкө өткөрүү (трансфер)

а) өнөр жай, айыл чарба, токой чарбасы жана экономиканын башка тармактарынын кызматкерлери үчүн тренингдерди, квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү

 

 

15

2.4. Ведомстволук конкурстук комиссиялардын ишине кызматкерлердин катышуусу. Гранттар жана келишимдер.  
2.4.1. Чет өлкөлүк илимий фонддун гранты, чет өлкөлүк ишканалар жана уюмдар менен келишим, чарба келишимин түзүү

10000 долларга чейин

10000 доллардан жогору

 

 

100

150

2.4.2. КРнын илимий фондунун же уюмунун гранты (100000 сом) 100
2.4.3. Ишканалар жана уюмдар менен келишимдер, чарбалык келишимдер, ИИМге гранттык жана демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү (50000 сом)

100

 

2.4.4. Илимий, илимий-техникалык продукцияларды сатуу жана ИИМ үчүн кошумча киреше булагын тартуу боюнча ишмердүүлүктүн түрлөрүн жүргүзүү:

Чейин – 100000 сом

Чейин – 1000000 сом

Чейин – 3000000 сом

Жогору – 3000000 сом

 

 

 

100

150

200

250

III. ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР  
3.1. Илимий-билим берүү же илимий-өндүрүштүк түзүмдүн биргелешкен ишканасын түзүү (кафедра, факультет, лаборатория, борбор ж. б. же алардын филиалдары) 15
3.2. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында (газеталарда, ТВда, радиодо) жайылтуу

 – Кыргызстан

 – КМШ өлкөлөрү

 – Чет өлкөлөр

 

 

5

8

10

3.3. Илимий жана уюштуруу иш-чараларын социалдык тармактарда чагылдыруу (ар бир иш-чара) 1
3.4. Илимий жана уюштуруу иш-чараларын ИИМдин сайтында чагылдыруу 5
3.5. КР ИИМдери, ЖОЖдору жана ишканалары менен келишимдерге кол коюу (кол коюлган жылга)

5

 

3.6. Эл аралык илимий байланыштар:

– жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ИИМдери, ЖОЖдору жана ишканалары менен келишимдерге кол коюу (кол коюлган жылга)

–          жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ИИМдери, ЖОЖдору, ишканалары жана уюмдары менен келишим түтзүлгөн документтер боюнча эл аралык кызматташтык

 

 

 

10

 

5

3.7. Эксперттик кеңештерде, эксперттик жана аттестациялык комиссияларда иштөө:

–          Төрага

–          Төраганын орун басары

–          Окумуштуу катчы

–          УАКтын Президиумунун, кеңештин/комиссиянын мүчөсү

Ар бир катышуу үчүн

 

9

7

5

3

IV Илимий эмгектердин бааланышы (сыйлык алган жылына)

 а) техникалык илимдер тармагында мамлекеттик же эл аралык материалдык сыйлык

 б) мамлекеттик сыйлык:

 – орден

 – медаль, ардактуу наам

 – грамота

 в) Ведомстволук сыйлык, материалдык сыйлык:

 – эл аралык маанидеги сыйлык же материалдык сыйлык

 – республикалык маанидеги сыйлык же материалдык сыйлык

 – КР УИАнын эмгек сиңирген кызматкери

 – КР УИАнын Ардак грамотасы

 – КР УИАнын грамотасы

 

 

30

 

 

20

15

10

 

15

10

10

5

3

 

 

Ар кандай экскурсияларды, пресс-интервьюларды жана илимге түздөн-түз тиешеси жок башка иш-чараларды өткөрүү үчүн эсептелген упайлар Институттун упайларынын жалпы санынын 5% нан ашыгын түзбөшү керек. Мисалы, институт жалпысынан 600 упай топтосо, экскурсиялар үчүн 30дан жогору упай жазууга болбойт.

 

  1. II. ИИМдин ишмердүүлүгүн баалоо мөөнөттөрү

ИИМдин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын баалоо жылына бир жолу – отчеттук жылдан кийинки жылдын январь айында жүргүзүлөт (ИИМ түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн баалоо үчүн сунушталган системаны колдоно алат же ИИМдин өзгөчөлүгүнө жараша Баалоонун өздүк системасын түзө алат. Жыйынтыктарды чыгаруу үчүн ИИМдин директорунун буйругу менен комиссия түзүлөт, ал комиссия сунушталган критерийлерге ылайык ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин жыйынтыгын чыгарат).

Илимий-изилдөө мекемеси Бөлүмгө ишмердүүлүктүн төрт багытынын ар бири боюнча жыйынтыктоочу маалыматтарды, баалоо критерийлери боюнча жыйынтыктоочу маалыматты жана илимий кызматкерлердин санын берет.

 

III. Институттардын рейтингин түзүү тартиби жана лидерлерди сыйлоо

Бөлүмдүн бюросу берилген материалдар боюнча жыйынтыктарды эсептейт (упайлардын суммасы илимий кызматкерлердин санына бөлүнөт) жана мекемелердин (институттардын) рейтингин жалпысынан жана алардын ишмердүүлүгүнүн төрт багытынын ар бири боюнча аныктайт. Чечим добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Эгерде Бөлүмдүн бюросунун мүчөлөрүнүн добуштары бирдей бөлүнсө, анда Бюронун төрагасынын добушу чечүүчү мааниге ээ болот. Бөлүмдүн институттарынын (ИИМдин) ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары бардык институттарга маалымдалат.

Бөлүмдүн бюросунун чечиминин негизинде биринчи орунду ээлеген жамаатты сыйлоо жөнүндө Бюронун токтому кабыл алынат.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер